Биологиялык активдүү кошулмалар, анын ичинде Омега-3 майлуу кислотасы акыркы учурларда популярдуу боло баштады. Аны ар кандай көйгөйлөр менен кайрылгандарга врачтар менен косметологдор жазып бергенди жакшы көрүшсө, өндүрүүчүлөр кремдердин курамына кошо башташты. Чын эле Омега-3 ушунчалык пайдалуубу, карап көрөлү.
Омега-3 деген эмне?
Омега-3 – майлуу кислоталардын жалпы аталышы. Бул негизинен балыктын майынан алынат. Андан тышкары айрым азыктардын курамында бар. Башка майлардан айырмаланып Омега-3 абдан пайдалуу. Бирок ал адамдын организминде өз алдынча синтезделбейт. Андыктан аны бир гана жеген тамагыбыз аркылуу же даяр түрүндө кабыл алышыбыз керек. Балыктын майы организмге түшкөндөн кийин майга айланбайт, тескерисинче жаңы клеткалардын түзүлүшүнө катышат.
Омега-3 менен балык майынын кандай айырмасы бар?
Балалыгы Советтер Союзу учуруна туш келген адамдар “Балык майы” деген дармекти жакшы билишет. Анткени кичинекей бөтөлкөгө куюлган мындай май кеңири эле. Көптөргө жага бербеген жыты бар, өтө эле майлуу ошол эле дармекти азыр сыртынан капсула менен каптап заманбап кылып иштеп чыгышкан. Бөтөлкөдөгү балыктын майын азыр деле табууга болот, бирок Омега-3 ичкенге бир топ эле ыңгайлуу.
100 граммында
Балыктын майы
Зыгырдын даны
Треска балыгынын боору
Рапс майы
Зайтун майы
Кара куурайдын даны
Жаңгак
Скумбрия балыгы
Буурчак
Форель балыгы
Сельдь балыгы
Тунец балыгы
Омега-3 айымдардын сырткы сулуулугуна кандай таасир этет?
Териге. Омега-3 майлуу кислотасы теринин кан тамырларын жана каппилярларын жакшырткандыктан, анда алмашуу процесси жакшы жүрөт. Анын натыйжасында бет териси нымдашып, нурданып турат. Ошондой эле ал бырыштар менен күрөшүп, карылыктын маалынан эрте келишинин алдын алат. Аллергиянын өөрчүшүн токтотуп, беттеги ар кандай кычышуу, кызаруу, кургоо, түлөөлөрдөн арылтат.
Чачка. Организмге Омега-3 менен В витамини жетишпегенде чач түшөт. Омега-3 чачтын тамырларын азыктандырып, бекемдейт. Чачтын түшүүсүндө гана эмес, тез өстүрүү үчүн да колдонсоңуз болот. Омега-3тү ичип, балыктын суюк түрүндөгү майынан маска жасасаңыз, чачыңыз бекем, коюу, узун болуп жалтырап калат.
Тырмакка. Эгерде шеллакты көп жасатуудан улам тырмагыңыз жукарып, сырма болуп калса, анда сизге балыктын майы жардамга келет. Ал тырмакты болуп көрбөгөндөй бекемдейт. Мындай учурда омега-3тү ичкенден тышкары майын тырмактарыңызга сүртүп, 1-2 сааттан кийин деңиз тузу кошулган жылуу суу менен чайкап койсоңуз болот.
Арыктоого. Омега-3 же балыктын майы арыктоого да жардам берет. Кантип? Ал ачкалыкты сездирбегендиктен, бизди көп тамак жеп алуудан сактайт. Экинчиден, зат алмашууну тездетип, организмге майдын чогулушун азайтат.
Омега-3 ден соолукка кандай таасир этет?
Жүрөк жана кан тамырларга. Омега-3 кан тамырлардын дубалчаларын “жаман” холестериндерден тазалайт жана жүрөктүн ар кандай ооруларынын, инсульттун, инфаркттын алдын алат.
Иммунитетке. Балыктын майында А жана Д витаминдери бар. Мына ушулардын эсебинен Омега-3 иммунитетти мыкты бекемдейт. Андыктан сасык тумоо оорусу күч алып турган учурда, организм авитаминозга кабылганда балыктын майын кабыл алуу сунушталат.
Муундарга. Муундардагы көйгөй дээрлик ар бир бешинчи адамда байкалат. Омега-3 муундардагы оорудан арылтат.
Онкологиялык ооруларга. Омега-3 кислотасы жоон жана түз ичегинин рак оорусунун алдын алууда натыйжалуу. Ошондой эле белгилүү бир убакта балык майын үзбөй колдонуп турган айымдарда климакс учурунда сүт безинин рагына кабылуу коркунучу 35 пайызга төмөндөйт.
Мээге. Адамдын мээси 60 пайыз майдан турат, бул майлардын үчтөн бир бөлүгү – майлуу кислоталар. Мээнин жана көздүн калыптагыдай иштеши үчүн Омега-3 абдан зарыл. Ал мээни бардык куракта жакшы иштетет. Балык майынын мээге жетишсиздиги эс тутумду жана көңүл коюуну начарлатып, Альцгеймер оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат. Мындан тышкары Омега-3 майлуу кислотасы “бакыттын гормону” болгон серотониндин бөлүнүп чыгуу ишине катышып, депрессиянын алдын алат.
Айназик Раимкулова