Негизгиге Ашкана Пайдалуу ундардан жасалган нандар

Пайдалуу ундардан жасалган нандар

107

Нан – негизги тамагыбыз. Аны баарыбыз жакшы көрөбүз. Бирок кээде ашыкча салмактан чочулап андан баш тартууга туура келет. Келишимдүү келбетке нанды жеп деле ээ болсоңуз болот. Болгону, унду тандоодон жана жасоодон жаңылбашыңыз керек. Учурда ар бир дүкөндө сатылган пайдалуу ундун түрүн алып коюп, даамдуу нандарды жасап жеңиз. Ишенип коюңуз, алар сизге ашыкча салмак кошпойт, тескерисинче, пайда гана алып келет.

Гречка унунан жасалган нан

Кандай азыктар керек?

Суу: 300 мл

Буудай уну: 200 г

Гречка уну: 200 г

Дрожж: 6 г

Өсүмдүк майы: 3 чоң кашык

Туз: 1,5 чай кашык

Шекер: 1 чоң кашык

Кантип жасалат?   

Жылуу сууга шекерди, дрожжду салып жылуу жерге 10 мүнөт коюп коёсуз.   Бетинде бир аз көбүктөр пайда болот. 

Камыр жууруй турган чуңкур идишке эки унду аралаштырып салып, тузду кошосуз.

Үстүнө дрожж кошулган сууну, өсүмдүк майын куюп камыр жууруйсуз.

Камырды жылуу жерге коюп бир саат тыныктырып, андан кийин өзүңүз каалаган формага келтирип дагы 20-25 мүнөт тыныктырасыз.

Нанды 200 градустагы температурада 25-30 мүнөт бышырасыз.

Күрүч унунан жасалган нан

Кандай азыктар керек?

Буудай уну: 1 стакан

Күрүч уну: 2 стакан

Суу: 1 стакан

Дрожж: 1 чай кашык

Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

Туз: 0,5 чай кашык

Шекер: 0,5 чай кашык

Кантип жасалат?

Чуңкур идишке жылуу сууну, тузду, шекерди, дрожжду жана 50 грамм буудай унун кошуп аралаштырып, көбүктөнгөнгө чейин жылуу жерге коюп коёсуз.

Ага өсүмдүк майын кошуп аралаштырасыз.

Анан ундарды кошуп камыр жууруп, жылуу жерге 1-1,5 саат коюп коёсуз. 

Ачыган камырдан өзүңүз каалагандай форма жасап, дагы 15-20 мүнөт тыныктырасыз.

Нандын бетине курч бычак менен 2-3 тилик чийип, 180 градустагы духовкада 40-45 мүнөт бышырасыз.

Кара нан

Кандай азыктар керек?

Буудайдын кара уну: 1 стакан

Буудайдын ак уну: 1 стакан

Кефир: 250 мл

Сода: 1 чай кашык

Туз: 1 чай кашык

Шекер: 1 чоң кашык

Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

Семичке: 40 г

Кантип жасалат?

Бөлмө температурасындагы кефирге туз, шекер, өсүмдүк майын кошуп жакшылап аралаштырасыз. 

Буга семичкени кошосуз.

Кара унга соданы кошуп аралаштырасыз да, суюк аралашманы үстүнө куюп аралаштырасыз.

Эми аз-аздан ак унду кошуп камыр жууруйсуз.

Камырды дароо эле керектүү формага келтирип, 200 градустагы духовкада 30-45 мүнөт бышырасыз.

Сулу унунан жасалган нан

Кандай азыктар керек?

Сулу уну: 3 стакан

Суу: 1 стакан

Дрожж: 10 г

Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

Бал: 1 чай кашык

Туз: жарым чай кашык

Кантип жасалат?

Жылуу сууга бал менен дрожжду салып аралаштырып, 15 мүнөт коюп коёсуз.

Андан кийин баарын аралаштырып камыр жууруйсуз.

Камырды 1-1,5 саат тыныктырып, андан кийин 180 градуста 25-30 мүнөт бышырасыз.

Зыгыр унунан жасалган нан

Кандай азыктар керек?

Биринчи сорттогу буудай уну: 200 г

Зыгыр уну: 200 г

Дрожж: 6-7 г

Өсүмдүк майы: 1-2 чоң кашык

Туз: 1 чай кашык

Шекер: 2 чай кашык

Кантип жасалат?

Жылуу сууга дрожжду, шекерди кошуп аралаштырасыз.

Эки унду, тузду кошуп аралаштырып, ага суюк аралашманы куюп камыр жууруйсуз. 

Камырды 1 саат тыныктырып коюп, андан кийин 200 градустагы температурада 40-45 мүнөт бышырасыз.

СоӊкуКумар оюну – коркунучтуу илдет
КийинкиАскерде кандай кызыктуу окуяга кабылгансыз?

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here