Негизгиге Күйүт Тахмина: Наристемди кыйнап өлтүргөн мыкаачы менен мурун эле ажырашып кетпегениме өкүнөм

Тахмина: Наристемди кыйнап өлтүргөн мыкаачы менен мурун эле ажырашып кетпегениме өкүнөм

7753

Редакциябызга 23 жаштагы келин кайрылды. Анын абалын өлгөндүн үстүнө көмгөн деп сүрөттөсөк аша чаппаган болобуз. Тахминанын аянычтуу тагдырын
кайдыгер угуу мүмкүн эмес. 2019-жылдын 15-мартында кызы Асиядан айрылганы аз келгенсип, өзү ак жеринен күнөөлүү болуп жети жарым жылга кесилген. Зөөкүр күйөөнүн азабы, өзүнүн ишенчээктиги аны туңгуюкка камап турган кези. Окуяны Тахмина ыйлап төмөнкүдөй эскерип отурду.


“Эки күйөөдөн тең бак айткан жок”
— Мен Сузак районунун Чокмор айылында туулуп-өскөм. Бир үйдүн кичүү, жалгыз кызымын. Эки агам эптеп өз күнүн көрүшөт, мен учурда атам менен чогуу турам. Апам 58 жашында, мен окууну бүтөр жылы ооруп каза болгон. Балким, апам тирүү болгондо азыркыдай оор тагдырга туш болбойт белем деп арман кылам.

Мектепти бүткөндө мени сыртыман жактырып жүргөн адам ала качып кетти. Кыргыздын салтына баш ийип отургум келген жок, каршылык кылдым эле, эки жактан жаалап атышып “таш түшкөн жеринде оор” болуп отуруп калдым. Эки жылдан кийин, тагыраагы 2016-жылы кыздуу болуп, атын Асия койдук. Жолдошум эч жерде иштебейт, ичкен-жегенибизди кайнатамдар камсыз кылчу. Иштебегени аз келгенсип экөөбүз тил табыша албай, көп учурда мага кол көтөрчү. Ошентип, кызыма 5 ай болгондо ажырашып төркүнүмө кетип калдым.
Кызым экиден жаңы ашканда мен да үйдө отура бербей иштейин деп чайханага жумушка кирдим. Ал жакта курулуш иштери жүрүп атыптыр, жумушчу болуп иштеген азыркы жолдошум Туратали менен таанышып калдым. Ал менден он эки жаш  улуу эле. Атамдын, бир туугандарымдын алдына келип үйлөнөрүн айтты. Анын ошондогу сөздөрү азыр да эсимде: “Кызыңарды, небереңерди өзүм эле эч нерседен кем кылбай багып алам. Асияны өгөйсүнтүп кордобойм, кам санабаңыз”,- деп атама кат-кат убадасын берип, экөөбүз баш коштук. Анын мурда уурулук менен соттолуп түрмөгө отуруп чыкканын, мага чейин эки аял кетиргенин, алардан эки кыз, эки уулу бар экенин кийин билдим. Ичимен чийки май жегендей абалда калдым, бирок турмушка аттанган соң артка жол жок деп ойлогом.

“Эки жаштагы кызым мени аяп көп кордукка чыдады”
— Жашообуз жакшы башталды деп айта албайм. Анткени бир жарым айдан кийин эле Асия өгөй атасынан коркуп кача баштады. Ал үйдө жокто күлүп-жайнап жакшы жүрөт, ойнойт. Кечинде келгенде эле бурчка тыгылып, түнт тартып элеңдеп баштайт. Кызымдагы мындай өзгөрүү жөн жерден болбосо керек деп бир күнү сурасам, мен жокто күйөөм аны урганын айтып ыйлады. Бара-бара Туратали кызымды менин көзүмчө эле урушуп, ура турган болду. “Мен кызыңды эмес, сени алгам” деген сөзү көбөйдү. Эки-үч жолу мас болуп келип кызыма зордоп арак ичирип, ачуу калемпир жердирген күнү болду. “Жебей эле кой, кызым” десем, “мен жебесем сизди урат да” дечү кипкичинекей болуп алып. Эки жаштан жаңы ашкан периштем мени аяп көп учурда өгөй атасынын кыйноосуна чыдачу. Мен ортого түшүп болушсам экөөбүздү тең сабачу. Анын мындай кордугуна чыдабай төркүнүмө кетип калып аттым. Андайда атамдын алдына келип “даватка чыгам, аракты таштадым” деп убадасын берип, кечирим сурап алып кетчү. Мен да улам турмушка чыгып ажыраша бербей жашап кетейин, балким, баары жакшы болот деп үмүт кылдым.

