Негизгиге Ааламда Жолдош Жанызаков: Балдарыма корей тилин үйрѳтүүнү 5 жашынан баштагам

Жолдош Жанызаков: Балдарыма корей тилин үйрѳтүүнү 5 жашынан баштагам

604

Маектешим мамлекетке таарынбаган, ѳлкѳнүн абалын айтып ѳксүбѳгѳн адам экен. Бирок ѳзүн эң жакын аралыкта курчап турган адамдар үчүн жоопкерчилик алып, аларга күн сайын убакыт бѳлүүнү патриоттуулуктун үлгүсү деп санайт. Балдарынын жаркын келечеги үчүн натыйжалуу кадамдарды таштап бараткан мыкты ата менен таанышуу сизге да жагымдуу жана пайдалуу болот деген ишеничтебиз, окурман.

— Жолдош мырза, балдарыңызга корей тилин үйрѳтүп, мыкты деңгээлге жеткиргениңиз мени суктандырды. Бул тууралуу кенен айтап берсеңиз.
— Мен 39 жаштамын. Жубайым экѳѳбүз эки уул, эки кызды тарбиялап жаткан кезибиз. Ѳзүм корей тилин окутуу боюнча адисмин. Беш жыл окуп, үйрѳнгѳн кесибимди жумушумда гана эмес, үй-бүлѳмдѳ да жемиштүү колдонууга аракет кылып келем. Учурда тун кызым 5-класс, уулум 3-класс. Корей тилин окуу алты деңгээлден турса, балдарым азыр 4-деңгээлди окуп жатышат. Буюрса, ѳздѳштүрүүлѳрү мыкты. Аларга бир гана тоскоол болгон нерсе: билгендерин коомдо, иш жүзүндѳ кенен колдонууга жаштары жете элек болуп жатат. Бирок мен буга шашпайм.


— Окутууну кандай кадамдан баштадыңыз?
— Бала 5 жашында эне тилин 70-80%га билип калат экен. Ушундан кийин чет тилин үйрѳнүүгѳ аздан киришсе болот. Мен күнүгѳ кечинде айткан балдарымдын «ата, жакшы жат» деген сөзүн корейче айттыруудан баштадым. Эки жума ушул кѳрүнүштү кайталай бердик, натыйжада балдарым бул сѳздү жаттап калышты. Анан эртең менен «жакшы жаттыңарбы?» деген сөзгө ѳттүк. Бул да бир-эки жумага созулду. Натыйжада бир айда жалпы 4-5 гана сѳз жатташты. Кийин жумасына 3 сѳздѳн турган бир сүйлѳмдү жакшылап жаттатууга ѳттүм. Ушинтип балдарым 8 жашка чыкканга чейин шашылган жокмун. 8 жашта 4 сүйлѳмдѳн турган диалог жаттадык да, талап менен окууну баштадык. Ошондон бери бир гана «үзгүлтүксүз окуу» деген чоң принцип менен тил үйрѳнүп келебиз.

— Үзгүлтүксүз окуу балдарды чарчатпайбы?
— Турмушумда начарыраак жашоону кѳрүп калдым. Мен окуган факультетте байлардын балдары, башка улуттун жаштары кѳп окушчу. Окууга машина айдап келишет. Ошол кезде азыркы студенттердин тамагы гамбургер, шаурма, «Лакомка» деген таттуу токочтор болчу. Менин болсо «Лакомкага» акчам жок, кийим тууралуу айтпай эле коёюн. Курсташтарым чогулуп «Лакомка» жээрде ар шылтоону айтып алардан бѳлүнүп калчумун. Жашоомдун жакшы жакка ѳзгѳрүүсүн абдан каалачумун. Ал үчүн тырышып, тынымсыз окудум. Күн сайын сѳзсүз түрдѳ 1-2 саат ѳзүмдү кыйнап окууга кѳнгѳм. Бул нерсе менде калыптанып калган, азыр да күнүгѳ окуп, изденем. Натыйжа жаман эмес, тѳрт тилде эркин сүйлѳйм. Балдарым да тынымсыз окуу менен ийгиликке жетүүгѳ үйрѳнүүлѳрү керек. Кызым баарын бат ѳздѳштүрѳт, аны менен бир күндѳ бир маал окуу жетиштүү. Уулум менен кѳбүрѳѳк иштешим керек. Бул үчүн экѳѳбүз күнүгѳ эртең менен 8де туруп бир саат кайталоо сабагын ѳтѳбүз. Ал эми кечинде 6дан 7ге чейин апабыз тамак даярдайт, балдар телефон карап, каалагандарын кылышат. Атасы кѳңүлү келсе апасына тамак жасоого жардам берет же балдардын сабагына даярдык кѳрѳт. Бир саат тамактанган соң 8ден 9га чейин кечки сабак. Бул тартип биз конок тоссок да, конокко барсак да бузулбайт. Конокко барган жерде да балдарым сабак окуу керектигин унутпай, убакыт бѳлүшѳт. Биздин бул сырыбызды билген жакындарыбыз туура түшүнүп, колдошот.

— Телефон колдонууда да атайын үй-бүлѳлүк эрежелер барбы?
— Балдарыма жумасына бир жолу сый акча берем. Кызым 5-класс, ага 500 сом, уулум 3-класс, ага 300 сом. Алар дароо апасына берип каттырышат. Мен болсо акчаны катканды да, коротконду да билгиле дейм. Ошентип, жарымын колдонуп, жарымын чогултуп жүрүшчү. Ошондой эле менин 3-деңгээлди жакшы бүтүрүшсѳ телефон алып берем деген убадам бар эле. Акыркы кезде экѳѳ тең жѳнѳкѳй телефон кѳтѳргүлѳрү келбей жаңы телефон деп калышкан. Анан чогулткан акчаларына акча кошуп жаңы телефон алып бердик. Албетте, телефонду алтын эрежелер менен колдонушат. Уруксат берилген саатта эмнени карап, кантип колдонуп атышат, кийлигишпейм. Колдонуу убактысы бүткѳндѳ, тактап айтканда, 17:59да экѳѳ тең телефондорун белгиленген ордуна – пианинонун үстүнѳ коюшат. Башка маалда бейчеки кармагандарын кѳрбѳйм.

