Негизгиге Интервью Эрнест Абдыжапаровдун уулу Санжар: Тартуу иштеринде атам экөөбүз талашып кетебиз

Эрнест Абдыжапаровдун уулу Санжар: Тартуу иштеринде атам экөөбүз талашып кетебиз

300

Сценарист, режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун уулу Санжар мырза менен кызы Перизат айымды атасынын колуна кол, бутуна бут болуп дайым жанында жүргөндөрүн көрүп жүрөбүз. Демек, келечектеги дагы эки мыкты режиссёр тарбияланып жатат деп түшүнсөк болот. Атага тете уул болгон оператор, кинорежиссёр Санжар Абдыжапаровду маекке чакырдык.

Санжар мырза, Эрнест агайдын канча баласы бар?

— Биз үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, мен ата-энемдин жалгыз уулумун. Менден улуу Гүлкайыр эжем азыркы тапта Америкада билим алып, иштеп жатат. Турмушка чыга элек. Ал да чыгармачылыкка жакын, бизге кээде  сценарийлерди жазып берип турат. Карындашым Перизат эки баланын энеси болду. Өзүнүн кесиби чыгармачылыктан алыс, бирок экинчи режиссёр, гримёр болуп иштеп калат. Ал эми кичүү карындашым мектеп окуучусу.

— Биз агайды токтоо, эч ким менен карама-каршылыкка барбаган адам катары билебиз, үйдө кандай ата?

— Биздин үйдө кичинекей кезибизден эле китептердин түрлөрү көп турчу, бош убактысы болгондо эле атам китеп окуп, бизди да ошого үндөчү. Дайыма гитара ойноп, ыр чыгара берчү. Сыналгыны такыр көрчү эмес. Бизге эч катуу сүйлөгөн жок, баарын акырын эле түшүндүрүп койчу. Дегеле биз эркин чоңойдук. Кичинекей кезимде мен тентек болчумун да, ошондо деле катуу урушуп же колу тийген эмес. Бир жолу карындашыма үнүн өктөмүрөөк чыгарып “акырынчы” деп айтып алыптыр. Андай үндү укпаган карындашым ыйлап жиберип, атам кайра кечирим сураган. Эртең менен эрте туруу, билим алуу керек деген сөздөрдү көп айтчу.

— Сиздин балалык чагыңыз тасма талаасында өттүбү?

— Мен биринчи класстан бешинчи класска чейин таенемдин колунда, Жалгыз-Өрүк айылында өстүм. Ата-энем иштеш керек болуп мени беришкен экен. Кийин ата-энеме келгем, бирок тентектигим ашып кетип кайра эле айылга жиберишкен. Анткени ал жакта таякемден сестенип турчумун. Ошого карабай далай тентектик кылдым го. Өзүм уктаганды аябай жакшы көрчүмүн. Күн сайын тургум келбегенине карабай таякем эрте тургузуп мектепке жиберчү. Бир жолу эрте барып алган экенмин, класстын ичиндеги лаборатория бөлмөсүнө кирип уктап калдым. Сабактар бүткөндө мектептен келген киши болуп үйгө бардым. Бир айга чейин ушинтип уктап жүрдүм. Анан таякем классташымдан сурап калып айыбым ачылган.

Кичинекей кезимде апам “атаң кино тартат, режиссёр” деп айта берчү. Анда мен режиссёрду камера кармаган адам катары элестетиптирмин. Анан 2-классымда атамдын “Босого” деген тасмасында роль жаратып, алгач ирет кино чөйрөсүнө аралашып калдым. Ошондо тасманы оператор Манас Мусаев тартып жатса, “эмнеге камера менен атам тартпайт?” деп таң калгам. Кийин тасма бир нече кесип ээлеринин эмгеги менен жараларын түшүндүм. Мектепти аяктаганда сүрөт академиясына окууга тапшырдым.

Сүрөтчүлүк кесибиңиздин азыр пайдасы тиеби?  

— Мектеп курагымда сүрөттү жакшы тартчумун. “Босого” тасмасынан кийин оператордун жумушуна көбүрөөк кызыгуум арта баштаган. Анан үйдөгү 100 сүрөттү чогултуп мультфильм жасап, клип да тартып көргөм. Ошону көргөндө атам башкача сүйүнүп, таң калып мактаганы эсимде. Атаңдан мактоо сөздөрүн угуу чоң шык, дем берет экен. Өзүмдү абдан бактылуу сезгем. Кийин сүрөтчүлүк талантымды өнүктүрүү максатында окууга тапшыргам, бирок техникага жакын болуп операторлук кесипти тандап алдым. Сүрөтчүлүк кесибимдин, албетте, пайдасы тиет, тасма тартууда сүрөтчүнүн ролу абдан чоң.

— Тасма талаасындагы эмгек жолуңуз кантип башталган?

