Негизгиге Интервью Кенже Кубатова, ырчы: «Мен 44, жолдошум 73 жашында уулдуу болдук»

Кенже Кубатова, ырчы: «Мен 44, жолдошум 73 жашында уулдуу болдук»

6

Мукам үндүү, өзгөчө таланты менен угармандарына ырлары жаккан КРнын эмгек сиңирген артисти Кенже Кубатова биздин редакциянын коногу болуп кызыктуу маек куруп берди.

— Кенже айым, жеке концерттен кийин маанайыңыз кандай?

— Көптөн бери жеке концертимди элге тартуулап алсам деген тилегим кечээ жакында орундалып, кубанып турган чагым. Бул концерт болбогондо жанагынча ырды даап ырдайт белем, ким билет… Айтор, оркестрдин коштоосунда фольклор менен эстрада жанрлары  айкалышып жандуу концерт болду.  Мен  күткөндөн да жогорку деңгээде өтүп, угармандарыма эле эмес, өзүмө чоң жаңылык болду десем болот.

-Үнүңүз өзгөчө керемет. Мындай талант кимден өткөн сизге?

-Мен чабандын кызымын. Атам Кочкордо Ак-Жар айылынын тургуну, апам Таластын кызы болгон. Бирок мендеги талант кан аркылуу атамдан да, апамдан да өтсө керек деп ойлойм. Себеби атам Малдыбаев, Фере, Власовдордун учурунда Москвадагы Консерваторияга окууга өткөн экен. Үйдө жалгыз уул болгон үчүн окубай айылда мал багып калыптыр. Бала чагыбызда атам керемет үнү менен ырларды созолонто ырдап калчу. Өзү чарчаганды билбеген, кабагым-кашым дебеген шайыр адам болчу. Апам болсо ооз комузда ойночу эле. Ата-энемдин балким кыялы болгондур. Мен ошол армандарын аткарган, өнөр адамы болуп калдым окшойт.

— Акыркы жылдары сизди чоң сахнадан дээрлик көрбөй калдык. Мындан ары ырларыңызды угуп турабызбы?

— Ооба, буйруса оркестр менен ырдалган жаңы ырларымды кайрадан жандантып ырдап, жалпы элибизге тартууласам деген тилегим бар. Ал эми  буга чейин чоң сахнага анда-санда көрүнгөнүмдүн себеби, башымдан оор сыноолорду өткөрдүм. Кудайым баладан сынабасын экен. Андайды душманыма да каалабас элем. Тун уулум Канат каза болгондон кийин жашоонун кызыгы жок болуп, эч нерсеге көңүлүм келбей  ооруп турбай калдым. Алуучу да, берүүчү да Кудай экен. Ошондон кийин Жаратканым мага уул белек кылды. Кайрадан жашоого кайттым. Мен 44 жашымда, жолдошум 73 жаш курагында Жаңгарач аттуу уулдуу болдук. Ага чейин Төрайым жана Мырзайым аттуу эки кызыбыз бар эле. Бирок кийин үчөө тең жаман оору менен ооруп абдан кыйналдык.

— Эмне болуп оорушту? Азыр жакшыбы?

— Уулумда богок сыяктуу оору пайда болуп, текшертсек залалдуу шишик экен. Мырзайымдыкы болсо боорунан рак клеткасы табылып, анысы өөрчүп канга өтүп кетиптир. Төрайымдыкы башынан болду. Бир учурда үч балаңдын оорусу менен алышкандан өткөн азап жок экен. Борбордо үйүбүз болбогонго мейманканалап жүрдүк. Бир жылга жакын химия алып, акыры жакшы болдук. Азыр Кудайга шүгүр, ал күндөр артта калды.

— Канат уулуңуз атасынын колунда чоңойсо керек эле?

— Токтобек Асаналиев экөөбүз студент кезде баш кошуп, Канатымды 19 жашымда төрөдүм. Ал кезде биз жатаканада жашачу элек. Бир жашка толгондон кийин тушоосу кесилди. Айылдан келген чоң ата, чоң энеси тушоо кесилген күндүн эртеси эле мага айтып кеңешпестен туруп Канатты алып кетип калышты. Ыйлап көпкө жаман болуп жүрдүм. Баламды көрүш үчүн Бишкектен Ат-Башыга каттайт элем. Ошентип баламды беш жашында колума алдым. Сегиз жашка чейин колумда болуп, кийин биз ажырашканда атасы менен Бишкекте калды, мен Кочкорго келдим. Борбордо билим алсын, айылга келгенде эмне, анын үстүнө эркек бала атасынын тарбиясын алып атасы менен болгону жакшы деген ойдо болгон элем.

— Кийин катташып, кабарлашып турдуңузбу?

— Ооба балам менен сүйлөшүп, кабарлашып, келип турчу. 9-классты аяктаганда Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырды. Эс тартып чоңойгондон кийин апанын кадырын билип, мени менен сырдаша баштады. Ал жакты бүткөндөн кийин: “Апа, консерваторияга тапшырганы жатам. Кайсы мугалимге барсам болот? Сиз Бишкекте болгондо сиздин эле окуучуңуз болуп алмак экемин”,- деп калды. Ошентип кеңешип отуруп Улукмырза Полотов агайында окумай болду. Каза болор алдында экзамен берип ырынын сөзүнөн адашып “4” алып калыптыр. Аябай маанайы түшкөнүн айткан эле. Ошол күндөрдө Ат-Башыда той чыгып калып байкесине (атасынын иниси) жардам берүүгө айылга жөнөйт. Каргашалуу күнү түндө үйдө чыгып кеткен боюнча эртеси сөөгү табылып жатпайбы.  Баламды ууланган дешет. Бирок мен ага ишенейм. Мага кабар айтышканда барсам беттери кара-көк тартып, мурдунан чыккан кан катып калыптыр. Муунтулганда ушундай болот деп кийин уктум. Киши колдуу болгон деген ой башымдан эч кетпейт. Чырактай кезинде айрылып баламды жоктоп отуруп калбадыкпы. Тилек максаттары чоң эле.

