25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү бир үй-бүлөнүн тагдырын талкалаган каргашалуу окуя болуп ѳттү. Анда төмөнкү Ала-Арча конушунда бет капчан белгисиз эки адам 62 жаштагы үй ээсине жана анын 26 жаштагы кызына кол салган. Жыйынтыгында үй ээси оор жаракат менен ооруканага түшсѳ, кызы ооруканага бараткан жолдо жан берген. Окуяга күбө болгон үй-бүлөнүн улуу келини Бермет азыр да нес абалынан чыга электерин айтат.
— Бермет, кайынсиңдиңиздин арты кайырлуу болсун!
— Айтканыңыз кабыл болсун. Бүгүн жетилигин берип, куран окуттук. Кайынсиңдим жалгыз, кичүү кызыбыз болчу. 26 жашта эле. Буга чейин Кореяда 3-4 жыл иштеп келген. Акыркы айларда үйдө эле болуп аткан. Кызыбыздан айрылып, бир бутубуз ооруканада, бир бутубуз милицияда болуп азыр эң оор күндөрдү башыбыздан кечирип атабыз.
— Кырсык болгон күнү үйдө экенсиз?
— Ал күнү атам, Айгерим, мен жана 8, 5 жаштардагы уул-кызым болуп үйдѳ элек. Дарбаза бек, сырткы эшик жабык болчу. Эшикти дайыма илип жатчубуз, бирок ошол күнү атам же сиңдим жаап койсо керек деп жатып алгам. Түндө ойгонуп кеттим, саатты карасам 2:40 болуптур. Катуу чыккан үндөрдөн чочуп залга чуркап бардым. Бир киши кайнатам менен мушташып атыптыр, экинчиси Айгеримдин бѳлмѳсүндѳ экен. Мен атама жардам берип тигини уруп, соккулап аттым. Экөөбүзгө алы жетпей качып кетти да, эсибизди жыйгыча 15 секундда бычак менен чуркап келди. Атама бычакты алып жүгүргөндө мен дагы жардам бермекчи болдум эле, атам “кач, кет!” деди. Оюма балдарым келип коркуп кеттим. Жонума бычак сайып ийчүдѳй шаштым. Дароо үйдөн атып чыгып кошуналарды жардамга чакырдым. Кошуналар деле дароо чыга калган жок, бир-эки бала чыкты. Үйгө чуркап кирсек кайынсиңдим эшиктин алдында эсин жоготуп жатыптыр, кайнатам кире беришке жыгылыптыр. “Тез жардам”, милиция чакырып бир заматта кымгуут болуп калдык. “Тез жардамды” көпкө күтүп калдык. Анан убакытты кетирбей деп кайнатамды унаага салып жөнөштү. Айгеримди да өзүбүз жеткирели деп жолго чыкканда ооруканага жетпей орто жолдон жан берди.
— Сиз деле нес абалда турбайсызбы?
— Башыма согушуптур, канаган экен. Денемдин баары көк-ала, анын бирин билбейм. Ызы-чууда нес абалда жүрө бериптирмин. Жарыкты деле күйгүзгөнгө жетишпептирмин. Баары саналуу мүнөттөрдө болуп кетти. Азыр деле эмне болуп кеткенин толук түшүнө албай жүрѳм. Мен эле эмес, баарыбыздын тең абалыбыз оор. Кайненем күндө ыйлап, эч нерсе ичпей, уктабай жатат.
— Атаңыздын абалы жакшы болуп калдыбы?
— Кайынсиңдимдин күрөө тамырын кесиптир,алаканынын баары тилинген. Кармашканда колу менен бычакты мыкчыган окшойт. Атам башынан катуу жараат алып, муундарына, денесине бир нече жолу бычак жеген. Кан жоготуп оор абалда жандандыруу бѳлүмүнѳ түшкѳн. Операция жасалып азыр кичине сүйлѳп калды. Оор абалда жатып эми кичинеден жакшы болуп баратат. Буюрса, ооруканадан эртең чыгат, бирок бул үйгө келбейм деп жатат. Жаман окуяны эстегиси келбей жатат окшойт. Башка жакка чыгарып баралы деп ойлонуп жатабыз.
— Кызынын каза болгонун уга элекпи?
— Ооба, угузган жокпуз. Анткени башында абалы абдан оор болчу. Алгач Айгеримдин каза болгонун угузалы десек доктурлар көнгөн жок. Эми абалы жакшырганда туугандар чогулуп барып айталы деп жатышат. Бүгүн ооруканага барып учурашып келдик. Бирок көп нерсени сурай алган жокмун. Атам Айгеримдин бөлмөсүнөн чыккан үндөн чочуп ойгонуптур. Ошондо эле кылмышкердин бирөөсү кыздын бөлмөсүндө болуп, экинчиси атамдын жолун тороптур. Мен кошуналарга чуркаганда тигилер качып жөнөшкөн экен. Ошондо сегиз жаштагы балам атасынын жанына чуркап келиптир. Кызым керебетинде чүмкөнүп титиреп жатыптыр. Ал окуяны көргөн эмес окшойт. Атам “ошол учурда эсимди жоготуп учуп бараткам, неберемдин үнүн укканда балдарым эмне болот деп кармандым” дейт. Балам бооруна жабышып “ата, туруңузчу” дегенде эсин жыйып өзүн зорго кармаган тура. Сырттан келип баламдын кийими кан болуп калганын көрүп жүрөгүм түшүп калды. Көрсө, атасын кучактаганда булганыптыр. Алы кетсе да “Тез жардам” чакыргыла, мени сактабасаңар да кызымды сактап калгыла” деген.
— Милиция кандай божомолдорду айтып жатат?
— Азыр көп версия бар. Бири буйрутма менен кол салуу болушу мүмкүн десе, бири ууруга кирген, жанагыдай кагылышуу болгондо кармалып калуудан коркуп качышкан дешет. Азыр бир нерсени так айтуу кыйын. Эң негизгиси, кылмышкерлер кармалып, жазасын алышы керек. Бирок биз муну катардагы уурулук деп эсептебейбиз. Атайын пландалган кылмыш деп ойлойбуз.
— Сиз алардын келбетин сүрөттөп бере албайсызбы?
— Ошол жерде кармашып жүрдүм, бирок караңгы болчу, экөө тең капкара кийинген. Көздөрүнөн башка эч нерсеси көрүнбөйт. Бойлору кандай экенин эстей албайм, бирок арык чырайдай көрүндү. Кыргыз же орус экенин да божомолдой албайм. Анткени эч кандай үн-сөз чыгарышкан эмес.
Анара Дүйшөналиева
(Маалыматты биздин булакка активдуу шилтемеси жок же уруксатсыз алууга тыюу салынган. Редакция)