Негизгиге Ааламда Клипмейкерлерден кызыктуу окуялар

Клипмейкерлерден кызыктуу окуялар

865

Ар бир кесиптин өз ооз-кыйыштары гана болбостон, кызыктуу, унутулгус көз ирмемдери да арбын болот. Биз бүгүн ырчынын ырларын көркүнө чыгарып, сюжеттүү видеолорду жараткан клипмейкерлердин иш тажрыйбасындагы кызыктуу окуялар туурасында сөз кылабыз.  

Эрнист Сыдыков: “Тарткан клиптеримдин баары өчүп калды”

  • Жакында эле Толгонай Арзыкеева менен Кудайберди Айтбосуновдун “Бакыт издедим” дуэтине клип тартуу үчүн Караколго 4-5 унаа менен жыйырма чакты киши барганбыз. Клипти суукта тоонун башына чейин чыгып кыйынчылыктар менен эки күн тарттык. Келгенден кийин флешканы командамдагы бир балага берсем, ал ичиндеги видеолордун баарын кокусунан өчүрүп алыптыр. Куба менен Толгонайга айта албай жүрүп бир топтон кийин айтсам, алар туура түшүнүштү.  Бирок чыгымдардын баарын өз чөнтөгүмдөн чыгарып, кайра башынан барып тартып келдик. Ал флешкада дагы башка ырчылар, арасында Гүлназ Чыныбек кызынын да клиби бар эле, ага өзүм айта элек болчумун. Баракчама болгон окуя тууралуу пост жазсам, Алмаз Шаадаев досум Гүлназга: “Угуза элек болсо өзүм угузайын, сабыр кыл” деп жазып коюптур.

Бекзат Маманов: “Ижарага алган кымбат унааны актриса кыз сүздүрүп салган”

  • Мындан эки жыл мурун “Адилет Азимовдун “Махабат” ырына клип тарткам. Сценарий боюнча бала байдын кызын жактырып калат. Ал кыз үчүн атайын “GX” үлгүсүндөгү унааны ижарага алып келип, жакшы эле тартуу иштерин баштайын деп жатканбыз. Элиталык үйдүн короосунан кыз унаасын айдап чыккан эпизод бар эле. Кыздан “унаа айдай аласыңбы?” деп сурасак “ооба” деп рулга отурган. Биринчи жолу айдаганда кадр окшошпой экинчи ирет жайыраак айдоону сунуштагам. Ошондо тиги кыз тормоздун ордуна газды тээп алып унааны сүздүрүп салган. Ошол жерден баарыбыз башыбызды мыкчып, бирок айла жок, клип токтоп калбоосу үчүн сценарийди өзгөртүп тартканбыз. Жаш студент кыз болчу да, ыйлап араң өзүнө келтиргенбиз. Кийин Адилет продюсери экөө унааны төлөп беришкен.

Баяман Осмонов: “Фортепианону көтөрө албай калтырып кетип калдык”

  • 2020-жылдын кыш айларында Мурат Ниматовдун  «Унутуп каласыңбы?» ырынын клибин тартып баштадык. Съёмканын биринчи күнү эле фортепиано, оператордун краны баш болгон бир нече техникаларыбызды алып, бир “Спринтерге” тыгылып алып Ысык-Көлдү көздөй жөнөдүк. Түшкү саат бирлерде жетип, техникаларды түшүрүп баштадык. Кар болгондуктан унаабыз клип тартылчу жайдан бир кыйла алыс токтогон. Кран, фортепиано аябай оор экен, төрт саат дегенде араң ташып бүттүк. Ал арада күн батып, суук боло баштады. Өзүбүзгө керектүү эпизоддорду эки саатта тартып бүттүк, караңгы да кирди. Баягы эптеп түшүргөн техникаларыбызды  кайрадан машинага ташыдык. Фортепианого келгенде эч кимибиздин көтөрүүгө күчүбүз калбай калды. Анан жакын турган бир үйгө калтырып кетип калдык.  

Айберген Чыңгызов: “Клиптеги башкы каармандар кийин баш кошушкан”

  • Мурадил Данияровдун “Бул сүйүү” ырынын клибиндеги сүйүшкөндөрдүн образын жараткан бала менен кыз кийин үйлөнүү тоюна чакырып бизди таң калтырган. Негизи, клипке чейин алар бирин-бири таанышчу эмес. Тартуу учурунда бирин-бири жактырып калышыптыр, аны биз байкаган эмеспиз. Арадан эки ай өткөндө тойго чакыруу кагазын көтөрүп сүйүнчүлөп келишиптир. Мурадил экөөбүз бир чети таң калып, бир чети жаңы үй-бүлөнүн түптөлүүсүнө себепкер болгонубузга абдан сүйүнгөнбүз.

Нурсултан Кубатов: “Тез жардам” унаасын алдап чакырганбыз”

  • Мындан эки-үч жыл мурун Талант Кадыров байкебиздин “Дос” деген клибин тартып калдым. Клипте досун “Тез жардам” унаасы алып кеткен эпизод бар болчу. Ошол эпизодду тартууга келгенде “Тез жардам” кызматынын унаасына чалып сүйлөшсөк көнбөй коюшту. Анан айлабыз кетип бирөө ооруп жатканын айтып алдап чакырганбыз. Дагы жакшы, келген дарыгерлер абдан жакшы адамдар экен, окуянын чоо-жайын айтсак туура түшүнүшкөн.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуКызылчадан жасалган салаттар
КийинкиДи-джей Азамат Бердияров жана жубайы Акмаанай Эшбаева: Жашоого койгон максаттарыбыз бир экен