Негизгиге Пайдалуу кеңеш Кумар оюну – коркунучтуу илдет

Кумар оюну – коркунучтуу илдет

1859

Кумар оюндарына болгон көз карандылык “лудомания” деп аталып, грек тилинен которгондо “лудо” ойнойм, “мания” баш айлангандык деген маанини берет. Лудоманияга кабылган адамдын социалдык абалы начарлайт, үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголот, мүнөзү өзгөрөт. Тилекке каршы, лудоман адамдардын саны коомубузда күн санап өсүүдө.  

Кандай адамдар кумар оюндарына бат берилишет?

  • Өзүн-өзү баалоосу төмөн, ишенимсиз адамдар;
  • Бала чагынан комплекстери бар, мектепте дайыма шылдыңга кабылган  балдар. Алар комплекстерин оюн аркылуу жеңүүнү, башкаларга “баатыр” экендигин далилдөөнү каалашат. Бала кезиндеги фантазияларын ишке ашырып, коркунучун жеңүүгө киришет. 
  • Ата-эненин мээримине бөлөнбөй чоңойгон же тескерисинче, ашыкча эркеликте, ай-күнгө теңелип чоңойгондор;
  • Апасынын колдоосуна ээ болбогон, атасы менен мамилеси начар балдар;
  • Эмгексиз бат эле байып кетүүнү каалагандар. Аларда “12 саат иштегенче үйдө жатып эле…”, “бирөөгө жалданып иштегенче бир ойноп…” деген түшүнүк болот. 
  • Ата-эне же жакын тааныш адамдарынын кумар оюндарына катыштыгы бар адамдар;
  • Турмуштун кандайдыр бир кыйынчылыгынан улам депрессияда жүргөндөр; 
  • Материалдык байлыкты бийик койгондор;
  • Жалгыздыкка кабылгандар, жакындары менен мамилесин чыңай албагандар. Алар өздөрүн жалгыз болгону үчүн күнөөлүү сезишет, а кумар оюндары андай сезимдерден арылууга жардам берет. 
  •  Колунда бар адамдарды көрө албаган адамдар башкаларга өзүн оюн аркылуу көрсөткүсү келет. 
  • “Баарын акча чечет” деген сөздү ынанымдуу колдонгондор; 
  • Бала кезинен карта, домино, монополия сыяктуу кумар оюндарына кызыккандар;
  • Карызы көп адамдар.  

Кумар оюндарына көз каранды адамдардын баштапкы белгилери кандай болот?

  • Мурдагы досторунан алыстап жаңы чөйрөгө аралашып, жаңы досторду арттырат.
  • психологиялык абалы начарлап, кыжырдануу, тынчсыздануу сезимдеринде болуп, айланадагылар менен урушкусу келе берет; 
  • тамакка табити жоголот;
  • уктап эс алуу убактысы кыскарат, уйкусу бузулат;
  • жеке гигиенасын көзөмөлдөбөй, келбетине көңүл бурбай калгандыктан ичкилик, баңгизатка берилген адамга окшошуп калат;
  • телефону көп убакта өчүк болуп, кайдадыр бир жакка жоголгону көбөйөт; 
  • дос-тааныштарынан акчасын кайда, эмнеге жумшап жатканын жашырат;
  •  жашоого болгон көз карашы, максаты өзгөрөт;
  • социалдык чөйрөдөн чыгып жалгыздыкты көздөп калат;
  • ар кандай шылтоолор менен айланадагылардан акча сурап, калп айта баштайт.

Гүлмира Молдокулова, психолог: “Кумарчы үчүн жеңилүү да жагымдуу”

Гүлмира эже, кумар оюндарына берилген адамды андан куткаруу канчалык татаал?

— Кумар оюндарына болгон көз карандылык бүгүнкү күндүн маанилүү көйгөйлөрүнүн бири болуп калды. Мындай көз карандылыкка шарт түзгөн айрым факторлор бар. Биринчиден, кумар оюндары тууралуу маалыматтар интернет булактарында ачык эле жарнама болуп келатат. Экинчиден, үй-бүлөлүк факторлор таасир этет. Мисалы, туура эмес тарбия берүүнүн кесепетинен улам адам психологиялык жактан алсыз болуп калат да, чындыкка каршы тура албай оюндун жардамы менен жакындарына же айланасындагы адамдарга бир нерсени далилдөөгө аракет кылат. Мындай адамдарды азгырыктан куткаруунун эң маанилүү кадамы – ошол адам өзүнүн абалын моюнга алганы. Андан кутулууга болгон өзүнүн каалоосу. Ансыз миң аракет кылсаң да эч кандай жыйынтык чыкпайт. Ушундан кийин гана дарылоо этабын баштоо зарыл. Жеңил түрүндөгүлөр психологдун консультациясына же психотерапиясына баруусу керек. Күчөп кеткен болсо стационардык мекемеде туруктуу болуп, дары-дармек менен дарылоо курсу талап кылынат. 

Мындай адамдардын психологиясынын адам тааныгыстай болуп өзгөрүп кетишине эмне себеп болот?

— Булар оюндун башында жөн гана жеңишке жетүү максатын көздөсө, кийин жакшы эмоцияларды алганда эмне себептен ойноп жатканын билбей калат.  Ата-эне, бир тууган, дегеле жакын адамдарын ойлобой калышат. Анткени алар баласынын өзгөрүп калганын көрүп куткарып калуу үчүн акча бербей же катып коюп, эшикке чыгарбай, досторунан оолак кылган сайын “мага каршы чыгып жатат”, “жамандык каалайт” деп ойлойт. Алардын башкы максаты – жеңишке жетүү болуп саналат. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй,  ийгиликсиз болуп калса да оюн жагымдуу болот. Оюн учурунда адамдын денесинде адреналин жана эндорфин гормондору пайда болуп, ал адамга ырахат, кумарлануу сезимдерин берет. Ошол себептен оюнга азгырылган адамдар утулган учурда да жандуу эмоция алуу үчүн улам-улам оюн аянтчасына кайта беришет. 

Жакындары аларга кандай мамиле жасоого тийиш? 

— Биринчи кезекте үмүтүн үзбөш керек. Ультиматум коюп, бир бөлмөгө камап коюудан майнап чыкпайт. Бул, тескерисинче, агрессияны пайда кылат. Мындай адамдар дайыма каражатка муктаж, бирок жакындар улам карызын төлөп же акча бере берсе ага көнүп  алат. Аны аябай башка адамдарга кылгандай эле мамиле кылуу керек. Жакындары да ал үчүн тынчсызданып, кайгырып, түнү менен уктай албай жаткан сезимдерин, ооруп калганын билдирип турганы оң. Анан, албетте, кайдыгер эместигин сездирип, психиатрга барууга көндүрүңүз. Адам баласы эч качан “буга көз карандымын” деп өзү моюнуна албайт, ушуну эстен чыгарбаш керек. Оорунун баштапкы стадиясында туугандары, достору алаксытып, жаңы нерселерге кызыгуусуна жардам берсе болот. 

Айгерим Токтобай кызы 

СоӊкуКөз тийүүдөн кантип сактанабыз?
КийинкиПайдалуу ундардан жасалган нандар