“Ошондо кызымдын үнүн акыркы жолу угуптурмун”
— Мен айылдагы бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп иштеп аткам. Кызымды да өзүм менен кошо алып кетип, колдон келишинче аны күйөөмдүн жанына жалгыз калтырбаганга аракет кылчумун. 2019-жылдын 14-мартында кечки тамак учурунда үйдө дагы уруш чыкты. Биз тамактанып жатып алганбыз, мас болуп кеч келди. Демейде Асияны “көп тамак жейсиң” деп жекирчү эле, ал күнү уктап калганын айтсам “ойгот, менин көзүмчө тамак жедир” деп кыйнай баштады. Байкуш кызыма шыкап жедирип, ал кусуп салды. Ошо менен эртеси кызымды бакчага алып барган жокмун. Себеби 15-март күнү бакчага текшерүү келмек. Экөөбүздүн тең документтерибиз жок болчу, текшерүүдөн аныбыз чыгып калбасын деп корктум. Ошентип, эртең менен жумушка кетип баратсам “атам менен калбайм” деп ыйлап сыртка чейин ээрчип чыкты. Бирок айла жок алдап-соолап “бат эле келем” деп калтырып кеттим. Санаам тынбай бир сааттан кийин эле күйөөмө чалдым, Асия менен сүйлөштүм. Үнү каргылданып ыйлагысы келгендей чыкты. Көрсө, кызымдын үнүн ошондо акыркы жолу угуптурмун (ыйлап). Ошондон эки саат өтпөй кошунам чалып “үйгө тез кел” деди. Кудай мындайды эч кимдин башына салбасын, барсам үй толо адам, “Тез жардам” кызматы келиптир, үйгө кирсем кызымдын жансыз денесин доктурлар алып чыгып баратышыптыр…

“Стресс абалында күнөөнү мойнума алдым”
— Андан аркысы жаман түштөй эле болду. Кызымдан айрылганымды билгенде өзүмдүн эмне кылып, кайда баратканымды деле жакшы билбейм. Көрсө, күйөөм экөөбүздү Сузак райондук милициясына алып келишиптир. Асиянын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, сурак башталды. Күйөөм экөөбүздү жалгыз калтырганда ал мындай деди: “Тахмина, мен машинаны саткам, билесиң. Ошонун акчасын алып, сени куткарып алам. Сен аялсың, анын үстүнө кош бойлуусуң, сага эч нерсе кылышпайт. Асияны мен сабадым деп мойнуңа ал”,- дегенде стресс абалыман улам тиешелүү кагаздарга кол коюп берип коюптурмун. Ачыгын айтайын, ал кезде нес болуп эмне кылып атканымды толук аңдап билген жокмун. Айланадагы адамдардын биринин сөзүн уксам, экинчисиники кулагымдын сыртынан кетип атты. Ошентип, кызыман айрылганым аз келгенсип, ак жеримен күнөөлүү болуп калдым. “Чыгарып кетем” деген күйөөм ошондон ары жоголду. Мен болсо 10 ай убактылуу кармоочу жайда жатып, 2019-жылдын 29-ноябрында Сузак райондук соту тарабынан 7 жыл 6 айга эркимен ажыратылдым. Өкүм чыккандан эки күндөн соң уул төрөдүм. Жактоочулардын өтүнүчү менен уулум 14 жашка чыкканга чейин үй камагына бошотулдум. Азыр уулум бир жашка чыкты.

“Күнөөсүз экенимди далилдемейин жаным тынбайт”
— Ансыз деле көз жашым кургабаган азаптуу жашоом бир заматта өзгөрдү. Өмүрү көрбөгөн темир торго жатып чыктым, кызымды аёосуз сабаган адамдан уул төрөдүм. Кызымды эстесем эмне кылып атканымды унутуп калам, түшүмө кирсе түн уйкум бөлүнүп, таң аткыча боздоп ыйлап чыгам. Наристе кезинен көрбөгөн кордукту көрүп кыйналып жан берди, көпөлөгүм. Таятасына өзгөчө жакын эле, ага эркелеп “мага сөйкө сатып бериңизчи” дептир. Ал кичинекей кыялына да жетпей кетти. Каза болордон мурунку күнү телефондун зымы менен жамбашка чаап койгом. Тергөөчүлөрдүн мурдагы версиясы боюнча, кызым ошол зым менен чапкандан каза болгон экен. Бул карандай калп! Ош шаарына кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал жерде кызымды мокок нерсе менен башка ургандан мээсинен кан кеткенин, мындай жараат менен бала 2-3 саат, чоң киши 4-5 саат жашаары аныкталды. Мындайча айтканда, кызым эртең менен алган жараатынан каза болуптур. Өзүмө кызымдын денесин көрсөтүшкөн жок, атам денесинин баары көк ала, эки бөйрөгү, боору жарылып кетиптир деди. Мен ошол күнү эртең менен чалганда байкуш кызым чоң адам чыдагыс кыйноолорду көрүп аткан тура. Кандай акмак, кенедей кызды ушинтип кыйнайт, жырткычтар да мынчалыкка барбастыр! Биз барганча кызымдын денесин жууп-тазалап, таза кийимдерин кийинтип коюптур. Бирок тергөөчүлөр бул жагдайларды иликтеп кылдат текшеришкен жок. Экспертизанын кызматкери К.Насиров кызым эртең мененки алган жараатынан улам каза болгонун сотто айткандан кийин гана жактоочуларымдын аракети менен кошумча тергөө башталды. Ушул жылдын 21-январында бул иш Жалал-Абад облусунун прокуроруна өткөрүлүп берилди.

