Негизгиге Пайдалуу кеңеш Акыркы жолу мончого качан баргансыз? Мончонун пайдасы жана зыяны

Акыркы жолу мончого качан баргансыз? Мончонун пайдасы жана зыяны

920

Айымдардын ар кандай даталарды белгилөө жана бири-бирин сыйлоо максатында мончого чакырышуу салтанаты бар. Эс алуу күндөрү да биринчи эсибизге урунуп, эң эле эңсегенибиз – мончо. Эми андагы эс алууну жакшыртуу жана пайдасын арттыруу максатында бул макала менен таанышып алсаңыз ашыкча болбойт.

▶️Организмге тийгизген таасирлери:

* Мончого түшүү учурунда теринин тешикчелери аркылуу белгилүү бир сандагы кычкылтек организмге кирет. Андагы жогорку температуранын таасиринен теринин тешикчелери ачылып, тер менен кошо организмдеги шлактар сыртка чыгат. Ошондуктан мончодон соң адам болуп көрбөгөндөй жеңилдеп калат.
* Ревматизм, радикулит, остеохондроз, бел, муун ооруларын жылуулук дарылайт.
* Адамдын тери клеткаларынын 20 пайызы күнүнө өлүп, ордуна жаңылары пайда болот. Ошол өлгөн клеткаларды алып салуу зарыл. Мончодо бууланган денеден өлгөн клеткалар чыгып, тери жумшак, серпилгич, жаш болуп калат. Эгерде денеге бал сүйкөсө, андан да пайдалуу.
* Мончодогу жогорку температура кан айланууну тездетет. Организмде зат алмашуу жакшырат, май клеткалары азайып, целлюлит жоголуп арыктоого өбөлгө түзүлөт.
* Ысык температурада кан тамырлар кеңейип, ал кадимки температурада тарыйт. Буулануучу бөлмөдөгү 80 градус менен жуунуучу бөлмөдөгү 20 градуста иммунитет көтөрүлөт.
* Мончо маанайды көтөрүп, чарчоону жазат. Андагы жылуулукту организмдин ар бир клеткасы аркылуу сезебиз.

▶️Эсиңизде болушу шарт:

☑️Мончодон буу бөлмөсүнө киргенде башыңызга сөзсүз бир нерсе кийиңиз. Болбоду дегенде сүлгүңүз менен ороп алышыңыз керек.
☑️Буу бөлмөсүнө кирип-чыккан убактарда ит мурундун маңызын, чөп чайлардан же болбосо газдалбаган суусундуктардан ичип турушуңуз абзел. Суюктукту канчалык көп ичсеңиз, ошончолук тер көп бөлүнүп, аны менен ашыкча туздар, шлактар сыртка чыгат.
☑️Бууда көп отура бербеңиз. Буу бөлмөсүндө узак убакытка отура бергенге караганда бир нече жолу кирип бууланган пайдалуу.
☑️Жумасына бир жолу мончого баруу кажет. Мончодон кара чай, кофе ичүүгө болбойт. Булардын курамында кофеин, таниндер бар. Анткени мончодо организм ал заттардан жаңыдан гана тазаланып жаткан болот.
☑️Мончодо косметикалык процедураларды колдонуу өтө пайдалуу. Себеби маска менен крем бул учурларда териге жакшы сиңип, өз таасирин тийгизет.
☑️Кош бойлуу кезде мончого барбаңыз.
Кош бойлуу кезде мончого барсаңыз, сөзсүз түрдө кан басымыңыз көтөрүлөт же түшүп кетет. Андай учурда ичиңиздеги түйүлдүккө зыян келет.
Түйүлдүктүн кан айлануусу толук бойдон эненин кан айлануусунан көз каранды. Көбүнчө кош бойлуу болгон алгачкы үч айда мончого баруу кооптуу. Андыктан өзүңүздүн жана жарыкка келе турган наристеңиздин коопсуздугун ойлосоңуз, кош бойлуу кезде мончого барбаңыз.

▶️Мончодон кимдер сак болушу керек?

☑️Бөйрөк, боор, жүрөк ооруларынан жабыр тарткандар, тез-тез мурду канагандар, астмадан жабыркагандар, ачка жана өтө тоюп алгандар мончого түшүүдөн сак болушу керек.

