Чанда эле бала ата-энесине эмне каалап, кандай сезимде болуп жатканын ачык айта алса керек. Көп балдар эмоциясын түшүндүрүү үчүн ыйды жана чырды колдонушат. Бирок баланын бул аракетин кезектеги эркелик катары кабыл алып үстүртөн мамиле жасайбыз. Психологдор атайын ата-эне менен баланын ортосундагы “сөздүктү” иштеп чыгышкан. Көрсө, баланын ар бир кылык-жоругунун артында көйгөй турат экен.
Бала оройлонсо: Бала эки учурда өзүн орой алып жүрөт. Биринчиси, чоңдор тараптан өзүнө жетиштүү көңүл бурулбаса. Оройлугу менен бала: “мага көңүл бурбайсыңбы? Мен бар экенимди ушинтип эсиңе салып турам” дегенди билдиргиси келет. Экинчи учурда бала чоңдор тарабынан зомбулукка кабылса, өзүн алдын ала коргоо үчүн орой мамиле кылат. Оройлугу менен ал өзүнө жакын эч кимди жуутпай, сактанып жатам деп ойлойт.
Кеңеш: Балаңыз эмне себептен оройлонуп жатканын түшүнүңүз. Кичүү бөбөгүнөн кызганып же оюндагы нерсеси аткарылбай жатабы? Эгер оройлугу кызганычтан келип чыкса, аны канчалык жакшы көрөрүңүздү сездиргениңиз оң. Ал эми сынды азайтып, кичинекей ийгиликтерине кошо кубана билсеңиз, анын мүнөзүн жумшартып, ишенимине киргенге аракет кылган болосуз.
Ата-энесин чапкыласа: Мектеп курагына чейинки балдар ата-энесин чапкылап, чымчып, айрым учурда тиштеп алганга аракет кылышат. Бул аракети менен алар: “жиним келип жатканын билдирүүгө башка жол таппай жатам” дегиси келет. Мындай кырдаалда ата-эне кайра баланы колго чаап же катуу урушуп жазалайт.
Кеңеш: Балага жинин туура чыгаруунун да жолун үйрөтүү керек. Бала жинденүүгө, ачуусун чыгарууга толук акысы бар. Мисалы, ошол учурда эмнеге ачуусу келип жатканын сурап билиңиз. “Мени чапсаң денем ооруйт, кааласаң жаздыкты муштап жиниңди чыгарып ал” деген сунуш орундуу болот.
Сөөмөйүн соруп, тырмагын кемирсе: Көбүнчө эненин сүйүүсү жетишсиз, апасынан алыс өскөн балдарда ушул адат калыптанат. Сөөмөйүн соргон, тырмагын кемирген учурда алар жан дүйнөсүндөгү боштукту толтургусу келет да, саамга алаксый түшөт. 6 жаштан кийинки балдардагы бул адат психологиялык оору катары мүнөздөлөт. Бул адаты менен бала: “мен коркуп жатам, жалгыз калгандан стресс болом” дегенди түшүндүргүсү келет.
Кеңеш: Баланы колго чаап же урушуп бул адаттан арылтуу мүмкүн эмес. Колун соргон бала эненин денесинин жылуулугун, мээримин сезгиси келет. Балаңыз канча жашта болбосун аны көбүрөөк кучактап, чачынан сылап, жыттап мээримге бөлөгөн натыйжалуу. Ал эми тырмагын кемирген учурда аны алаксытуу максатында сөзгө тартып же колуна кемиргенге ылайыктуу жемиш карматса болот.
Сараңданса: Бала жөнү жок оюнчук талашып, өзүнүкүн башкаларга ыраа көрбөй жана ошонун айынан ыйлап уруш чыгарган учур көп кездешет. Бул учурда ал: “менин буюмум меники гана, булар аркылуу мен эмоционалдык жылуулук алам” дегиси келет. Баланын оюнчукка болгон сүйүүсү кайдан келип чыгат? Ал көңүл бурууга же сүйүүгө муктаж болуп турган кезде ата-эне ал боштукту оюнчук менен толтурат. Бала менен жөн гана сүйлөшүүгө, эркелетүүгө убакыт таппайт. Оюнчук баланын кымбат нерсесине айланат. Оюнчукту башка бирөө кармаса жан дүйнөсүнүн бир үзүмү ошол буюм менен кеткендей сезимге кабылат.
