Ай сайын тапкан-тергенин биринчи кезекте насыяга тѳлѳп берүү биздин элде кадыресе кѳрүнүшкѳ айланган. Банк системасы аз берип, кѳп алуу менен иштерин билип туруп насыя алуу айрымдар үчүн зарылчылык болсо, кѳпчүлүк үчүн жѳн гана адат болуп калган. Айзат да ошондой жаман адатка илешип алып, аны жеңүү үчүн күрѳшүп жүргѳн экен.
Бала күнүмдѳ чоң энем неберелерине «насия тил угасың да», «ушу баланы насия урушканыңарды койбодуңар» дей берчү эле. Кимибиз тил уксак ошонубуз болушчаак чоң энеме корголоп калчубуз. Бирок анда сѳзүнѳ маани берип, түшүнчү деле эмес экенмин. Ал сѳздүн маани, маңызын эми түшүнүп жатам. Кѳрсѳ, жок жерден зыян тартып, болбогон жерден жаман кѳрүнүп калганыбызды айтчу тура, жарыктык. Мен аны турмуштан насия азап тарткан күнү гана түшүнүп жатпаймынбы. Кеп башынан болсун.
Үч балалуу болгон соң иштегенге аракет кылдым. Бирок жолдошум уруксат бербей койду. Болбосо башталгыч класстын мугалими деген дипломум айылда мектепке да, бала бакчага да жарамак. Жолдошум жаз келип жер жарылгандан баштап сугат сугарат. Тапканына ыраазы болуп майда-чүйдѳбүзгѳ жаратабыз. Анан үч балабызга алган пособие да анча-мынча нерсеге жарап кетет. Негизинен бизди камсыздаган кайненем менен кайнатам. Балдарыбыздын кем-карчы, кант, чайыбызга чейин алардын мойнунда. Экѳѳ тең облустун борборунда мугалим болуп иштешет, малдуу кишилер. Жалгыз кайнагам башынан эле тоодо мал багат экен. Келин болуп келгени эт-аштан үзгүлтүк дегенди билген жокмун. Бизди айылдагы чоң кайнатамдын тамына бѳлүп коюшкан. Кыскасы, бекер там, бекер аш менен жашачубуз. Деги айыл жери берекелүү эмеспи, 20 сомуң болсо жыртылып кеткенче чѳнтѳгүңдѳ жүрѳ берет.
Бир күнү райондун борборуна барып-келип иштеген, шакылдаган аяшыбыз келиптир. «Айка, жолдошуң менен кеңешип бизге кредит алып бергилечи. Силер эч бир банкка карыз эмессиңер да, макулдугуң менен паспортуңдан башка эч нерсенин кереги жок. Жок дебегиле. Аябай зарыгып атабыз. Тѳлѳгѳн жагынан кам санабагыла, бизди билесиңер, акчага такпыз»,- деди. Жолдошум да макул болду, ал жакын досуна жок дей алмак эмес. Эртеси эле банк кызматкерлери келип үй-жайыбызды кѳрүп, документтерди текшеришти. Документтер даяр болду деген күнү барып 150 миң сом алдык. Аяшым мага 5 миң сом карматып рахматын айтты. Айтканындай тѳгүү жагынан маселе жаратышкан жок. Убактысы келгенде чогуу барып тѳгүп жаттык. Ай сайын аны менен каттап жүрүп менде «эмне үчүн биз минтип алсак болбойт?» деген ой жаралып, ушунун эбин таап оокат кылууну ойлоп баштадым. Бирок тѳлѳѳ жагы дайыма суроо бойдон калчу.
Тогуз жыл мурун жаз алды менен насыя алууну чечтим. Себеби апрель айында досторубуздун шеринесин тосмокпуз. Бир ок менен эки коён атып кичүү уулубузду да ырымдатып, тойчук кылып коёлу дедик. Жогоруда айтпадымбы, биз чоң кайнатам салган эски үйдѳ жашайбыз деп. Оңдоп-түзѳѳ иштеринин маалы келген, аз да болсо оокаттарды жаңырткым келди. Кайнатамдар канча беришери алдын ала белгилүү эле, ашык акча сураганга батынбайбыз. Анда кайненемден жакшы сѳз укпасымды билем. Ошондуктан эң жакшы вариант – насыя алуу болуп турду. Жолдошум тѳлѳѳ жагын айтып каршы болду эле: «Элден эмнебиз кем? Эл катары жаркыраган үйдѳ, жаңы оокат күтүп жашасак болбойбу? Мына, жаз келди, жарым жылга алалы, сен жайлата иштеп тѳлѳ», — деп кѳндүрдүм. Документтерди тапшырарым менен кайнатамдарды шаштырып үйдү актап, сырдап баштадым. Аңгыча акча да колго тийип, зал үйгѳ сонун стенка сатып алдык. Идиштеримди кең-кесири тизип, абдан кубандым. Бирок парда, люстра, килем сыяктуу оокаттарым жаңы стенканын кѳркүнѳ кѳлѳкѳ түшүрүп, жарашпай жатты. Ошол маалда баягы аяшым келип калды. Сүйлѳшүп отуруп ага оюмду айтсам жакында дагы насыя аларын, эгер тѳлѳйм десем мен каалаган сумманы кошо алып берерин айтты. Буга күйѳѳмдүн макул болбошу анык эле. Ошондуктан бир айласы табылар дедим да, аяшымдын жардамы менен карызга акча алдым. Анын эсебинен алынган оокаттын баарын жолдошума, кайын журтума «тѳркүнүм алып берди» деп койдум.
