Негизгиге Ашкана Тамагыңыздын даамын бузган ашканадагы жаңылыштыктар

Тамагыңыздын даамын бузган ашканадагы жаңылыштыктар

489

Рецепт боюнча так жасаган тамагыбыз да баары бир идеалдуу тамакка окшобой калат. Анын жообу ашканада кетирген айрым каталарда экен.

Көмөч казандын ичин өтө толтуруу
Эгер кабырганын этин кырсылдак кылып кууруп жегиңиз келсе, көмөч казанга кабыргалар бири-бирине тийишпегендей кылып салууңуз шарт.

Антипригардык жабуусу бар көмөч казанга бышыруу
Антипригардык жабуусу бар көмөч казанга этти кырсылдатып кууруй албайсыз. Анткени бул идиш башка көмөч казандардан алсыз болот. Ага омлет, блинчик, оладьи гана бышырыңыз. Этти чоюн көмөч казанга кууруса даамдуу болот.

Макаронго тузду аз салуу
Макарон бышыруудагы алтын кеңештердин бири — тузду кенен кошуу. Тузун аз кошуп алсаңыз, жыйынтыгында соус куйса да оңолбогон даамсыз тамакка ээ болосуз. Тузду туура салууну такыр эле билбесеңиз, 300 грамм азыкка 1 аш кашык туз салсаңыз туура болот.

Зайтун майына тамак бышыруу
Зайтун майына тамак жасаганда ал өзүнүн баалуу касиеттерин жоготуп коёт жана күйүп кетет. Кыскасы, тамагыңыздын даамын бузат. Андыктан аны салатка гана кошуп, тамак бышыруу үчүн өсүмдүк майын колдонуңуз.

Азыктарды стакан менен ченөө
Көпчүлүк суюк, кургак азыктардын баарын стакан менен ченеп колдонушат да, жыйынтыгында тамак биз каалагандай болбой калат. Ошондуктан атайын азыктарды ченеген идиш алып алсаңыз, баары сиз күткөндөй болот.

Көмөч казанды жакшы ысытпоо
Тажрыйбалуу ашпозчулар «көмөч казан жетишерлик ысыды деп эсептегенден кийин дагы 2 мүнөт күт» деп айтышкан. Жакшы ысыган көмөч казанга эт, жашылчаларды кууруса кырсылдап бышат.

Сарымсакты өтө кууруу
Тамактардын рецепттеринин көбүндө «сарымсак аягында кошулат» деген жөн жерден эмес. Тамакка сарымсакты бышарда кошуп, кайра 2-3 мүнөттө эле алган туура. Башка азыктарга караганда сарымсакта суу алда канча аз, бат куурулат.

Этти эритпей колдонуу
Муздаткычтан алынган этти бөлмө температурасында эритип, анан колдонуңуз. Болбосо бышкандан кийин эттин ичи чийки бойдон калып калат.

Эт бышкандан кийин тыныктырбоо
Этти кууруп бышыргандан кийин чыгарардын алдында 5 мүнөттөй тыныктырып койгонуңуз туура. Ошондо анын ширеси текши тарап, даамына чыга түшөт.

Бардык азыктарды муздаткычта кармоо
Бардык эле азыктар муздак жерде жакшы турат деп ойлойбуз. Бирок помидор, пияз, сарымсак, картошка, киви, манго, кабакча жана баклажан жылуу жерде жакшы сакталат. Ошондуктан ал азыктарды мөөнөтүнөн эрте бузуп албайын десеңиз, муздаткычтан алып салыңыз.

Жумуртка бышыруу
Жумуртканы бышырганда сарысы көгүш болуп, белогунун даамы резинага окшоп калат. Бул үчүн жумуртканы күнөөлөбөңүз. Жумуртканын өңү туура түстө болсун десеңиз, жумуртка бышканда аны мештен алып, капкак жаап, ысык сууда дагы 10 мүнөт кармап туруңуз. Соңунда өңү эле жакшы болбостон, белогу менен сарысы бузулбай сакталат.

СоӊкуАкыркы жолу мончого качан баргансыз? Мончонун пайдасы жана зыяны
КийинкиЖылына 185 млн доллар тапкан айым. Forbes журналынын рейтинги