Негизгиге Ааламда Ата-энеңиздин кайсы адаты сизде бар?

Ата-энеңиздин кайсы адаты сизде бар?

2063

Бала – ата-эненин күзгүсү. Ата-эненин баскан-турганы, иш-аракеттерин көрүп бала тарбияланат, кайсы бир сапаттарын, адаттарын алат. Алардан калган адат баланын келечегине, жашоосуна таасирин тийгизет.  

Курмангазы Азыкбаев: “Атам жаштайыбыздан эрте турганга көндүргөн”

-Атам дайыма таң атпай туруп, анан бизди ойготчу. Албетте, балабыз да, тургубуз келбей же уктап калган учурларыбыз да болгон, мен деле уйкуну жакшы көрчүмүн. Бара-бара эрте турууга калыптанганбыз. Ошентип, саат онго чейин көп жумуштарыбызды бүтүрүп алчубуз. “Түштөн кийин жумуш бүтпөйт” деп калчу. Ошол адатым менен мен азыр да таңкы беште турам. Балдарым менен чогуу жашаганда аларды да тургузуп, короо-жайды карап, чогуу спорт менен машыкчубуз. Азыр балдарым да ошого көнгөн.

Кубаныч Сатаев: “Чачылган үйдү көрсөм кыжырым келет”

-Атам аябай таза киши болгон. Үйдө желе-пеле же чаң көрсө деле жөн койбой ошол замат тазалап кирчү. Анан да тамакка абдан чыргоо адам эле. Атамды тартып менде да ушундай адаттар бар. Тазалыкты жакшы көрөм, талап кылам. Кир же чачылган үйдү көрсөм кыжырым келе берет.   

Роза Шакирова: “Атама окшоп катуу сүйлөсөм таарынып калышат”

-Менде атамдын мүнөздөрү, адаттары көп. Атам катуу сүйлөгөн киши болчу.  Мен да катуу тон менен сүйлөйм. Үйгө бирөө келгенде “ай, кел!” деп жакшы эле ой менен айтсам, келген кишиге жактырбай сүйлөп жаткандай сезилет экен. А өзүмө билинбейт. Кээ бир адамдар үнүмдүн катуулугунан улам таарынып да калышат экен.     

Гүлзада Рыскулова: “Атыр себинбесем бир нерсемди унутуп калгандай боло берем”

-Биз бала кезибизде апам жумушка кетип бара жатып күн сайын атыр себинип, буркурап жыттуу болуп кетчү. Ал жыт апам кеткенден кийин деле көпкө чейин сакталчу. Биз апамдын кайсы жакка кеткенин атырынан издеп тапчубуз. Мен да апама окшоп атырды жакшы көрөм. Себинген сайын балалыгымды эстейм, а себинбесем бир нерсемди унутуп калгандай сезимде боло берем.

Кенже Дүйшеева: “Темир-тезектерди көрсөм эле жыйнай берем”

-Мен мүнөзүм, баскан-турганым, жасаган жумуштарымдан бери атамдын көчүрмөсүмүн. Атамдын устаканасында балка-чот, темир-тезектердин баары орду-ордунда турчу. Менин техникага жакындыгым атамдан калган. Бардык нерсеге эпчилмин, үйдөгү бузулган буюм-тайымдарды өзүм эле оңдоп коём. Менин унаамдагы, үйдөгү буюмдарым, ар бири өз-өзүнчө бөлүнүп тыпыйып жыйналып турат. Бири-бирине аралашпашы керек. Кээде жолдошум аралаштырып салса артынан чогултуп ордуларына коюп чыгам. Майда-чүйдө шуруптарга чейин көңүл буруп, эринбей бөлүп чыгам. 

Съездбек Искеналиев: “Үйдөн чыгып алып, кайра кирип карап чыгам”

-Атам менен апам бир жакка барарда эшикти кулпулап, анан кайра ачып алып “эч нерсе унуткан жокпузбу?” деп үйдү бир сыйра текшерип чыгышчу. Ошондо сөзсүз түрдө үй эки ирет кулпуланчу. Менде да азыр ушул адат бар. Эшикти жапкандан кийин “жаптымбы, сыналгыны өчүрдүмбү?..” деп ойлонуп, кайрадан карап чыгам. Анан атам менен апам жоопкерчиликти бийик коюп, чакырган жерге элден биринчи барышчу. Азыр мен да эрте барып алып, бир саат саргайып дайыма элди күтүп калам. Кийинкисинде эрте барбасымды өзүмө убада кылам да, кайра эле бара берем. Кокус бир себептер менен кечигип кала турган болсом, жеткенче чыйпыйым чыгып кетет. Кызыгы, мындай адат менин балдарымда да бар.

Айнура Салахидинова: «Сүйлөнгөнүм атама окшош»

-Менин апам мага «сенде атаңдын кыял-жорук, адаттары бар» деп көп айтып калат. Мисалы, бир жумуш так, “майы чыгып” жасалмайынча ыраазы болбогонумду атама көп окшоштурат. “Бир буюм өз ордунда турбаса жөн эле кыла бербей сүйлөнүп барып өзүң кыласың. Атаң да сендей» деп апам күлүп калат.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуТурдакун Ниязалиев: Ырчылык мен үчүн жөн гана хобби
КийинкиБыштактан жасалган таттуу азыктар