Беш жылдан бери майыптар арабасында отурган Гүлнур айым үч баланын энеси. Жашоосундагы кыйынчылыктарга моюн сунбай өз кесибин улантып келаткан мугалим. Мугалимдик кесибинен, окуучуларынан мотивация алган Гүлнур айымдын баяны төмөндө.
“Капыстан келген кырсык жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү“
— Мен Нарын шаарынын тургунумун. 42 жаштамын. Үй-бүлөлүү, үч баланын энесимин. Эркек балдарымдын улуусу 18, кийинкиси 14 жашта, кызым 5ке чыгат. 1-топтогу майып экениме карабай учурда Нарындагы №2-орто мектепте география сабагынан мугалим болуп иштейм.
Майыптар арабасына 2017-жылы кокустан бийиктиктен жыгылып түшүп, омурткамдан жаракат алгандан кийин отуруп калгам. Басып жүрүп эле баспай калгандан өткөн жаман нерсе жок экен. Жашоом түп-тамыры менен өзгөрүлүп кеткенден кийин бир жылдай төшөктө жаттым. “Ушинтип төшөктө жатып каламбы? Мындан ары кантип жашайм? Эмне үчүн мен?” деп өзүмдү жеген суроолор оюмдан кетпейт. Келечегим туман сыяктуу эле. Мындай кырдаалда өзүң эле эмес, айланаңдагы адамдар да жапа чегет экен. Төшөктө жатканда атам бутумду күнүнө үч маал 500дөн бүгүп-жазчу. Минтип күнүгө көнүгүүлөрдү жасаган сайын организмимди өздөштүрө баштадым. Убакыттын өтүшү менен арабада отуруу, өзүмдү тейлөөнү өздөштүрдүм. Укалоо, ийне терапиясын алдым, үч жыл бою реабилитациялык борбордо жүрдүм. Казакстанга чейин барып дарыланып келдим. Кудайга шүгүр, азыр буттарым баспаса да тиземе чейин кыймылдайт, өзүм көтөрүп, түшүрө алам. Бирок баса албайм.
“Менден абалы оор адамдарды көрүп чыйралдым”
— Мындай кырдаалда өзүңө окшош адамдарды издей баштайт экенсиң. Интернеттен Оскар Райс деген майыптуулугу бар инсандын адамды шыктандырган интервьюсун окуп калдым. Ошол маек мени кадимкидей ойготту. Аны менен жолугуп сүйлөшкүм, кеңешин уккум келчү. Дал ошол кезде мен жаткан реабилитациялык борбордо атайын мектепте окутууга тандоо жүрүп, мен өтүп кеттим. Ошол окуудан Оскар мырза менен жолуктум. Андан башка да көптөгөн мүмкүнчүлүгү чектелген ар кандай категориядагы адамдар менен тааныштым. Алар менен сүйлөшүп отуруп жашоого болгон көз карашым кадимкидей өзгөрүлдү. Жүрөгү таза, илим-билимдүү, ораторлук чеберчилиги жогору ал майып адамдарга суктандым. Кимде оор кырдаал болсо ошону карап түздөнөсүң, бизди көрүп алты саны адамдар күчтөнөт. Коомго биздей адамдар керек деп ойлодум. Менден абалы оор адамдарды көрүп мен чыйралдым, өзүмдү кабыл алганды үйрөндүм.
“Үйдө отурган үч жылымда мугалимдик жумушум көз алдыман кетпей койду”
— Негизи мен И. Арабаев атындагы педагогикалык универститетти аяктап, 15 жылдан бери эле мугалимдик кесипти аркалап келгем. Жашоомдогу чоң бурулуштан кийин үч жыл тыныгуу алып калдым. Жумушумду абдан жакшы көрчүмүн, ал аралыкта окуучуларым, мектеп, кесиптештерим көз адыман кетчү эмес. Анан мектепке барып директорубуз менен жумушумду улантуу боюнча сүйлөштүм. Алгач таң калып “кантип келип-кетесиң?” деп калды. Анын баарын өз жоопкерчилигиме алып жок дегенде жумасына эки жолу барып турган саат сурадым. Дал ошол кезде пандемия жаңы башталып, окуучулар онлайн режиминде билим алып жаткан кез эле. Окуу аяктаганча онлайн иштеп, сентябрдан баштап мектепке барып иштеп калдым. Мурда мектепте мага ылайыктуу шарт жок болчу. Кичине корпуска атайын мен үчүн кабинет ачып, пандус орнотуп беришкен. География сабагы болгондо балдар чоң корпустан келип турушат. Биринчи сабагымды өтөрдө окуучуларымдын алдында бир аз ыңгайсыздангам. Азыр сабак өтүү мага кыйын эмес. Узун указка жасатып алгам, анын жардамы менен картаны көрсөтүп берем. Бир гана мектептин экинчи кабатында өткөрүлгөн иш-чара, чогулуштарга катыша албайм. Мурда абдан кыймылдуу элем да, эки классым бар болчу. Азыр да мурдагыдай өзүм класстар менен иштеп, иш-чараларды уюштургум келет. Мектептен сырткары Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы колледжде да иштейм. Мага эки жумушум тең ырахат тартуулайт.
“Мага өзүмдүн абалым мотивация берет”
— Ата-энемдин ишеничи, эмгеги, көз жашы менен азыркы деңгээлге жеттим. А жолдошум менин айыгып кетериме ар дайым ишенет. Дайыма “сен бутка турасың, медицина бир орунда турбайт, айыгып кетүүнүн жолдору табылат” деп ар кандай дарылоо ыкмаларды сунуштап, жардам берип турат. Экөөбүз урушпайбыз, балдарыбызга үлгү болгонго аракеттенебиз. Кээде “качанкыга чейин мени сүйрөп жүрөт” деген ой келет. Бирок жолдошум бир да жолу наалып же нааразы болуп мени капа кылган эмес. Өзүм деле жөн отура албайм, арабам менен жүрүп деле үйдөгү жумуштарды жасай берем. Алым жетпегенине балдарым жардам беришет. Мындайда жоро-жолдоштордун колдоосу да абдан маанилүү экен. Алар да ары-бери чыгарышып, ден соолугумду сурап келип турушат.
Мага өзүмдүн абалым, жакындарым жана жумушум чоң мотивация берет. Күнүгө эртең менен турганда терезени карайм. Жаратылышка суктанам. “Кокус көзүм көрбөй калса ушундай кооздукту кантип көрмөк элем?” деп жашоомо шүгүр келтирем. Балдарымды көрүп турганыма ыраазычылыгымды билдирем. А жумушка барганда кадимкидей энергия алам. 13 жылдан бери арабада отурган келинди тааныйм, абалы меникинен кыйыныраак. Аны коомчулукка тартайын деп ар кандай иш-чараларга чакырсам такыр келбейт. Ошол келин тууралуу көп ойлоном. Көңүлүм чөгүп турганда да анын тагдырын ойлойм.
Айгерим Токтобай кызы