— Сый акы берет экенсиз, ал эми жаза колдоносузбу?

— Жок, жаза колдонбогонго аракет кылам. Ал турсун балдарыма тапшырма да бербейм. Бала деген бала, баары бир оюнга алаксыйт, унутат. Тапшырма аткарбаса мен капа болуп, бала ал үчүн күнѳѳлүү болуп, маселе кѳбѳйүп кетет. Жакшысы, жогоруда айткандай үзгүлтүксүз гана окуй берүү керек. Жакында үчүнчү наристем 5 жашка толуп, ал да тил үйрѳнүүнүн алгачкы баскычтарын баса баштады. Мен балдарым 15-16 жашка чыкканча болгон билгендеримди мээрим, камкордук менен берип калууга ашыгып жатам. Эртең эле ѳз алдынча болуп, жеке тандоолорду кыла башташат. Ошондо да бул үйрѳнгѳндѳрүнүн жардамы тийиши керек.

— Чын эле кийин ата-эне ѳкүнүп, бала кыйналып калбашы үчүн бүгүн кандай аракеттер кѳрүлүүсү керек?
— Коомдо ушундай, байдын балдары ата-энесинин эмгектенгенин кѳрүп кийин аны кайталап иштеп, бардар жашайт. Окумуштуу, дарыгерлердин балдары да ата-энесинен кѳргѳнүн кайталап дурус эле жашоого жетишип алышат. Ал эми карапайым жашоодогулардын балдарына кыйын болуп калат. Биздин калктын басымдуу бѳлүгү жѳнѳкѳй жашоо, карапайым кулк-мүнѳздѳ. Мына ушул катмар кыймылга келсе жакшы болмок. Ата-эне баласынын келечекте татыктуу жашоосуна кам кѳрүүсү керек. Бул үчүн ата жеке эс алууну тандап бильярд ойноп кетпей үй-бүлѳсү менен эс алууну тандасын. Балдары менен ойносун, окутсун, сүйлѳшсүн. Мындай учур сѳзсүз баланын эсинде калат. Ата-эненин ѳзгѳчѳ камкордугуна чулганып ѳскѳн бала кийин ата-энесине ошондой камкор болот. Кичинесинде бир нерсени мыкты үйрѳнгѳн бала кийин экинчи нерсени да жакшы ѳздѳштүрѳ алат. Баланын үйрѳнүү шыгын кичинесинде ойготуу зарыл. Ата-эне ѳзүнѳ «балам чоңойгондо кандай кылып оокат кылат?» деген суроону берип, изденип, так жообун тапсын. Маселен, мен сабактын алдында балдарыма суроо салам: «Начар окусам ким болом?», алар «короо шыпыргыч, жүк ташыгыч, пол жуугуч» деп жооп беришет. «Жакшы окуп, жакшы иштесемчи?» «Бардар жашоодо, каалаганын ала алган, максатына жете алган адам болом» деп жооп беришет.


— Сиз кандай тарбияда ѳскѳнсүз? Атаңыз Жаныбек Жанызак ѳз учурунун ѳзгѳчѳлѳнѳ алган адамы эле…
— Атам бизден мен 4 жашымда кеткен экен. Биз апамдын тарбиясында чоңойдук. Кичинекей кезибизде апам узун чыбыкты килемдин алдына бастырып койчу. Кечинде тапшырма сураганда кимибиз аткарбаган болсок, ошонубуз чыбык менен шыйракка жечүбүз. Мени шыктандырып, зор күч берген апамдын сѳздѳрү болду десем жаңылбайм. Акыл токтотуп калган кезибизден баштап апам бизди башкаларга мактап гана турчу, ар дайым жакшы гана жагыбызды айтчу. Эсимде, дайыма «менин балам билимдүү болот, калемдин учу менен акча табат» дечү. Кийин университеттен корей тилин гана эмес, корей маданиятын, экономикасын, мамиле, үй-бүлѳ институтуна чейин окутушту. Мотивациялык китептерди сунуштап, сонун кеңештерди бѳлүшүшчү. Ошолордун таасири менен го, студент кезде эле «менин балдарым кичинесинен жакшы жашашы керек» деп чечкем.


— Алдыда балдарыңыз үчүн койгон кандай чоң максатыңыз бар?
— Балдарымдын терең билим алуусу үчүн билген мүмкүнчүлүктѳрүмдүн баарын пайдаланайын деп жатам. Япония, Америка, Корея, айтор, бардык алдыңкы ѳлкѳлѳрдѳ билимге умтулган жаштарды колдогон фонддор бар. Алар аркылуу окууга тапшыруу да, ѳтсѳ билим алуу да бекер болот. Бул мүмкүнчүлүктү пайдалана билсек, жылына он миң доллар акы тѳлѳѳдѳн кутулуп, ай сайын миң доллардан стипендия алып окууга мүмкүнчүлүк бар. Буюрса, Кореядагы ушундай мүмкүнчүлүктѳрдү пайдалануу менен тѳрт балама тең мыкты билим берүү – аталык чоң максатым.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуБиринчи жолу Бишкекте Франчайзинг форуму өтөт
КийинкиНазира Жетигенова: Мен дүйнөдөгү эң мыкты таенемин