Негизгиге Ааламда Эки тилегине тең жетпей кеткен Болот Шамшиев

Эки тилегине тең жетпей кеткен Болот Шамшиев

437

Кыргыз керемети учурунун өкүлү, кыргыз киносунун беделин көтөргөн, легендага айланган атактуу режиссёр Болот Шамшиевдин көзү тирүү болгондо 80 жаш мааракесин белгилемек. Өзү акыркы жылдары Кожомкул баатырдын атасы тууралуу кино тартууну пландап жаткан, ал эми быйыл мааракесин жакындарынын арасында өткөрүүнү ниет кылган. Тилекке каршы, 2019-жылы 21-декабрда оорудан улам эки тилегине тең жетпей арманда кете берди. Залкарды, анын басып өткөн жолун жакындары төмөнкүдөй эскерди.

Чоро Думанаев, КРнын эл артисти: “Акыркы эмгегин тарта албай арманда кетти”

  • Болот Шамшиев өтө адамгерчиликтүү, элден мурда өзүнө талап коё билген инсан эле. Акыркы жылдары Кожомкул баатырдын атасы тууралуу тасмасын тартып, элиме бир чоң эмгек калтырып кетейин деп байма-бай айтып жүрдү. Бийликтен колдоо издеп улам кайрылды, кулак түргөн эч ким болгон жок. Ким президент болсо да жок дегенде бир киного каражат бөлүп берсе дечү. Ортодо ары-бери урунуп, жан дүйнөсүнө бүлүк түшкөн маалда күчүн кагаздан чыгарды. Үйүнөн чыкпай, түн уйкусун бөлүп бир катар чыгармаларды жазды. Акындык жайы да бар эле, анын жазган ырларын иниси китеп кылып чыгарам деп жаткан.
    Мурат Мамбетов, режиссёр: “Кара унааны араң таап келгем, бирок кино тартылбай калды”
  • Болот Төлөнович менен 2009-жылы “Жаңгак токоюнун арбактары” деген тасма тартып баштадык. Мен экинчи режиссёру элем. Ал жерде сценарий боюнча дарбаза ачылып, кара унаа келип токтогон жери бар экен. Ошол кара унааны шаарды түрө кыдырып таппай койдум. Эски үлгүдөгү чыкпай калган унаа болчу. Кызылын, агын, көгүн табам, бирок карасын таба албай убарамын. Айлам кетип: “Болот Төлөнович, башка түстөгүсүн деле тарта бербейлиби?” десем, “кара деп жазылып турабы, демек, кара! Тапмайынча тартуу иштерин баштабайбыз” деди. Ошо менен Ош шаарына барып кокусунан дал сценарийде сүрөттөлгөн унааны таап алдым. Тилекке каршы, каржылоо жок болуп кинону тартуу иштери токтоп калды. Эгер оюбуз ишке ашканда эл аганын жакшы эмгегине күбө болмок. Негизи, эле Болот ага абдан талапчыл эле. “Бөрү зындан” тасмасында Бабахандын ролун казактардын эл артисти Кененбай Кожобеков аткарган. Анын “что вы возитесь?” деген эки ооз сөзү режиссёрдун оюндагыдай чыкпай, эртең мененки саат сегизден кечки саат төрткө чейин тартканбыз. Болот ага эпизодду мындай кой, ар бир сөз оюндагыдай тартылбаса ыраазы болчу эмес.

Бурул Кошоева, замандашы: “Экөөнүн мамилесине суктанчумун”

  • Биз Болот байке менен жаш кезден бери тааныштыгыбыз бар. Айтургандын азыркыга чейин жакын курбусумун. Көп жыл бою жакын жашагандыктан алардын үйүнө барып калчумун. Чыңгыздын бала багуучусу бар эле, ал кеткен учурда баланы мен карашчумун. Кыргызда аялды алгандан кийин өчүрүп, үйгө камап коюшат эмеспи. Болот байке андай болгон жок, тескерисинче, Айтурганга төрөсө да бардык шартын түзүп берип жүрдү. Айтурган Темированын атын чыгарган Болот Шамшиев болду десем калп айтпайм.
    Ал кезде мен турмуш кура элек болчумун, байке съёмкадан чарчап келет, ачуусу келип калганда Айтурган жумшак, мээримдүү сүйлөп койсо жини тарап кетчү эле. Ал кезде мен бойдок болчумун, экөөнүн мамилесин көрүп таң кала берер элем. Ортосундагы жаш айырмадан уламбы, бири-бирине сый-урматы чоң эле. Кийин Сүйүүтай менен Чыңгызга: “Апаңарды көздүн карегиндей сактагыла, биз экөөбүз жашап жүргөндө жоктон бар кылып, береке Айтурганда болчу экен”,- дегенин өз кулагым менен уккам. Кокусунан жолугушуп калган жерлерде: “Айтурган менен жашабай калсам деле мени менен көргөн жерден учурашып, сүйлөшүп коюп турсаң”,- деп калчу. Айтурган Темирова, биринчи жубайы: “Сотто ажырашканыбыздын себебин таппай койгонбуз”
  • Болот экөөбүз бири-бирибизге эркиндик бердик десем болот. Чогуу жашабай калганыбызга үч жылдай болгондо: “Эмиратка элчи болуп кетип жатам, ажырашууга арыз жазыш керек болуп жатат”,- дегенинен бардым. Арызда эмне себептен ажырашканыбыздын так себебин көрсөтүү керек экен. Ошондо эч кандай себеп жок экенин айтсак таң калышкан. Балдарыбызга да “атаңар ата бойдон калат, силерди мурдакыдай эле жакшы көрөт” дегем. Кийинки никесиндеги балдары менен да мамилебиз жакшы. Эгер беш баласынын ортолорунда ажырым болсо, анда Болот Шамшиев көрүндө тынч жата албай калат го. Менин эки балам да “мурда экөөбүз элек, эми бешөөбүз болуп калдык” деп кубанышат. Биздин мамилебиз аягына чейин жакшы бойдон калды. Мен анын талантын абдан баалайм, Айтматов менен бир деңгээлдеги киши катары көрөм. Экөө дайыма бирге жүрүп, сценарий жазып ой бөлүшөт эле. Айтматов: “Ай, Боке, сен абдан таланттуусуң, жазбайсыңбы”,- деп калчу. Айтматовдун чыгармаларына кино тартканда боёкторду кошуп, ийине жеткире иштечү.

