Негизгиге Ааламда Жылына 185 млн доллар тапкан айым. Forbes журналынын рейтинги

Жылына 185 млн доллар тапкан айым. Forbes журналынын рейтинги

260

29 жаштагы поп ырчы бул сумманы 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын июнь айына чейин тапкан.

Америкалык поп ырчы Тейлор Свифт Reputation альбомун колдоо үчүн 2018-жылы стадиондук турне өткөрүп, АКШ тарыхында эң кирешелүү (266,1 млн доллар) болду деп аталган. Ошол жылы ырчы жаш кезинен бери иштешип келген Big Machine Records лейблин таштап, Universal компаниясына тиешелүү Republic Records лейблине өткөн.

Рейтингдеги экинчи орунду 21 жаштагы америкалык модель Кайли Дженнер алган. Ал бир жыл ичинде 170 млн доллар киреше тапкан. Үчилтикти 150 млн доллары менен рэпер Канье Уэст жапты.

СоӊкуТамагыңыздын даамын бузган ашканадагы жаңылыштыктар
КийинкиАзиаттардын кыжырын кайнаткан Рианнанын сүрөтү талкууга алынууда