Кыргыз ата-энелер ѳнүккөн өлкөлөрдөгүдөй балдары менен чогуу кыялданууну олуттуу иш катары кабыл алышпайт. Ал эми туура максат коюу ийгиликке жетүүнүн ачкычы экендигин билген ар бир адам ишти ушундан баштайт. Сиз да бул нерсеге олуттуу карап, балаңызды максат коюуга үйрѳтсѳңүз, келечек балаңыз үчүн кенен, сиз үчүн жаркын болот.
- Эмне себептен балдар максаттарын туура койгонду билишпейт? Себеби ата-энелер баласынын ким менен дос болорун, кайсы ийримге барарын, кайсы окуу жайга тапшырарына чейин чечип коюшат. Андан көрө, балаңыздын жыл бою жеткен ийгиликтеринин баарын тизмектеп жазып, тандоо мүмкүнчүлүгүн ага бериңиз. Ишеним артууңуз баланын максатка ѳз алдынча умтулуусуна түрткү болот.
- Балаңызга келечегин элестеткенди үйрөтүңүз. Аны менен бирге отуруп кыялдарын сүрөттөп баракка тарттырыңыз. Каалаган үй же унаасынын сүрөтүн кесип алып өзүнчө дептерге чаптатсаңыз андан жакшы. Бир күнү ватман жана түстүү карандаштарды алып үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге кыялдануу күнүн өткөрүңүз. Мисалы, өзүңүздүн кыялдарыңызды тизмектеп, ага жетүүнүн жолун этап менен көрсөтүңүз. Эгерде бир жылдан кийин чет жерде эс алууну кааласаңыз, азыртан акча чогулуп, алдын ала кам кѳрѳ баштоо керектигин айтып ѳтүңүз. Мындан балаңыздын образдуу ой-жүгүртүүсү өнүгөт, дегеле визуализация – максатты так көрүүнүн бир жолу.
- Балаңыз ийгиликсиздик трагедия эмес экенин билүүсү абзел. Кандай гана катачылык болбосун жаңы ийгиликтин жаралуусуна өбөлгө түзөрүн, муну менен максатка жетүүнүн жаңы ыкмасы пайда болорун түшүндүрүңүз. Керек болсо дүйнөнү багындырган улуу инсандарда да жаңылыштык болгонун, ар кандай шылдыңга кабылганын айтып бериңиз. Бир катачылык кетиргени үчүн чоң максатынан баш тартпасын. Катачылык деген сөздүн ордуна, “кандай кызыктуу кырдаалга туш келип калдым” деген девизди колдонсун.
- Максаттарын анализдөөнү үйрөтүңүз. Алгач кыялдарын тизмектеп жазсын. Эми ага жетүүнүн жолун талдап туруп “каршы” жана “макул” деп белгилеп чыксын. Маселен, келечекте доктур болууну кааласа, ал кесипте канча жыл билим аларын, канча каражат сарпталарын, кандай китептерди окууруна чейин анализдесин. Мындай кылдат иликтѳѳдѳн кийин ал максаттардын өзүнө канчалык керек же керексиз экендигин аныктап алат.
- Комфорттуу жайдан чыгуусуна жардам бериңиз. Максатка жетүү үчүн өмүрү жасабаган жумуштарды кылууга туура келерин, күнүгө жаңы жүздөр менен таанышып, көп жерлерге барарын да билсин.
- “Азыр окуп ал, кийинки турмушуңа кереги тиет” деген ыкма азыр иштебейт. Япониялык изилдөөчүлөр чейректе жогорку баа алган эмес, окуу процесси учурунда китеп окугандыгы үчүн мактоо сөздөрүн уккан окуучулар көп ийгиликтерге жетерин байкашкан. Андыктан балаңызды максатка карай жолунда колдоңуз, ийгилигин баалап белек берип же сюрприздерди жасап туруңуз. Биргеликте сейилдөөгө же кинотеатрга барыңыз, жаккан тамагын жасаңыз, бирок эч убакта мактоо катары акча бербеңиз.
- Кээ бир ата-энелер убагында өзү жетпей калган максаттарын баласына таңуулай беришет. Бул туура эмес. Өзүнүн келечекте ким болорун, эмне иш менен алек болорун өзү чечүүсү кажет.
- Реалдуу максаттар болсун. Кээ бир балдар чыныгы динозаврды каалап, кыялы менен максатын алмаштырып алышат. Кийин максаттары орундалбасын билип чоң психологиялык соккуга дуушар болушат. Мындай болбошу үчүн туура, реалдуу максаттарды коюсун үйрөтүңүз.
- Баарын убактылуу максаттан баштаңыз. Адегенде бир айдан үч айга чейинки убакытта ишке ашчу максат койсун жана аны ишке ашырсын. Бул баланын келечектеги кыймылдарынын кадам сайын кандай болорун билүүгө жардам берет.
- Башка ийгиликтүү балдардын ийгилик сырлары менен бөлүшүңүз, кандай жолдорду басып өткөндүгү тууралуу баяндаңыз. Муну менен балаңыз максатка жетүүнүн башка жолдорун билет, анализдөөнү үйрөнөт.