Негизгиге Психология Табитиңиз тарткан тамак – так мүнѳзүңүздү айтат

Табитиңиз тарткан тамак – так мүнѳзүңүздү айтат

6697

Тамак-аш – организмди азыктандырат, карууга күч берет, маанайды кѳтѳрѳт. Ал турсун дайыма эңсеп, издеп, жеткен кезде ырахатка батып таткан тамак адамдын мүнѳзүн ачып берет экен. Эмесе, жакшы кѳргѳн азыгыңызды жакшылап тактап алыңыз да, мүнѳзүңүзгѳ дал келерин байкаңыз.

Ачуу азыктарды сүйгѳн адам баарына жетишкиси келет

Кандай тамак болбосун ачуу татымалдарды кошуп жеп, ачуу тамактарды айланып ѳтѳ албагандар ѳзүн сынап кѳрүүдѳн ырахат алышат. Жашоодо тобокелдикке баруудан коркпойт, эс алууда парашют менен секирип, бийиктикке чыгып активдүү кѳңүл ачууну жактырышат. Дүйнѳгѳ жүрѳгүн ачып салган ачык, чечкиндүү, ѳзүн да, башканы да баалай билет. Бир калыпка түшүп калган жашоодон тажап, тез стресс болуп кетишет. Жашоо образын бат ѳзгѳртүп, баарына жетишүүнү каалаганы каалаган. Бирок ѳзүн ашкере кыйноодон улам тез чарчап калат.  

Таттуудан баш тарта албагандар жардам кылуудан аянышпайт

Таттуунун кайсы түрүнѳн болбосун баш тарта албаган, чѳнтѳгүндѳ, сумкасында дайым момпосуй жүргѳндѳр – эң жагымдуу адамдар. Чыр-чатактан алыс, кызыктуу маектеш, мамилечил, абдан боорукер келишет. Жардам берүү үчүн колунан келген аракетин кѳрѳт. Абдан романтик. Бирок мындай сезимталдыгынын айынан баарын жүрѳккѳ жакын кабыл алышып, тез таарынып калышат. Кыйынчылыктарды оор ѳткѳрүшѳт. Жалкоолугу тез-тез кармап турат да, маанилүү иштерди чечүүнү деле кийинкиге жылдырып коюп жүрѳ беришет.    

Эт азыктарын жактыргандар эң мыкты сапаттарга ээ болушат

Эт жемейин ѳзүн ачка сезе берген адамдардын эң жаман кѳргѳнү – бирѳѳнүн кѳзѳмѳлү. Эч кимге отчёт берип, баш ийгиси келбейт. Шишкебек, стейкти танбай жегендер – кирешеден жолу мыктылар. Ошол эле маалда ѳзүнѳ бекем ишенген, жигердүү, берешен, айкѳл келишет. Ал эми тоок, үндүк жана башка куш эттерине табити тартып турган эркектер да, айымдар да үй-бүлѳгѳ камкор келишет. Булар үчүн үйүндѳгү ыңгайлуулук менен үй-бүлѳсүндѳгү ынтымак ѳтѳ маанилүү.   

Сүт азыктарын жактыргандар жанда жок сезимталдар

Сүт азыктарын абдан баалап, аны күнүмдүк тамак-ашында колдонууга аракет кылгандар – бардык нерсеге маани берип, ар бир ишти так эреже менен жасоого аракет кылышат. Сүт азыктарынын ичинен нак сүттү суусундук катары ичип, деги эле сүттүн ѳзүн жакшы кѳргѳн адам – ѳтѳ сезимтал, аялуу жан болот. Ар дайым бирѳѳнүн кѳңүл буруусун каалап, ѳзүн камкордукта сезгиси келет. Ал эми айранды тажабай ичкендер – жогорку лидерлик сапатка ээ, ѳз алдынча, жигердүү келишет. Алардагы максат – баарын жеке кѳзѳмѳлүнүн алдында кармап туруу.   

Ун азыктарына тартылгандар – тагдырга таарынгандар

Нандан баштап рожки, вермишелдерди түрү менен жактырып, тажабай жегендер жашоодо бир нерседен катуу кѳңүлү калгандар. Түнт мүнѳздүү келип, маселелери тууралуу башкаларга айтуудан качышат. Жашоосунда туш болгон бардык кыйынчылыктарды эч кимге билгизбей жалгыз кѳтѳрүүгѳ тырышат. Мындай адамдар менен оор темада сүйлѳшүүдѳн качып, аларга жѳн гана жакшы маанай тартуулап туруу керек.  