Ая-София Шамшиева, жубайы: “Диагноз туура эмес коюлуп, оорусу күчөп кетти”

  • 2007-жылы бир эжебиз аркылуу таанышып калдык. Биринчи жолугуубуз кафеде болду. Менден каяктын кызы экенимди, билимимди, үй-бүлөдө канча бир тууган экенимди, учурда кайда иштеп, жашаарымды аябай казып сурады. Кийин билип алгандан кийин күндө жумушума келип тосуп алат, жагымдуу белектерди берип көңүлүмдү ала баштады. 2,5 ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бир жылдан кийин тун уулум Алинурду, андан 1,5 жылдан кийин Эрназарды төрөдүм. Ошондо мага: “Уулдуу болууну отуз жыл кыялдангам”,- деп ыйлады. Атасын кубанткан ошол балдарымдын улуусу 12ге, кичүүсү 11ге чыгып калышты. Кийин кызыбыз Аянаны төрөдүм. Ошондо достору: “Боке, эсиңдеби, 20 жыл мурда эки уул, бир кыздуу болууну кыялданчусуң”,- деп атышпайбы. Кудай жолдошумдун тилегин орундатыптыр деп ичимден таң калдым. Бизде баары жакшы болчу, каза болордон бир канча күн мурда тойлордо, куран окуткан жерде жүрдүк. Негизи, өзү тамакты тандап жечү, ошол кафеден туура эмес тамак жеп алдыбы деп ойлойм. Көп өтпөй ооруп калды, дене табы түшпөй доктур чакырдык. Врачтар тамакка ууланды деп дарыларды сая беришкен, көрсө, башынан эле диагнозу туура эмес коюлуптур. 2012-жылы өтүнөн операция болгон, ошол оорусу козголгон экен…

Сүйүүтай Шамшиева, кызы: “Атам руханий байлыкка маани берчү”

  • Атам бизге келгенде жумшак эле. Бирок кээде актёрлорго талап койгондой, бизге да катуу талап койчу. Эсимде, 6-класста сабактан ыр жаттап келгиле деп тапшырма берди. Ал күнү апам үйдө жок, ырды атама жаттап айтып бердим. Улам жактырбайт, “көркөм айт, эмоцияңды ачык чыгар” деп эки саат кыйнаган. Мен болсо улам күлкүм келип айта албайм, ансайын жаратпай талап кыла берген. Атам руханий байлыкка абдан маани берчү, адамдын жан дүйнөсү бай болушу керек дечү. Бизден китеп окуубузду суранчу. Дасторконго отурганда живопись, поэзия, балет тууралуу сүйлөшчүбүз. Өзү бир нерсени айтып берип: “Сенин оюң кандай?” деп биздин көз карашыбызды кичинебизден калыптандырды. 2019-жылы эки китеп чыгарды, ооруп калып бир айын жандандыруу бөлүмүндө өткөрдү. 2020-2021-жылы өзүнүн чыгармасынын негизинде кино тартмак, анан 80 жылдыгын өткөрмөк. Тилекке каршы, ал каалоосуна жетпей кетти…
    Алина Касенова, келини: “Атам менен баарлашканда өзүмдү акылдуу сезчүмүн”
  • Алгачкы жолу Болот ата менен жолугууга барганда Чыңгыздай акылдуу, адептүү уулду тарбиялаган атанын өзү кандай болду экен деп бир аз сүрдөдүм. Албетте, Болот Шамшиев жөнүндө ага чейин көп уккам, анын чыгармачылыгына суктанып, мыкты тасмаларын көрүп чоңойгом. Атам алгачкы жолугушууда эле мени жылмаюу менен тосуп алды, Чыңгыз экөөбүз бири-бирибизди толуктап турарыбызды айтты. Мен үчүн ал сонун кайната болду. Аны менен өзүңдү эркин сезип, каалаган темада сүйлөшсөң болот эле. Кээде жаш жигит менен сүйлөшүп жаткандай сезилчү. Баарлашып жатып өзүмдү акылдуу сезип кетчүмүн, анткени ал маектешинин өзүн-өзү баалоо сезимин көтөргөндү билчү. Менин уюштуруу жөндөмүмдү сынап көрөйүн деди окшойт, мага “Эсимде” китебинин бет ачарын тапшырды. Бир чети сыймыктандым, бир чети корктум. Аземдин аягында: “Алиночка, бул эч нерсе менен салыштыргыс уюштуруу болду. Мен абдан кубанычтамын!”- деди. Ушул сөзүн такыр унутпайм.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуБал аары азыктары
КийинкиТабитиңиз тарткан тамак – так мүнѳзүңүздү айтат