Негизгиге Адамга адам тирек Алтынбек: Карындашымды дарылатып бутуна тургузгум келет

Алтынбек: Карындашымды дарылатып бутуна тургузгум келет

11097

Социалдык тармактарда майып кызга кол көтөргөн таене менен таятанын видеосу кеңири тарап кеткен эле. Кийин майып кыздын таятасы тарабынан зордукталганы да айтылган. Учурда бул иштер боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Акыйкат издеген Алтынбек мырза зомбулук көргөн кыздын бир тууган байкеси. Ал жашоосу тууралуу буларды билдирди.

“Балалык чагыбыз уруштун үстүндө өттү”

  • Биз Тогуз-Торонун Казарман айылынан болобуз. Мен үч бир туугандын улуусумун. Кичүү карындашым 21 жашта, ал турмушка чыгып өз жашоосу менен алек. Ал эми улуу карындашым Аселдин тубаса 1-топтогу майыптуулугу бар. Өзү баса албайт, сүйлөгөн сайын көзү аңтарылып турат.  Биз кичинекей кезибизде эле атабыз менен апабыз эки ажырым жолго түшүшкөн. Ачыгын айтканда, атабыз көп иччү. Үйдө уруш-жаңжал көп болор эле. Биздин бала чагыбыз уруш-жаңжалдын гана үстүндө өттү десем болот. Аселдин майып болуп калышы да ушуга байланыштуу. Апам кош бойлуу кезинде атам курсагына тээп койгон деген сөздөрдү уккам. Экөө ажырашкандан кийин эле апам ооруп каза болуп калган. Ошентип, үчөөбүз таята, таенебиздин колуна келгенбиз. Бир эмес, үч баланы багыш деле оңой эмес да, ал жактан деле жылуу мамиле көрө алган жокпуз. Таятам “бөрү баласы ит болбойт”, “кызымды атаң экөөңөр өлтүргөнсүңөр” деген ачуу сөздөр менен көп урушчу. Апамдан айрылганыбызда майып карындашым 7-8дерде болсо, азыр 24 жашта.

“Карындашымды ойлобогон бир да күнүм болчу эмес”

  • 5-класска чейин окугандан кийин эле мектепти таштап туруп өзүм жалгыз Бишкекке келе бергем. Буга бир четинен үйдөгү уруштан тажаганым себеп болсо, дагы бир себеби – өз алдымча оокат кылгым келди. Шаарга алгач келгенде араба түртүп, жүк ташып, курулушта, дегеле ар кандай кара жумуштарда иштеп, 70 сомдон төлөп күнүмдүк батирде жашап жүрдүм. Бир аз тыйын-тыпыр таба баштаганда туруктуу батирге чыктым. Шаарда жүргөндө карындаштарымды ойлобогон бир да күнүм болгон эмес. Тилекке каршы, тез-тез барып алардан кабар ала алчу эмесмин. Айылга жумуштар менен барып калганда гана үйгө тийип өтчүмүн. Кийин кичүү карындашым шаарга кетип Асел жалгыз калды. Аны менен үйдөгүлөрдүн телефону аркылуу сүйлөшүп турчубуз. Былтыр эле өзү телефондуу болгондон баштап байланышыбыз тыгыз болуп, бат-баттан сүйлөшүп калганбыз.

“Мага бир тууган керек, башка бир тууган төрөп бере турган адамым да жок”

  • Мени баарынан карындашымдын ден соолугу бушайманга салчу. Аны  дарылатуу үчүн көп убакыттан бери акча чогултуп жүрчүмүн. Бул тууралуу оюмду айтсам абдан сүйүнүп, “мен да баскым келет, эки жакты көргүм келет” деген кыялдарын айткан эле. Бирок таята менен таенебизге айтпай эле баруумду суранган. Окуя болгон 5-февраль күнү үйгө барып, кадимкидей чай ичип отуруп таенеме “Аселди алып барып дарылатайын” деп айтсам эле “мен бербейм, өлгөндө алып кетесиң” деп кыйкырып кирди. Ошол сөздөрдөн кийин эшикке чыгып кеткем. Кайра кирсем карындашым кийимдерин баштыкка салып алып босогодо туруптур. Ошондо таенем “кайда кетесиң?” деп сабап баштады. Мен телефонумду алып видеого тартып алгам. Себеби башка жол жок экенин түшүндүм, тартпасам ушундай эле кордукту көрүп жашай бермек. Жакын эле адамдардан карындашымды оор үй жумуштарына саларын, таятам зордуктаганын уктум. Булар тууралуу өзүнөн сурасам да чын экенин айтты. Зордукталганы Казармандын экспертизасынан биринчи тастыкталган. Кайра экинчи ирет текшергенде “зордукталган эмес” деп чыкты. Ошондуктан азыр шаардык экспертизага бердик, азырынча жообу чыга элек. Ооба, таятам менен таенем бизди кичинебизден бакты, аны моюнума алам. Бирок зордуктаганын кечире албайм. Кандай жаза берилерин билбейм, ал иштер менен жактоочубуз жүрөт. Мага бир тууган керек, ал табылбайт. Башка бир тууган төрөп берчү адамым да жок.         

 “Асел басып, ырчы болууну кыялданат” 

  • Майыптыгына байланыштуу улуу карындашым мектепте билим алган жок. Ал эми кичүү карындашым мектепти аяктагандан кийин шаарга жаныма келген. Колумдан келген окуу жайга киргизип окуттум. Окууну бүткөндө турмушка узаттым. Асел болсо азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган жайда өкмөттүн карамагында. Ага тынчтык керек дешти. Азыр аны менен психологдор иштеп жатышат. Эки жумадан кийин гана алып чыгып ооруканага көрсөтө алат экенбиз. Буюрса, карындашымды өз карамагыма алам. Учурда келинчегим экөөбүз Ысык-Көлдө жашайбыз. Мурда Бишкекте жашачубуз, карантинге байланыштуу жумуштар токтоп калганда бул жакка келгем. Мал алып сатуу менен алектенем. Кудай буюрса, эми карындашымдын ден соолугу менен күрөшөм. Жакшы дарыгерлерге көрсөтүп бастырып алсам дейм. Өзү да басып кетсем дегенде ак эткенден так этет. Доктурлар чалып “көрөлү, келгиле” деп жатышат, азырынча диагнозун билбейм. Доктурга көрүнсөк баары белгилүү болот го. Негизи, карындашым абдан таланттуу, бала кезинен жакшы ырдайт. Телефондон мага ырдап берчү, келечекте ырчы болууну кыялданып жүрөт.  Соцтармактардын колдонуучулары “жардам берели, кантип жардам көрсөтсөк болот?” деп көп жазышыптыр. Анан жактоочубуз менен кеңешип, кайрымдуулук кылууну каалаган инсандар үчүн “Элсом” электрондук капчыгын ачып койдук.       

Элсом: 0508 07 08 35

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here