Балыкты сүйүп жеген адам баарына кылдат карайт

Балыкты эңсеп, издеп жегендер жанда жок тыкан, токтоо, оор басырыктуу болушат. Ушундай сапаттарга ээ экенине карабай «бирѳѳгѳ зыянымды тийгизип албасам экен» деп тынчсыздана берген санаачыл келишет. Чыныгы достукту баалап, олуттуу маселелерди терең ойлонуу менен чече билишет. 

Жашылчаларды жактыргандар урушту жактырышпайт

Капуста, сабиз, кызылча баштаган жашылчалардан муздаткычы бошобогондор олуттуу мүнѳз менен терең ойлонуп жүрүшѳт. Максатты так коё билгендиги менен  мыкты карьера курууга жетишишет. Жашылчаларды карсылдатып чийки жегенден ырахат алган буларда үй ичинде да, жумушунда да бирѳѳ менен урушуу деген болбойт. Компромисске тез келишет. Алардын үстүнѳн күлгѳн, шылдыңдаган адамга катуу таарынып калышат. Булар кѳбүнчѳ вегетариандар болушат.     

Мѳмѳ жемиштерди сүйүүчүлѳр – чыгармачылыкка берилгендер

Ширеси тамган мѳмѳ жемиштерден баш тарта албагандар айланасындагыларга мамиле кылуунун жолун мыкты билишет. Ошол эле маалда жан дүйнѳсү туура келбей калса жанындагы адамдын ким экенине карабай бир пикирге келбей коёт. Чыгармачылыкка жакын келип, бул багытта иш алып баргандары ѳз эмгегине кылдат мамиле кыла билет жана кызганчаак келишет.  

Тез татымдарга тартылгандар – жалгыздыкты тандагандар

Фаст-фуд аттуудан кыя ѳтѳ албаган адам – ушак дегенди билбеген, куру сѳздү жаман кѳргѳн мыкты артыкчылыкка ээ. Козголоңдуу жерлерден айланып ѳтүп, ар кандай маселелерде тез чечим чыгара билет. Чоң топ менен иштѳѳ булар үчүн эмес. Чакан жамаат менен же жалгыз иштеп, ѳзгѳчѳ ойлорду мээсинде бышырганды жактырышат.     

Тажабай жеген тамагыңыз кайсы?

Нурдѳѳлѳт Копоев: “Таттуусуз тура албайм”

  • Мен таттуусуз жашай албаган адаммын. Сумкамда жок дегенде 2-3 баш шоколад жүрѳт. Эсимде, 1996-97-жылдары Москвада окуп жүргѳн кезимде “Сникерс” жаңы чыкты. Аябай жактырып, сүйүп жеп баштадым. Бир жолу балдар “Сникерсти кѳп жегенден кийин кѳңүлүң калып калат экен” деп калышты. Таттуу эңсей бергенимден тажаган жаным кѳңүлүмдү калтырмак болдум. Биз ашканада атайын талон менен бекер тамактанчубуз, ошол талонго бүт бойдон “Сникерс” алдым. Бир түштѳнүүнүн баасына 6 даана сникерс келди. Бир отуруп баарын жедим, акыркысын тоюп калганыма карабай кѳңүлүмдү калтыруу үчүн ѳзүмдү кыйнап жеп, оюмда экинчи таттуу эңсебей калчудай болдум. Бирок жарым күн ѳтпѳй кайра эле таттуу издеп баштадым.

Эркин Рыскулбеков: “Тооктун этинен тажабайм”

  • Тооктун этин тажабай жейм. Гриль түрү болобу, куурулган, бууга, сууга бышырылган, шишкебек түрүндѳгүсүбү, айтор, тоок этинен жасалган тамактардын баары мен үчүн.

Элзар Ѳскѳнбаева: “Майлуу эт жемейин эт жегендей болбойм”

  • Менин эң жакшы кѳргѳн тамагым эт. Тамакты эттүү кылып жасаганды жакшы кѳрѳм. Андан калса кара кесек эт жей албайм. Эл эттин майын алып салып жесе, мага майы жок эт супсак сезиле берет. Муздаткычымда эт жок калуу деген болбойт.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуЭки тилегине тең жетпей кеткен Болот Шамшиев
КийинкиИйгиликке жетишкен “күн балдары”