—  «Аккан арыктан суу агат» дегендей сиз ата-энеңиздин арманын орундатып өнөр аркаласаңыз, сиздин жолуңузду улап кызыңыз да сахнага чыккан экен…

-Балдарыбыздын үчөө тең болуп көрбөгөндөй таланттуу. Бирок атасынын жасаган эмгектери жолдо калбасын деп өнөр жолуна бир эле кызыбыз  Мырзайымды салдык. Атасынын жолун улап комузчулук жагына басым коюп, атасынын чыгармаларын аткарып жатат. Менин концертимде дагы өз өнөрүн тартуулады.

— Жолдошуңуз Зайнидин Иманалиев залкар комузчу, обончу, аткаруучу эмеспи. Улуу инсандын жубайы болуу кандай?

— Залкар комузчунун жубайы болуш сыймык.  Ал адамдын кандай экенин эки ооз сөзгө батырып айта албайсың. Ушунчалык камкор, мээримине баарын батырып турган инсан. Улуу кызыбыз 19 жашка, андан кийинки кызыбыз 18 жашка толду. Кичүү балабыз мектеп жашында. Жакшы күндөрүбүзгө эриш-аркак болуп жаманчылык жандап өттү. Кайгырып мөгдүрөп турганымда жанымда болуп башымды жөлөдү. Азабымды кошо тартышып ыйымды, муңумду укту. Канатымдан айрылганда азабымды кошо тартышып жөлөгөн жалгыз адамым болду. Өнөрдө гана залкар болбостон, жеке жашоодо да залкар адам. Бири-бирибизге болгон сый-урматыбыз өтө терең. Мен ага, ал мага татыктуу жубайлардан болуп ээрчишип бирге түтүн булатып келе жатабыз. Балдарын өзү карап, бөпөлөп өстүрүп келет. Негизи аял заты жашоодо сынса кайра башынан бутуна туруш абдан оор болот. Андай учурда Зайнидин агайыңардай жаныңда түшүнгөн, колдогон адам болуш керек экен.

— Сүйүү жаш өзгөчөлүккө карабайт дегенди далилдеп келесиздер. Жашынын улуулугу кайсы бир учурда өзгөчө байкалган учур болобу?

— Жолдошумдун түпкүлүгү Ысык-Көл тараптан Арык тукумунан болот. Санжыра уламышта Бугу эненин батасын алган Арык баласынын урпактары. Бирок ата-бабалары Кочкордун Кара-Күңгөй айылына келип айтылуу Ормон хан чыккан жерди жердеп калышкан экен.  Келиндердин жүгүнүп салам айткан кыргыздын наркы Көлдө абдан жакшы сакталган эмеспи. Ар кандай кырдаалда, аш тойлордо чогулуп калган учурда улуу муундагы аксакал байбичелер мага жүгүнүшөт. Анткени салт боюнча кайнагасынын жубайы болгон үчүн жолум улуу болуп калат да. Ошондой учурларда гана билинбесе  негизгиси жаш айырмабыз көпчүлүк учурда өзгөчө деле байкалбайт.

-Жолдошуңуздун биринчи турмушундагы балдары менен мамилеңиз кандай? Концертиңизге келиштиби?

— Алар менен мамилем абдан жакшы. Ар дайым кеңешип, кабарлашып, байланышып турам. Таланттан талант жаралат дегендей Рахат менен Айдай абдан таланттуу, мүнөздөрү оор басырыктуу сүйлөгөн сөзү орундуу, тарбиясы мыкты, өнөрлүү балдар. Мен алар менен ар дайым сыймыктанам. Концертке атайын чакыруу бергем. Бирок ошол күнү обончулардын концертине катышкан үчүн шарттарына байланыштуу келе албай калышты.

— Устат же ырчы, өзүңүзгө кайсыны көбүрөөк жакын? Шакирттериңизге көп учурда сын айтасызбы же мактообу?

— Мен көп жылдан бери Кочкор районундагы музыкалык мектепте балдарга сабак берип мугалим болуп иштеп келем. Өзүмдүн окуучуларымды чоң сахнадан көргөндө эч качан сын айтпайм. Ар бир адамдын ырга болгон табити бар болот эмеспи. Шакирттеримди ар дайым мактап сыймыктанаарымды айтып турам. Ал эми устат менен ырчылыкка келгенде экөө тең бирдей мага жакын. Эки ишимден тең эргүү алам.

— Маданият тармагында көп жылдан бери эмгектенип келесиз.  Эл артисти  наамы эмнеге  сизге бериле элек?

-Эмгек сиңирген наамын убагында алган элем. Ал эми Эл артисти наамы эмнеге берилбей жатат, билген жокмун. Балким буйруган күнү берилеттир. Убагында 15 жыл Европаны, дүйнөнү кыдырдым. Кийин эле турмуш шартыма байланыштуу Кочкордо жашап калдым. Балким алыста болгонубуз үчүн жасаган эмгектерибиз тиешелүү деңгээлде жогору жакка жетпей жаткандыр. Шакирттерим кыргыз музыкасына салым кошуп  эмгектенип жатат. Өзүбүз маданиятта дале болсо иштеп келе жатабыз. Бирок мен үчүн элдин кол чаап колдоп, алкап турганынан өткөн сыймык жок. Элдин кызы экениме Жаратканга ыраазымын.

Жаз-Айым Айдекова