Аялзатынын табияты ушул, кенедей кезинен бактылуу турмуш курууну кыялданып, куурчак таптап болочоктогу балдарын элестетип, ѳмүрлѳш болчу адамды кѳрбѳй эле сүйүп, сыйлап алууга ашыгат. Табияттын дагы бир мыйзамына ылайык, эңсеп күткѳн бул бактылуу жашоосун жалгыз куруусу мүмкүн эмес. Сѳзсүз бир адамдын колун кармап, ал адамдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп бакытты курат. Эх, эгер ошол эңсегенине жетип, кыялындагыны курган болсо жакшы. Тилекке каршы, кѳпчүлүк аялдардын ѳмүрлүк жолдошу ага толук кандуу бакыт тартуулай албай, бактысыздыкка жетелейт. Тѳмѳндѳгү баян алардын бирѳѳсү гана.
— Мектептеги жумушумду эч бир жакыным жактырчу эмес. Айлыгы аз, жолу ыраак, түйшүгү кѳп. Антсе да мен чын дилим менен иштечү элем. 2010-жылдары бир жигитти жактырып, жарым жылдай мамиле куруп эле турмушка чыгып кеттим. Жолдошум да мен сыяктуу мугалим экен. Бирок маянасына карап кесиби менен иштеп кѳрбѳптүр. Жашоо баштаган соң үйдүн улуу баласы катары ѳз алдынча кеттик. Шаарга келип батирге жайгашып, ишке камынып калдык. Жолдошум мени жумушка жибергиси келбегени ачык байкалып жатты. Мунусун кызганыч деп кабыл алып жаткам. Бирок анын ою такыр башка экен, кесибимден кирешенин кѳп болбосуна токтолуп, ѳзү иштеген тигүү цехине кирип иштѳѳмдү сунуштады. Ал жактан жакшы маяна үзгүлтүксүз болоруна абдан ынандырды.
Мүнѳзүм ушул экен, кыйылып турсам да жолдошумдун тандоосуна баш ийип мектептеги ишимди таштадым. Тиккенди үйрѳнүп, жаңы кесиптештериме кѳнгүчѳ кыйын эле болду. Антсе да тапкан акчам улам кѳбѳйгѳн сайын кызыгуум күч алып, ишке берилип кеттим. Ырасында, тапканыбыз берекелүү болду, жер тилкесин алып, пайдубал куйдук. Тун наристебиз жарыкка келген соң кайненем «жардамым ушул болсун, балаңарды мен багайын, экѳѳң иштеп буттан туруп алгыла» деп кызым бир жашка чыгары менен эмчектен чыгарып алып кетти. Мен кайрадан жолдошумдун жанында иштей баштадым.
Күйѳѳсү менен чогуу иштѳѳ кимге жагат, билбейм, мен башында эле кыжалат элем. Кийин ал сезим тажоого, кысынууга ѳсүп жетти. Жолдошум тигүү цехинде эркектин ишин кылса да бир аз кубанмактырмын, бирок ал да тигүүчү машинанын биринде отурчу. Канча жолу бычмачы жигиттерге кошулуп кетишин айтып, кѳндүрѳ албай койдум. Аялдар менен каткырышып, тамашалашат, түштѳнүүдѳ да биз менен, айтор, ар бир мүнѳтүм анын кѳз алдында. Айлык тийген күнү да менин акчамды эсептеп, бир тыйынга ээ кылбайт. Ырас, кийимим жыртылып, курсагым ачып калган жокмун, бирок аял катары керектүүлѳрүмдү ѳзүм сатып алууга да мүмкүнчүлүк бербеди. Базарга барсак да чогуу барабыз, тѳркүнүмѳ канча жүрсѳм ошончо убак жанымдан чыкпайт. Башка аялдар күйѳѳсүн тѳркүнүнѳ бардыра албаса, мен тѳркүнүмдѳ жалгыз жүрүп эс алууга зар элем.