Бир эле бѳлмѳнү болсо да жакшынакай жасалгалап алганыбыз аял катары мага абдан жагымдуу болду. Келгениме 7 жыл болсо да ѳз алдынча мынчалык чоң оокат кылып кѳргѳн эмесмин. Баарын ѳзүм билип, ѳзүм чечип кылганыма ишенип-ишенбей кетип жаттым. Качан болсо ата-эненин кѳзүн карап, жаш балача акча сурап туруудан тажагам. Баары жаңырган үйгѳ жолдошум баш болуп балдарыбыз улам баш багып, абдан кубанып жаттык. Эх, колумда кенен акчам болсо калган бѳлмѳлѳрдү деле жаркыратып жаңылап койгонго даяр элем. Кара жумуштан качкан жан эмесмин, мүмкүнчүлүк болсо заматта актап-сырдап чыкмакмын. Ушуларды ойлоп бир топко чейин демимди баса албай кыялданып жүрдүм. Бирок бул оюмду уккан бир киши жок. Аңгыча насыя тѳлѳѳ да башталды. Алгачкы эки айды жеңил эле тѳлѳдүк. Кийинки айларда жолдошумда жумуш аз болуп калып балдардын пособиесинен ооз тийбей туруп насыяга тѳктүк. Дайыма «силердин акча» деп балдарыбызга таттуу алып келчү элек, ага кѳнгѳн балдарыбыз кол карап жаман болушту. Жолдошума айтпай алган берки карызды болсо эжемден, апамдан акча сурап тѳгүп жаттым. Кийинки айларда аяштардан карыз сурап, анча-мынчасын ар кайсыны шылтоолоп күйѳѳмдѳн алып кошуп жабам. Карызга акча табылганына бир күн сүйүнүп, калган күндѳрү андан кутуулунун жолун таппай сары санаага батып жашап баштадым. Бассам-турсам «эми кимден карызга алып турсам, эми канча айда бүтѳт?» деп оюмдун баары ошондо. Чымчым туз сурап барбаган кошуналардан акча сураганга туура келди. Болгондо да жолдошума билгизбей уурданып сурап, уурданып иш кылган кыйын болду. Ич майымды жеп кадимкидей этим качып, жүдѳп кеттим. Акыры мен күткѳн жарым жыл аяктап насыя да бүттү. Бирок карыздарым ошол эле суммада калды. Кѳчѳдѳн караан кѳрсѳм мага келаткан доочудай чочулайм. Тѳркүнүмдѳн бир сыйра акча алып, унуткарып бүткѳм. Экинчи жолу кайрылгандан уялдым. Уйку бербеген санаамды баягы эле жан курбу аяшыма айттым. Дайымкы кардарлары үчүн банк улам сайын пайызды азайтып турарын ошондон уктум. Биз үчүнчү жолу насыя алууга ошол банкты тандаганыбыз үчүн аз үстѳк менен тѳлѳйт экенбиз. Ѳмүр бою акча кармап, акча менен иштеп кѳнгѳн аяшым “акчаны алгандан кийин айлантып кѳбѳйтүш керек” деп дагы бир топ билгендерин айтты. Айткандарынын баары эле жѳндүү, кылса болчудай. Тобокел дедим да, жолдошума дагы насыя алуу тууралуу кеп козгодум. Бул жолу каршылык кылбай макул болду. Курбумдун кеңеши менен тең акчага дароо айылда жакшы ѳтѳ турган байпак, тапичке сыяктуу нерселерди алдым да, калганын аябай шаштырып жаткан доочуларга таратып бердим. Жолдошума болсо болгон акчага товар алдым деп калп айттым.
