Негизгиге Интервью Эне, сага кандай мактоо жарашат? Эне, сенден ким сыймыкты талашат?

Эне, сага кандай мактоо жарашат? Эне, сенден ким сыймыкты талашат?

147

Эненин мээрими, сүйүүсү, мээнети эч нерсеге теңдешсиз! Баласына татыктуу тарбия берип, эл катарына кошуу үчүн уйку бетин көрбөй мээнет кылганга деле даяр. Өзгөчө үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин жумушун аткарган аялдар арбын. Алардын катарында биздин каармандардын апалары да бар. Убагында күч-кубатын балдарына арнап өстүргөн энелер учурда кыргыз элине кызмат кылып, төбөсү көрүнгөн уулдарынын урмат-сыйына бөлөнүп турган кездери.

Атай Өмүрзаков, бийчи: “Апам бизге көрсөтпөй түнү ыйлачу”

– Байкем экөөбүздү апам жалгыз чоңойтту. Ал учур 90-жылдар болуп баары кыйналып жашаган кез болчу. Биз үчүн ал жылдар эки эсе оор болду десем болот. Апам бизди эки жумушта иштеп бакты, өзү соттук-медициналык экспертизада кызматкер болчу, кийин соода тармагына өтүп эт сата баштады. Эсимде, түнкү саат 2-3тө туруп жумушка кетет, ошол бойдон кечинде саат 8де келчү. Бир күнү кыйналдыбы, айтор, түнкүсүн апамдын ыйлап атканын уктум, ошондо да бизге сыр бербей көз жашын жашырчу. “Апа, ыйлабачы, бул күндөр да өтөт” деп апамды соороткон учурлар көп эле болду. Байкем менден улуураак болуп ал оор күндөрдү апам менен кошо тартышып калды. Эс тартканда апама кол кабыш кылып короо шыпырып иштечү. Өткөн күндөр унутулуп азыр апам ардактуу эс алууда. Буга чейин туулган күнүндө, майрамдарда алтын, өзүнө ылайык кийим белек кылчумун. Акыркы учурда “мага акчаңды коротуп эч нерсе алып бербе” деп уруша баштады. Быйыл да майрамдын алдында атайын чалып “рахмат, балам, эч нерсенин кереги жок, акчаңды коротпой эле кой” дейт. Бирок мен колдон келсе апама асмандагы айды алып бергим келет…

Талант Кадыров, ырчы: “Апамдын аз уктаган күндөрү эсимде калды

– Атам менен апам ажырашканда мен 4-5 жашта элем. Эсимде калганы, апамдын аз уктап, көп иштегени болду. Филармонияда иштечү, андан тышкары ооруканада медайымдын жардамчысы эле. Ошол эле учурда эки окуу жайда билим алчу. Кийин эс тартканда үйдүн жоопкерчилиги мага жүктөлдү. Инимдин курсагын тойгузуп, үй жыйнап, тамак жасап, кир жууп кадыресе оокат кылып калдым. Ошол кезде балалыгым менен көп нерсеге маани берчү эмес экенмин, азыр ошол күндөрдү эстесем апамдын уйкудан калган чарчаңкы элеси көз алдыма тартылат. Иним экөөбүзгө жаштыгын, ден соолугун, өмүрүн арнады. Азыр колумдан келген сый-урматымды апама арнагым келет. Кудай буюрса, апама арнап жакшы сценарий жазып, клип тарттырып белек кылсам деп аткам, ага бул майрамда жетишпей калдым. Жакынкы айларда клип жарык көрүп калат деп тилек кылып турам.

Эркин Рыскулбеков, алып баруучу: “Кыштын узун түндөрүндө кыялданган күндөрүбүзгө жеттик”