Кеңеш: Көпчүлүктүн көзүнчө урушуп же бардык оюнчукту колунан тартып алып башка балага карматуу туура эмес. Балага эки эсе сокку берген болосуз. Анын абалын оңдоо үчүн кайрадан эле көңүл буруудан, сүйүүдөн баштаңыз. Мисалы, балага жетиштүү мээрим берилсе, ал оюнчукка да, башка нерселерге да көз каранды болбойт. Оюнчук алаксый турган гана нерсеге айланат. Ал эми ал үчүн маанилүү эмес нерсени корубайт жана башкалардан кызганбайт.
Көп суроо берсе: Баланын мындай кадамын тыйып, кээде көп сүйлөгөнү үчүн урушабыз. Чынында, көп суроонун артында бала: “Дүйнөнү тааныгым келет, силердин көңүл бурууңар жетишпей жатат, мен өзүм жана үй-бүлөм тууралуу маалымат уккум келет” деген көйгөй жатат.
Кеңеш: Ата-эне чарчагандан же убактысынын тардыгынан улам баланын жөнөкөй суроолоруна жооп бергенден баш тартат. Бул тууралуу атайын америкалык адистер иликтөө жүргүзгөн. 40 баланы эки тайпага бөлүп алышкан. Биринчи тайпадагы балдардын ата-энеси алардын суроосуна дайыма жооп берген, бүтпөгөн “эмнеге?” деген суроосуна кошо жооп издеген. Экинчи тайпа баласынын суроосун жоопсуз калтырып урушуп кутулган. Жыйынтыгында 16 жылдан кийин биринчи тайпадагы балдар ийгиликтүү, креативдүү ой жүгүртүп чоңоюшкан. Андыктан ар бир бала суроосуна жооп алгысы келет. Эгер балаңыздын суроосуна жооп таба албасаңыз же ойлонуудан эринип жаткан болсоңуз, “чын эле эмнеге ошондой болду экен?”, “кызык экен” деген сөздөр менен жооп берсеңиз болот. Бала анын суроосу сиз үчүн кызыктуу болгонун билиши керек.
Кекечтенсе: Сүйлөп жатканда аптыгып шашып, кекечтенип кеткен учурду бала бир нерседен коркуп калган деп болжошот. Чынында, маселе анын ички абалында. Кекечтенген учурда бала: “мен үчүн кымбат мамиле бир жолу үзүлгөн, ошондон бери коркуп калгам”, “өзүмдү бир нерсеге күнөөлүү сезем”, “чоңдор мени басып турушат, өз оюмду эркин айтуудан жазганам” дегиси келет.
Кеңеш: көп учурда балага стресс катуу таасир этет. Үй-бүлөлүк уруштан, чыр-кыйкырыктан алыс болуңуз. Үйдө бала үчүн жылуу маанай болуусу зарыл. Бала бир нерсе айтып берип жатса аны шаштырып демитпей аягына чейин уга билиңиз. Ата-эненин ички абалын бала жакшы сезет. Андыктан өзүңүз биринчи кыжалат болуудан сактаныңыз.
Чырдап жинденсе: Жөнү жок ыйлап, айтканыңызды тескери кылса, чырдаса, бул кадамы менен: “ата-энем түз айткан каалоомду угушпайт, ушундай жол менен гана максатыма жетем” дегенди туюндурат.
Кеңеш: Баланын жини келгени туура көрүнүш, болгону, анын эмнеге жини келип жатканын түшүнүү керек. Ага өзүңүз мисал боло аласыз. Көп учурда чоңдор жөнү жок ачууланып, кыжалат болушат. Ошол абалыңызды балаңызга ачык айтуудан тартынбаңыз. Мисалы, “жумуштан чарчап келдим, оор күн болду” же болбосо “оюнчуктар жыйналбаганына ачуум келип жатат” десеңиз туура болот. Ошондо бала маселенин өзөгүн түшүнөт жана өзү да эмне себептен ачууланып жатканын ачык айта алат. Ал эми буга чейинки баланын каалоосун, талабын сезе билбей маани бербей жүргөн болсоңуз, акыры жогорудагыдай кадамга алып келет. Ал чыр чыгаруу менен каалаганын алдыргысы келбейт, болгону, ошол учурда ага көңүл буруп, ички үнүн уга билгениңиз маанилүү.
Анара Дүйшөналиева