Кызылча менен сабиз – жаз алдында витамини жүз пайыз сакталган жашылчалар. Калган жашылча-жемиштердин пайдалуулугу бул мезгилде азая баштайт. А жаңылары али чыга элек. Андыктан витаминдүү азыктанууну кааласаңыз, кызылчаны көбүрөөк пайдаланыңыз.
Витаминдүү салат
Кандай азыктар керек?
Кызылча: 1 даана
Сабиз: 1 даана
Жашыл алма: 1 даана
Зайтун майы: 3 чоң кашык
Лимон ширеси: 1 чоң кашык
Туз
Көк чөп
Күнжүт
Кантип жасалат?
Кызылчанын, сабиздин жана алманын кабыгын аарчып, кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз.
Баарын кошуп зайтун майы менен аралаштырып, лимон ширесинен чачыратып коёсуз. Даамын көрүп, керек болсо туз кошосуз.
Салатты муздаткычка 2 саатка коюп коюу керек.
Дасторконго коёр алдында тууралган көк чөп менен күнжүттөн аралаштырып коёсуз.
Жеңил тамак
Кандай азыктар керек?
Кызылча: 2 даана
Брынза: 100 г
Кооздоо үчүн көк чөп
Кантип жасалат?
Кызылчаны кайнатып, муздаган соң калыңдыгын 2 мм кылып туурайсыз.
Брынзанын калыңдыгын 1 мм кылып туурайсыз.
Кызылча менен брынзаны биринин үстүнө бирин коюп, жука бычак менен өзүңүз каалаган формага келтирип кесип коёсуз.
Майонез кошулган салат
Кандай азыктар керек?
Кызылча: 2-3 даана
Сарымсак: 1-2 тишче
Майонез: 80 г
Туз, мурч: татымына жараша
Кантип жасалат?
Кызылчаны кайнатып же духовкага салып бышырасыз.
Муздаган соң кабыгын аарчып, кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз.
Майонезге майдаланган сарымсакты кошуп аралаштырасыз.
Соусту кызылчага кошуп аралаштырып коёсуз. Даамын татып көрүп, зарылчылыкка жараша туз, мурч кошуп койсоңуз болот.
“Роза гүл” салаты
Кандай азыктар керек?
Тооктун төш эти: 1 даана
Кызылча: 1 даана
Сабиз: 1 даана
Кара өрүк кагы: 40 г
Жумуртка: 1 даана
Катуу сыр: 80 г
Майонез: 100 г
Туз
Кантип жасалат?
Тооктун этин туз кошулган сууга салып 25 мүнөт кайнатасыз.
Башка идиштерге кызылчаны, сабизди, жумуртканы да бышырып алып, муздаган соң кабыктарын аарчыйсыз.
Тооктун эти муздаган соң майдалап туурайсыз да, тарелкага жайып саласыз.
Үстүнө тегиз кылып майонезди саласыз.
Кара өрүктүн кагын кайнак сууга бир аз жибитип алып, андан кийин майда туурап аны да кошосуз.
Сабизди кыргычтын ирик тишинен өткөрүп, аны кийинки кабат кылып саласыз. Анын үстүн да майонез менен жабасыз.
Андан кийин майда тууралган сырды саласыз.
Жумуртканын агы менен сарысын өз-өзүнчө майда туурап, алгач агын, андан кийин сарысын себелейсиз.
Кызылчаны жука тегерек кылып туурап, ал тегеректерди кайра ортосунан экиге бөлөсүз.
Кызылчанын кесимдерин роза гүлүнүн жалбырактары сыяктуу кылып салатка айланта сайып чыгасыз.
Салатты муздаткычка 1 саат коюп, андан кийин дасторконго коё берсеңиз болот.
Рулет
Кандай азыктар керек?
Кызылча: 3-4 даана
Картошка: 2-3 даана
Сабиз: 2 даана
Пияз: 1 баш
Жумуртка: 2 даана
Сельд балыгы: 1 даана
Майонез: 150 г
Желатин: 5 г
Туз
Кантип жасалат?
Кызылчаны, картошканы, сабизди, жумурткаларды бышырып аласыз.
Сельдь балыгын сөөктөрүнөн тазалап, узун-узун ичке кылып туурайсыз.
Пиязды майда чарчы кылып туурап, ачуусу чыгыш үчүн кайнак сууга бир нече мүнөткө чылап коёсуз.
Желатинди да 50 мл сууга салып, нускамасында көрсөтүлгөн убакытка чейин тыныктырасыз.
Даяр болгон желатинди майонезге кошуп аралаштырасыз.
Кызылчаны кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз. Эгерде бул учурда кызылча көп шире бөлүп чыгарса, аны төгүп салганыңыз жакшы.
Майонездин төрттөн бир бөлүгүн кызылчага кошуп аралаштырасыз.
Тамак-аш плёнкасын эки кабат кылып тактанын үстүнө жайып, жылып кетпегидей кылып чекелерин кыпчып бекитесиз. Анын үстүнө кызылчаны жука, тегиз кылып жаясыз.
Картошканы да кыргычтын майда тишинен өткөрүп, майонездин бир бөлүгүн аралаштырып, аны кызылчанын үстүнө жаясыз.
Эми ушундай эле тартипте сабизди саласыз.
Анан жумуртканы.
Андан кийин селёдканы салып, бетине пиязды себелейсиз да, плёнка менен кошо рулет кылып оройсуз. Анан түнү менен муздаткычка салып коёсуз.
Эртеси плёнканы акырындык менен сууруп алып саласыз.
Рулетти болсо көк чөптөр менен кооздоп, кесимдерге бөлүп дасторконго коё бересиз.