– Апам бешөөбүздү жалгыз багып жаштыгын бизге арнады. Жаңы кийим албай эжесинин кийимдерин кийип жүрчү. Азыркыга чейин духовканын иштеген үнү кулагыма жаңыра берет. Таң эрте туруп буйрутмага алган таттуу токочторду бышырчу. Мугалимдин айдан айга жетпеген айлыгына кошумча акча табуу үчүн кандай гана жумуштарды жасаган жок. Малинада, кызылчада иштедик. Малина го, өзүбүздүкү болчу, кызылчага дунгандарга жалданып эртеден кечке иштеп болбогон тыйын алчубуз. Бешөөбүздүн бала кезибиз мээнет менен өттү. Өзгөчө апам жаны тынбай баарыбызды окутам, багам деп өмүр бою иштеп келди. Светтин акчасын төлөй албай кыркып кеткенде кыштын узун түндөрүндө кебезден жасалган шам чыракты жандырып алып жаркын келечек тууралуу кыялданып отурар элек. Ошол кыялданган күндөр келди. Апамдын мээнетинин, мээриминин жардамы менен баарыбыз эрезеге жеттик. Майрамдарда баарыбыз чогуу апамдын жанында болгонго аракет кылабыз. Жеке мен апамды чет жактарга саякатка чыгарып, эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулаганга аракет кылам.

Кайрат Примбердиев, ырчы: “Апамдын Кудайга жалынган үнү азыр да кулагыма жаңырат”

– Апам 3 баланы жалгыз тарбиялады. Эсимде, 97-98 жылдары аябай кыйын кез эле. Бирде ачка, бирде ток болуп жүргөн кезибиз. Бир күнү таңга маал шыбырттан ойгондум. Апам тизелеп отуруп алып Кудайга жалынып атыптыр, жүзүн жаш жууган. “Кагылайын, Кудай, ушул балдарымдын курсагы ток болсун, ушул балдарым оорубай аман-эсен чоңойсун” деп атыптыр. Ошол күн өмүр бою көз алдымда тартылып калса керек, апамдын ошондогу үнү азыр да кулагыма жаңырат. Азыр менин жетишкендиктерим апамдын мээнети, тилегинин аркасынан келди деп эсептейм. Апам менин жарыгым, ага түбөлүк карызмын. Майрамбы, туулган күнбү, сөзсүз апама көңүл бурам. Биринчи жолу белек кылган алтын шакекти азыр да колунан түшүрбөйт. Келинчегим экөөбүз апама сюрприз жасап тургандан ырахат алабыз.

Максат Садырбеков, ырчы: “Ооруса да апам мени мектепке ташыды”

– Апам болгон ден соолугун, жаштыгын мага жана эки эжеме арнады. Менин музыкалык дараметимди байкап 4-5 жашымда Шубин атындагы музыкалык окуу жайга алып барып фортепианого берген. Бирок фортепиано менен көп иштеш керек экен, ал жылдары апам ооруп жүргөндүктөн мага аспап алып берүүгө шарты жок болчу. Ошентип чыгарып алды. Ал күндөрдү апам азыр деле каңырыгы түтөп эстейт, көзү жашылданат. Анткени кийин ден соолугу оңолуп, шарты болгондо барсак менин жаш курагым өтүп кетиптир. Апам менин курсагымды тойгузуп, кийимимди бүтөгөндөн сырткары чыгармачылык дараметимди ачууга ошондо эле аракет кылган. Мен апама өмүрүм өткөнчө карызмын. Ага кандай кызмат кылбайын, баа жеткис белек тартуулабайын, баары бир аздык кылат.

Кубаныч Сатаев, ырчы: “Апам жер иштетип, мал багып бизди бакты”

– 1993-жылы эл кыйналып турган кезде атаман ажырадык. Жумуш жок, акча алмашып эл алапайын таппай турган кез. Кыйналганыбыздан таенем ак ичип турушсун деп бир уйун берди. Чоң атам, апамдар каралашып атышты. Ага карабай аял үчүн бир үйдүн түйшүгүн тартуу оңойго турган жок. Тез жардам кызматында иштеп, андан сырткары төө буурчак айдап, мал багып тиричилик кылып аттык. 12 жашыман тарта оокатка аралаштым, эркелик эмне экенин билген жокмун. Апам да иним экөөбүздү катуу кармачу эле, отуруш, кыздарга жолугушууга баруу деген бизде болгон жок. Апам бизди кыйбай күйөөгө да чыккан жок, балдарын андан бийик койду. Мектепте окуп жүргөндө жылда майрамда апама гүл берчү элем. Кийин келинчегим экөөбүз алтын, кийим берип аттык. Ошондо да биздин жакшы жүргөнүбүз чоң белек деп калат. Буюрса, келечекте чет мамлекетке барып эс алдыргым келет.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here