Негизгиге Ашкана Быштактан жасалган таттуу азыктар

Быштактан жасалган таттуу азыктар

617

Мейиз кошулган быштак запеканкасы

Кандай азыктар керек?

Мейиз: 80 г

Аз майлуулуктагы быштак: 750 г

Каймакмай: 100 г

Жумуртка: 3 даана

Шекер: 150 г

Туз: бычактын учунда

Сүт: 100 мл

Манка уну: 150г+30 г

Кантип жасалат?

Мейиздин үстүнө ысык суу куюп 10 мүнөт коюп коёсуз да, андан соң суудан чыгарып кургаш үчүн кагаз майлыктын үстүнө коёсуз.

Быштакты электен өткөрөсүз.

Чуңкур идишке жумурткаларды чагып, ага шекер, тузду кошуп миксер менен аралаштырасыз.

Бул аралашмага быштакты кошуп дагы аралаштырасыз.

Эми сүттү куюп аралаштырасыз.

Анан жумшартылган каймакмайды, анан манка унун кошуп бөлтөгү жок болгуча аралаштырасыз.

Аягында аралашмага мейизди кошосуз. Бөлмө температурасында 10 мүнөт тыныктырып коёсуз.

Чакан калыптын бардык жагын каймакмай менен майлап, ага манка унун себелейсиз. Манка калыптын чекелерине чейин тегиз жармашсын. Ашыкчасын төгүп саласыз.

Даярдалган калыпка аралашманы салып, бетин тегиздейсиз да, 190 градустагы духовкада 45 мүнөт бышырасыз.

Печенье

Кандай азыктар керек?

Быштак: 125 г

Каймакмай: 125 г

Ун: 150 г

Жумуртка: 1 даана

Шекер: 2-3 чоң кашык

Туз: татымына жараша

Кантип жасалат?

Тоңуп турган каймакмайды ирик тиштүү кыргычтан өткөрөсүз.

Ага быштакты, унду, тузду кошуп тез аранын ичинде катуу камыр жууруйсуз.

Камырды пакетке ороп муздаткычка 15-20 мүнөт салып коёсуз.

Жумуртканын агын бир аз көбүргөнчө чаласыз.

Камырды жука кылып (0,5 см) жайып, стакандын жардамы менен тегерек кылып кесип аласыз.

Пергамент кагазы салынган калыпка печеньелерди тизип, бетине жумуртканын агын сүртөсүз жана шекерден себелеп коёсуз.

180 градуста 15 мүнөт бышырасыз.

Ашкабак блинчиги

Кандай азыктар керек?

Сүт: 200 мл

Жумуртка: 2 даана

Ун: 160 г

Шекер: 1 чоң кашык

Шекер упасы: 2-3 чоң кашык

Быштак: 250-300 г

Сода: 0,5 чай кашык

Каймакмай: 1-2 чоң кашык

Ашкабак: 200 г

Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

Кантип жасалат?

Алгач ашкабак пюресин даярдап алуу керек. Ал үчүн тазаланган ашкабакты сууга кайнатып бышырып, пюре кылып эзесиз.

Сүткө жумурткаларды чагып, ага шекер, туз, ашкабак пюресин кошуп миксер менен аралаштырасыз.

Унду кошуп дагы жакшылап аралаштырасыз.

Пайда болгон суюк камырдан кадимкидей эле блинчиктерди бышырасыз.

Начинкасы үчүн быштакка шекер упасын кошуп аралаштырасыз.

Аралашманы ар бир блинчиктин ичине салып ороп, 180 градустагы духовкада 15 мүнөт бышырып коёсуз.

Банан кошулган чизкейк

Кандай азыктар керек?

Жумуртка: 1 даана

Ун: 2 чоң кашык

Банан: 6 даана

Майлуулугу аз быштак: 500 г

Кантип жасалат?

Быштакты электен өткөрүп, жумуртка, унду кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Жакшы бышкан банандарды пюре кылып эзип, жогорудагы аралашмага кошосуз.

Даяр болгон аралашманы калыпка саласыз да, 180 градуста бети ката баштаганга чейин же 30 мүнөт бышырасыз.

Пирог

Кандай азыктар керек?

Ун: 300 г

Каймакмай: 100 г

Жумуртка: 1 даана

Шекер: 200 г

Быштак: 200 г

Көптүргүч (разрыхлитель): 1 чай кашык

Кантип жасалат?

Идишке шекердин жарымын салып, үстүнө жумуртканы чагасыз жана көптүргүчтү кошуп аралаштырасыз.

Жумшартылган каймакмайды кошуп дагы аралаштырасыз.

Унду кошуп камыр жууруйсуз да, тең экиге бөлөсүз.

Бир бөлүгүн тоголоктоп, пакетке ороп, тоңдургучка 30 мүнөткө салып коёсуз.

Быштакты идишке салып, ага шекердин калганын кошуп аралаштырасыз.

Камырдын өзүңүздөгү бөлүгүн жука кылып жайып, калыпка төшөйсүз.

Бетине тегиз кылып быштакты саласыз.

Ал эми тоңдургучтагы камырды алып чыгып кыргычтын ирик тишинен өткөрүп, быштактын үстүнө себелейсиз.

Пирогду 200 градустагы духовкада 30-40 мүнөт бышырасыз.

СоӊкуАта-энеңиздин кайсы адаты сизде бар?
КийинкиТукум кууган наалат