▶️Мончо шыпыргысынын ролу

Мончону шыпыргысыз элестетүү кыйын. Шыпыргы менен чабынуу булчуңдардын, теринин кан айлануусун тездетет, организмдин зат алмашуу процессин жакшыртат, тердин жакшы бөлүнүп чыгышын шарттайт жана тери тешикчелеринин жакшы ачылышына жардам берет. Шыпыргынын жалбырактарынын курамында бактерияларга каршы касиети, фитонцид заты жана зат алмашуу процессин жакшыртып, карылыктын алдын алуучу эфир майы бар.
☑️Ак кайың шыпыргысы — кайыңдын жалбырагынан топтолгон мончо шыпыргысы менен чабынууда ал булчуңдарды чыңайт. Бронхит, астма, өпкө, муун оорулары үчүн пайдалуу болуп, өз таасирин тийгизет. Ошондой эле чарчоону жазып, маанайды көтөрүүгө өз салымын кошот. Кайың жалбырагынын курамында эфир майы, С, А витаминдери бар.
☑️Эмен шыпыргысы — бул дарактын жалбырагынан жасалган мончо шыпыргысы, теридеги ашыкча майларга каршы иш алып барат. Жагымдуу жыттуу эмен шыпыргысы тери ооруларына жана артериалдык кан басымы бар адамдарга көмөкчү болот. Нервти тычтандырып, колоңсо, шыбоо сыяктуу жагымсыз жыттардан арылтат.
☑️Чалкан шыпыргысы — радикулит, ревматизм жана көптөгөн муун ооруларынын дабасы. Нерв клеткаларын калыбына келтирип, адамдын эс тутумуна өз пайдасын берет. Өзгөчө сөөктүн жарака кеткен жана сынган жерлерине, операциядан кийинки дененин тигилген издерине өз жардамын берип, жагымдуу массаж болот.

▶️Мончо ичиндеги атайын кызматтар

☑️Мончо ваннасы
Мончодогу ваннага түшүү айрымдардын салты болуп калган. Бул жөн ванна эмес. Буу бөлмөсүнөн чыккандан кийин организмге пайдалуу ар кандай чөптөрдүн кошулмасы кошулган ваннага жатуу же олтуруу өтө пайдалуу. Ал иммунитетти көтөрүп, терини чыңдап, мээни эс алдырат. Бирок ар бир организм ар кандай өзүнө жаккан чөптүн кошулмасын гана кабыл алат. Бул ванналар жыпар жыттуу ванна, жашартуучу ванна, йодобромдуу (мээни сергитүүчү) ванна, арыктоо үчүн француз ванналары болуп 4-5 түргө бөлүнөт.
☑️Кедр челеги (Кедровая бочка)
Айымдар тулку-бою келбеттүү болушу үчүн мончолордон кедр челегине түшүүгө ашыгышат. Арыктоо үчүн ичүүчү дары-дармектерге караганда бул ыкма алда канча эффективдүү. Өтө чоң эмес, бир кишилик дарактан жасалган сауна. Жыгач челектин ичине термокабель орнотулган, ден соолукка пайдалуу ар кандай чөптөрдүн кайнатмасынан белгилүү өлчөмдө буу берилип, бир температураны сактап турат. Душка жуунган соң бул процедурага өтөсүз. Ичинде ылайыкталган олтургучу бар. Кедр челегине түшүүнүн убактысы — 15 мүнөттөн 50 мүнөткө чейин. Бир жумада бир же эки жолу да түшсө болот. Бул убакытта сиз 600 граммдан бир килограммга чейинки салмагыңызды тер менен кууп чыгасыз.
☑️Душ (контрастный душ)
Буу бөлмөсүнөн чыккандан кийин муздак суу куюнууну көпчүлүк каалабайт. Бирок бул ден соолукту чыңдап, келбетти бир калыпта кармоого зор салымын кошот. Акырындык менен көнүп, адатка айландырып алсаңыз, сиз үчүн пайдалуу процедура. Бул ыкма адамга энергия берип, сергектикти тартуулайт.
☑️Бассейн
Ошондой эле буу бөлмөсүнөн чыккандан кийин бассейнге секирүү мырзаларга эле эмес, айымдарга да өтө пайдалуу. Бул ыкма менен айымдар өз тулкусуна кам көрө алышат. Муздак суу денени чыйралтып, жыйрылтат. Ошондой эле сууда сүзүү омуртка ооруларына да пайдасын тийгизип, ашыкча салмактан арылтууга көмөктөшөт.

СоӊкуӨкүл ата — өз ата
КийинкиТамагыңыздын даамын бузган ашканадагы жаңылыштыктар