Тураталинин жүргөн жери белгисиз. Чокмор айылында турчубуз, үй бек. Бирде туугандарына, бирде досторунукуна барып түнөп жүрүптүр. Кудайдын жазасынан эч  ким качып кутулган эмес. Наристемди кыйнап өлтүргөн мыкаачы бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жооп береринен күмөнүм жок. Менин эң чоң катам, убагында ал зөөкүр менен ажырашып кетпей кор болуп жашай бергеним болду. Атам да “убагында таарынышып келгенде эле бербей койсом болмок экен” деп өкүнүп атат. Буюрса, жактоочуларымдын колдоосу менен акыйкат чечимге жетебиз деп ишенем.

Аймээрим Курбаналиева

(Маалыматты уруксатсыз көчүрүп алууга, биздин булакка активдүү шилтемеси жок орнотууга тыюу салынган. Редакция)

СоӊкуТукум кууган наалат
КийинкиНуриза, Таалайкан Абазовалардын апасы Шахринса апа: Нуризам өзү эркелесе, Таалайканым мени эркелетип элжиреп турат

10 КОММЕНТАРИИ

  1. Эрсиз олуп атсанар да биринчи баланарды ойлогулачы айнанайын энелер!!!!!! Садаголойундарым!!! Эптеп Тороп коюш эмес, балага татыктуу балалык бере алсанар торогулочу!!!!

  2. Ошондуктан бала менен башка куйоого тийбеш керек.99%эркек башка бироонун баласын кабылдай албайт.Болоору болуптур,Эми Ошол зоокурду кармагыла ,сволочту

  3. Бул дура куйоого тийиптир макул , куйоосу кызын сабаса да аны менен жашаптыр , 2 жаштагы кызга куйоосу арак ичирип оозуна ачуу перец салса кантип карап отурду?! Даагы мени аячу дейт кок мээ!!! Жанын койбой сабап атса жанына кантип таштадын? Ушундай катындарды стерилизация кылып сала турган закон чыкса болот эле!!! Стресс болуп кол койбой эле документке , куйоонду аяп койдун да , идиотка ! Байкуш эки жашар наристени Кудайым оз мээримине ала кор, наристенин бара турган жери бейиш , эми уулун жакшы караса экен бул дура !

  4. Эне болбой каражерге кир кокмээ куйоон сенин козунчо калемпир жедирип жатса оозунду ачып олтурдунбу наалат сага кудай жазанды берсе экен зым менен чаап эле койгом деп койот сени чаап коройунчу кызды кантип урасын кыз деген назик алсыз болот сен куноолусун баарына актанба ошол зоокурду наристенин жашоосуна сен алып келдин сен коргоогон жоксун ал сага аманат кудайдын берген белеги бага албасан бер да балалуу боло албай жургондор канча

  5. Бардык куноо сенин озундо. Эрге ошончолук зар болдунбу, кичине кызынды ошончо кор кылса жашап журо берген. Сени 7 жыл эмес 15 жыл камаса аздык кылат. Озун кошулушуп уруп жатсан эр сорой кантип урбай коймок. Тел зымы менен каттык чапканын учун из калат. Башы жок акмак аял экенсин. Биринчи жолу урганын билгенинде кетишин керек болчу. Эми олтуруп алып мынкылдабай. Наристе бейиште тынч жатып калыптыр да байкуш. Эр соройун экоон жооп бергиле эки дуйунодо да.

  6. Куноо бир гана энеде — эр деп журуп жырткычка калтырган, кобуроок эле жылга кестп салса болмо экен, оз колу менен эле уруп олтургон менен барабар. Экинчисин да бекер тороптур, мындайлар адатта эне боло албайт ба

  7. акмактар!! айбандар!!! баланын балакетин аласынбы сен! эркек десе жата калым баладан да артык коргон шуркуя!!! куноосу жок периштени ар нерсе ичирип зордотуп кантип жашап журдун бети жок, арам десе! сага бул дуйнонун соту аздык кылат, тиги дуйнодо бересин жоопту

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here