— Биринчи жолу атамдын “Айыл өкмөтү” тасмасында жумушчу болуп иштегем. Күнүгө таң атпай беште үчөөбүз туруп отун жарып, чай кайнатып тартуучу топтун баарына чай берип, айтор, жумуштардын баарын жасап аябай кыйналганбыз. Кечинде да баарынан кеч жатчубуз. Ошондо съёмкадан ушунчалык тажаган жаныбыз кетерде аябай сүйүнгөнүбүз эсимде. Бирок шаарга келгенде кайра эле тартуу процессин сагына баштагам. Анан 2007-жылы “50 сом” аталышында толук метраждуу тасмамды тарткам. Ал тасмам Эл аралык фестивалдарга да катышты. Ошентип уланып кетти. Бүгүнкү күнү оператор катары 16 толук метраждуу, 50 чакты кыска метраждуу тасмам бар. Андан сырткары режиссёр катары “Аят”, “Тозокко карай жол”, “Участковый” аттуу үч тасма жараттым.

— Атаңыздын тасмаларында кандай учурларда иштейсиз?

— Ар кимибиз өз жумуштарыбыз менен алекпиз, качан гана атама жардам керек болгондо, башкача айтканда бюджет аз болгондо бизди чакырып, баарыбыз жапа тырмак иштейбиз. Атамдын акыркы тасмаларында көбүрөөк иштеп калдым. Мисалы, “Саякбай” тасмасында экинчи оператордун кызматын аткардым. “Боз салкында” сүрөтчүнүн жардамчысы болсом, жаңы тартылган “Ак салкын” тасмасында оператор болдум дегендей.

Атам менен иштешүү жеңил эле. Кээде тартуу учурунда көп жерден атам экөөбүз талашып кетебиз. Атам өз идеясын айтып, мен да өзүмдүкүн бербей туруп алсам акыры макул болот. Негизи эле атам жумуш учурунда бирөө менен урушуп кеткен учур болгон эмес. Баарынын тилин таап, өзгөчө мамиле жасайт. Мен атамдай мыкты режиссёр болууга умтулам, өзүнчө студия ачууну да пландап жүрөм.

— Атаңыздын ырчылык өнөрү сизде да барбы?

— Атам аспаптарда ойноп, ырдап отурганда кызыгып барып “ата, үйрөтүңүзчү” деп суранып “Ямаха”, гитара черткенди үйрөнгөм. Кичинекей кезимде досторум менен отурганда гитара менен ырдап калчумун. Мектептеги иш-чараларда да активдүүлүгүмдү көрсөтчүмүн. Азыр деле кез-кезде чертип калам. Бирок профессионалдуу ырчы болуу оюмда жок.

 — Апаңыз тууралуу сөз кылып кетпесеңиз болбос?

— Апам менен атамдын үйлөнүү тарыхы “Боз салкын” тасмасына окшош. Атам апама ала качып үйлөнгөн. Атама караганда апам бизди катуураак кармады. “Жакшы окугула” деп биздин үй тапшырмаларыбызды аткаруубузду дыкат текшерген апам болчу.

— Сиздин жубайыңыз да чыгармачылык чөйрөдөнбү?

— Негизи, жубайымдын эки кесиби бар, биринчиси, эл аралык мамилелер багытында болсо, экинчиси банк кызматкери. 2012-жылы экөөбүз үйлөнгөндөн кийин слайд-шоу, үй-бүлөлүк видеолорду жасай берчү. Анысы баарыбызга жагып мактап калчубуз. Кызыгуусунан улам бат эле өздөштүрүп алды, мен да жардам берип турдум. Ошентип, ролик, кыска метраждуу тасмаларды четинен монтаждап отуруп, “Саякбай” тасмасын монтаждаган деңгээлге жетти. Азыр мага караганда жакшыраак билет. “Эл эмне дейт?”, “Мыкы шоу” долбоорлорунун үстүндө да иштеди. Азыркы тапта бизнес жаатында иш алып барып жатат.

— Кантип таанышып калгансыз?

— Биз 2010-жылы таанышканбыз. Ал кезде мен бир кыска метраждуу тасма тартайын деп каарман издеп жүргөм. Ошондо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеген досум “Айзада деген кыз бар, көрсөң сүйүп каласың” деп калды. Мен көңүл деле бурган эмесмин. Анан видеопробага Айзаданы алып келиптир. Ошол жерден таанышып, сүйлөшүп калдык.  Азыр Айзада экөөбүз эки кыз, бир уулдун ата-энесибиз. Балдарым сегиз, алты, бир жарым жаштарда. Алардын да үндөрү жакшы, бир музыканы укканда жаттап алышат, кайра кайталап ырдап коюшат. Балдарыбыздын келечектеги кесибине кийлигишпейм, өздөрү каалаган кесипти аркалоосуна шарт түзүп берем.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЭне, сага кандай мактоо жарашат? Эне, сенден ким сыймыкты талашат?
КийинкиЖайнагүл: Жолдошумдун мага атаандашуусун кантип калтырам?