Даун синдрому менен тѳрѳлгѳн балдардын келечегинен ата-энеси, жакындары кѳп нерсе үмүт этишпейт. Бул балдар коомдун аялуу катмарына кирип, кѳңүл сыртында калган учурлар арбын. Чынында, “күн балдары” жашоого жѳндѳмдүү, ал тургай кѳп ийгилик жарата алышат. Бул үчүн аларга колдоо жана ишеним гана керек. Жашоодо ѳз ордун таап, жакшы ийгиликке жетишкен адамдар буга далил.
Моделдик жылдызы жанган Мадлен Стюарт
Даун синдромунан жабыркаган Мадлен Стюарт бала кезинен ашыкча салмактан жапа чеккен. 2014-жылы апасы аны мода кѳргѳзмѳсүнѳ ээрчитип барган. Ошондон тартып Мадленде “модель болом” деген шык пайда болгон. Кызынын келечегине ишенген энеси ошол таптап баштап аракет кѳрѳ баштайт. Алгач Мадлен 20 килограммга арыктаган. Бул үчүн ал сууда сүзүүнү үйрѳнгѳн, велосипед тепкенди ѳздѳштүргѳн жана бийге барган. Максатына жеткенден кийин Мадлен бут тарта албай жатып калган. Бирок алдыдагы кийинки максаты тынчтык бербей кайрадан аракет кѳрѳ баштаган. Ошентип, биринчи ирет подиумга 2016-жылы чыккан. Ата-энеси кызына фотосессия уюштуруп, ММКларга чыгарып бат эле таанытышкан. Кыздын келечегине ишенген мода үйлѳрү аны менен келишимдик негизде иштеп башташат. Мадлен бүгүнкү күндѳ Нью-Йорк, Лондондо ѳткѳн мода жумалыктарына катышат. Анын “Инстаграмм” баракчасында миллиондогон катталуучусу бар. Убагында аны жерип “үйүңдѳн чыкпай эле койчу” дегендер азыр Мадлендин күйѳрмандарына айланышкан.
Мугалимдик кесипти аркалаган Пабло Пинеда

Пабло ѳзгѳчѳ бала экенин 7 жашында билген. Аны катардагы мектепте да тынч окутушкан эмес. Шылдыңдап, буттан чалып эрмектеген, андан качып айланып ѳткѳн классташтарынын кысымына чыдап орто билимди толук алган. Ата-энесинин жардамы менен жогорку окуу жайга тапшырып психолог адистигине ээ болгон. Бүгүнкү күндѳ 44 жаштагы Пабло Европа ѳлкѳлѳрү боюнча даун синдрому менен сабак берген жалгыз мугалим. Учурда Испанияда жашап, ѳзүнүкүндѳй синдрому бар балдарды колдогон фондду жетектейт. 2009-жылы Пабло “Мен дагы” аттуу тасмада роль жараткан. Айрым учурда тасмада эпизоддук ролдорду жаратып келет.
Сууда сүзүп ийгиликке жеткен Мария Ланговая

Барнаулда тѳрѳлгѳн Мария кичине кезинен кѳп ооручу. Негизги синдромуна кошулган оору-сыркоо кыздын шайын оодарган. Кыздын иммунитетин кѳтѳрүү үчүн ата-энеси ага сууда сүзүүнү үйрѳтүшкѳн. Ошондон бери Мария сууда сүзүү боюнча олимпиадаларга катышып келет. Ал мелдеште коло жана күмүш медаль тагынган. Учурда ал кичинекей балдарды сууда сүзүүгѳ үйрѳтүүдѳ. 23 жаштагы Мария Орусиянын тарыхында даун синдрому менен сууда сүзгѳн биринчи кыз болуп саналат.
Муз үстүндѳ бийлеген Орнелла Данченко

11 жаштагы Орнелла учурда Латвияда жашайт. Ал тѳрѳлгѳндѳ эле ѳзгѳчѳ бала экенин билген доктурлар апасына кызын тѳрѳт үйүндѳ калтыруунун сунушташкан. Орнелланын 22 жаштагы апасы буга макул болгон эмес. 11 жылдан бери аны кѳзүнүн карегиндей карап, жанынан карыш чыкпай келет. 3 жашында катардагы бала бакчага бергенде тарбиячылар андан баш тартып, кызды атайын бала бакчага которушкан. Дайыма бир орунда отура бергенинен чочулаган апасы кыздын колу-бутуна каруу кирсин деп спортко берген. Муз үстүндѳгү бий Орнеллага жаккандыктан, 8 жылдан бери үзгүлтүксүз барып келет. Ѳзү сүйлѳй албаса да машыктыруучунун айтканын айткандай аткарууга аракеттенет. Буга чейин ѳлкѳ ичиндеги мелдештерден байгелүү орундарга ээ болуп келсе, 2022-жылы дүйнѳлүк мелдешке чыкканы турат. Учурда Финляндияда ѳтѳ турган ѳзгѳчѳ адамдардын мелдешинде талантын кѳрсѳтүү үчүн жумасына тѳрт күн машыгып жаткан кези.
Башкаларга шык берген Тим Харрис

Нью-Мексикодо тѳрѳлгѳн Тимдин синдрому ата-энеси үчүн сокку болгон. Ошентсе да болгон каражатын, аракетин анын дарылануусуна жумшашкан. Үч баласынын арасынан Тимди ѳзгѳчѳлүгүнѳ карап бѳлбѳй үй иштерине аралаштырып, ѳзүн оорулуу сезүүгѳ жол бербей келишет. Башында ата-энесинин, кийин агаларынын жардамы менен тамак-аш адистигине ээ болгон. Аны окуу жайда дайыма жакындары жетелеп жүрүшкѳн. Кийин ѳзү аракет кылып тамактануучу жайга официант болуп орношкон. Ѳзүнүн тамактануучу жайын 26 жашында ата-энесинин салымы менен ачкан. Тамактануучу жай “Тимдикинде” деп аталат. Кафеге кирген кишиге үйдѳгүдѳй жылуу сезим тартууланат. Себеби ар бир кардар менен Тим кучакташып кѳрүшѳт, ѳзү тейлейт. Ал эми майыптыгы бар балалуу ата-энелер Тимдин тагдырынан шык алышат. Алардын ой жүгүртүүсү Тим менен жолугуудан кийин жакшы жагына ѳзгѳргѳнүн ѳздѳрү айтып келишет.
Алып баруучу болууга жетишкен Мелани Сегард

21 жаштагы Мелани кичине кезинен телеканалда аба ырайынын алып баруучусу болууну кыялданган. Бул кыялын ишке ашырууга курбусу кеңеш берген. Курбусунун айтуусу менен ѳзү жѳнүндѳ баяндап, ошол эле тасмага телеканалдын жетекчилеринен эгер анын кайрылуусу 100 миң кѳрүү топтой алса ага мүмкүнчүлүк берүүсүн сурана кеткен. Социалдык тармакка жүктѳлгѳн видео “Меланинин колунан келет” деген хэштег менен кеңири тараган. Натыйжада 4 күндүн ичинде 180 миң кѳрүү топтоп, Меланиге эки телеканалдан сунуш түшкѳн. Бирѳѳсүн тандап алган ѳзгѳчѳ кыз учурда аба ырайы тууралуу эле маалымат бербестен, ѳзгѳчѳлүгү бар балдар тууралуу берүүнү даярдап алып барат.
Аймээрим Курбаналиева