Жылдар зымырап учуп үч балага ата-эне болдук. Ага катар үйүбүз да бүтүп, тилеген күнүбүзгѳ жеттик. Менин акыркы кездеги тилеп күткѳнүм эле ѳз үй, ѳлѳң тѳшѳгүмдѳ бут сунуп жатып, эс алуу болуп калган. Балдардын түйшүгү, жумуштун оордугу шайымды оодарып, ден соолугум да кетти. Жолдошума оюмду бѳлүшүп эс алайын дээрим менен макул болду. Кызыгы, мен аны иштей берет деп ойлогом. Бирок мен үйдѳ калган күнү ал да иштен калды. Андан таң калганым, келген- кеткендин баарына так менин сѳзүмдү кайталап «үйдү бүтүрүп алсак деп тырышып иштедик. Шай да кетти, ден соолук да кетти. Эми бир эс алалы дедик» деп айтуудан тажабас болду. Жолдошумдун бул мүнѳзүнѳ абдан таң калдым. Он жылга чукул убакыт бирге жашап анын мага ушунчалык атаандашарын аңдай бербептирмин. Жакшылап ойлонсом, ушул кезге чейин эле ал мен жумушка чыккан күнү чыгып, чыкпаган күнү чыкпай жүрүптүр. А мен аңкоо аны байкабаптырмын. Аял менен эркектин айырмасы болорун түк унутуптурмун. Анын аялга ушунча окшоп калганын же менин эркекке окшош мүнѳз күтүп, аны менен тең жарышып жүрүп алганымды ажырата албай эле аң-таң калдым.
Арадан эки ай ѳттү, үч ай ѳттү, заматта жарым жыл ѳттү, мен атайын эле иштебей койдум. Жолдошум да бир кебелбей чогуу жатып, туруп жүрѳ берди. Бир күнү атайын сынай суроо салып ишке чыгуусун айттым. Иштен качкан жок, бирок токтоосуз «ооба, иштейли, жакшы эле жаттык. Сен мынча тапсаң, мен мынча тапсам…» деп кирди. Менин иштебей эле коюу тууралуу пикирим колдоо тапкан жок. Анда «а, мейли качан иштегиң келсе ошондо чыгалы» деди жай баракат. Кудайга шүгүр, биз башкалардай ызы-чуу түшүп урушуп-талашып кѳргѳн үй-бүлѳ эмеспиз. Баары туюк калат. Анын бул жообуна кандай гана ачуум келип, кыжырым кайнап турса дагы адаттагыдай эле ачык айтып, каршылык кыла албадым.
Катканыбыз азайып, кайрадан акча таба баштоого туура келди. Ошол маалда үйгѳ жакын жерден унаа жуучу жай арендага берилерин угуп калдык. Жок дегенде ушуну кирип-чыгып иштете береттир деп илгери үмүт менен ушул ишти колго алууну ойлодум. Жолдошум дароо макул болду. Ѳз алдынча иш баштаганга толкунданып бала-бакырабыз менен чурулдап ошол жакта жүрдүк. Бир жумада эки жагын каалаганыбыздай иретке келтирип, иш башы кылдык. Анан, анан эмне болду дейсизби, мен жолдошум менен тең жарышып унаа жууп иштей баштадым. Алгач анын кардарларды тейлѳѳгѳ жетишпей калып жатканын кѳрүп кармалаша калып аткам. Ал болсо муну адаттагыдай эле чогуу кылчу иш деп кабыл алыптыр. «Жаныңа жардамчы ал» дегениме кѳнбѳй «антип бирѳѳнү жумшап акча тѳлѳй турган болсок арендага иш баштабайт элем» деп чыкты. Арга жок ары карап ыйлап, бери карап күлүп бутума резинке ѳтүк кийип иштеп жүрѳм. Чарчайм, ооруйм, балдарымдын сабагын окута албай буйдалам, үй иштерим калып жатат. Эгер эле ушуларды айтып үйдѳ калсам күйѳѳмдүн да ишке чыкпай коёрун билип турам. Аялына атаандашкан мындай эркекти ким кѳрүптүр?..
Гүлайым Калыбекова