Жолум ушундайбы же ѳзүм акча айлантуу дегенди билбеймби, айтор, соодам болгон жок. Айыл эли нак акчага сатып алууну билбейт эмеспи, товардын баары карызга кетип, чогулта албай калдым. Насыя күтүп турбайт экен, айлар жумадай эле зуулдап ѳтүп жатты. Айлам кеткен бир күнү коңшу айылда жашаган агама барып насыя алып бериңиз дедим. Жеңем экѳѳ анча-мынча ала коюп, бирок маалынан эрте жаап жүрүшкѳнүн билчүмүн. Туугандык кадырымды кыя албай макул болушту. Карыз аттуунун баарын жаптым да, кѳңүлүм калбай дагы соодага аракет кылдым. Бул жолу жалаң азык-түлүк алдым. Мурдагыдай карызга бербей тырышып жаттым. Бирок товарым ѳзүбүздүн ичкен-жегенибизге аралашып, дагы деле баягы болду. Эми бир эмес, эки насыя тѳгүү азабы башталды. Кычагансып кайненем менен кайнатам да “алып, сатып акчалуу болуп калдыңар” деп кыйытып, мурдагыдай каралашпай калышты. Жыл ѳткѳн сайын балдарымдын ичкен-жегени, кийгени да чоңоюп баратат. Жыл сайын аш-тойдун убагы андан бетер айланы түгѳтѳт. Болгону, азык-түлүктү дүңүнѳн саткан жерден арзан алууну үйрѳндүм. Жегенин жеп, аш-тойго алып барчусун алып барып, бир аз ашканын сатымыш болуп, айтор, чабыштырып эле аттым. Мойнумда болсо эки насыя сѳзсүз турат. Чынын айтсам, айдын аягында бир, ортосунда бир акча тѳгүү мага кыйын болду. Күйѳѳм болсо “иш жок болсо эмне кылайын, кайдагы балакетти ѳзүң баштагансың” дейт да турат. Насыянын айынан урушубуз да кѳбѳйдү. Балдарыбыздын күлкүсү жоголуп, биз менен кошо санааркашчу болду. Насыянын акыркы акчасын тѳккѳн күнү эле банк ар кандай жеңилдиктерди сунуштайт. Бир жактан үйдѳгү кем-карчты да толукташ керек. Ошентип, кайра эле насыя алып алам. Мурда насыяны кантип тѳгѳм деп сарсанаа болсом, эми насыя албай койсом жашай албай калчудай болом. Кыскасы, насыя бүтѳрү менен жаңыртып башынан алуу мага адат эле болуп калды. Бирин алып бирин жаап, арасында кийим-кече жаңыртканыбыз болбосо, ойлогондой үйдү деле оңдоп, толтуруп сала албадым. Антиш үчүн туруктуу ишиң же соодаң болушу керек экен. Менде мунун бири жок, акыры бир-эки алтын шакек, сѳйкѳмѳ чейин саттым. Жылышып отуруп эки насыянын ай сайын тѳлѳѳ убактысы бир учурга туура келип, аяктоо мѳѳнѳтү да бир учурга чейин созулуп калды.Товар алып келүүгѳ да чамам жетпей калганда баягы байкеме дагы бардым. Жеңем экѳѳ тең динге ѳтүп, намаз окуп калышкан эле. Насыя тууралуу угушары менен эле “арам экен. Бир кезде биз да алчубуз. Аныбыз үчүн Кудайдан кечирим тилейбиз. Ал арам болгон үчүн жарыбай жүрүптүрбүз. Насыяны толук токтоткондон бери жыргап калдык. Бекер бергенсип алат экенбиз, бирок банк бизди алдап ашыгы менен ѳндүрүп алат тура. Насыяга тѳлѳчүдѳй жанталашып топтоп оокат кылса деле болот экен” деп дагы далайды айтышты. Кѳнүшпѳсүнѳ кѳзүм жеткенде апамдын колундагы иниме бардым. Ал атамдын үйүн күрѳѳгѳ коюп керектүү сумманы алып берди. Ал да ар нерсени айтып “экинчи насыя албайм” деген убадамды катуу алды. Мен ал акча менен мойнумдагы эки насыяны тең жаптым да, балдарыма азык-түлүктү кенен камдап, кийим-кечелерин ырастап берип коюп иштеп келүүгѳ шаарга бет алдым.
Таанышыбыздын жакындары иштеткен ири дүкѳнгѳ ишке киргем. Кудай жалгап карантин деп эл ишсиз калган кезде да азык-түлүк дүкѳндѳрү иштеп жатты. Бир башыма эки-үч кишинин милдетин бир алып, намысты жыйыштырып туруп дүкѳндүн бир бурчуна жатып иштѳѳгѳ уруксат сурагам. Дүкѳндүн ээси абдан жакшы эже, шартымды түшүнүп жаткан жерим менен ичкен-жегенимди бекер кылып берди. Пол жууп, дүкѳндүн ашканасында жасалчу тамактардын жер-жемиштерин аарчып, тазалап, идиш жууп, короосуна чейин шыпырып жүрүп алган айлыгым насыяны тѳгүүгѳ толук жетпейт. Антсе да болгонуна шүгүр деп жаттым. Жетпегенин иним толуктап коюп жатат. Ал менин мойнума карыз. Эми дагы бир жарым жылдай ушинтип иштесем насыядан да, карызымдан да толук кутулам.
Мен айылдан кеткен соң артымдан түрдүү кептер чыгыптыр. “Карызга батып качып кетти”, “акчасы кѳбѳйүп, кѳпкѳнүнѳн балдарын таштап кетти” деген сѳздѳр ѳзүмѳ жетип жатты. Түркүн кептерге ыза болгонум менен түпкүлүгүндѳ күнѳѳлүү ѳзүм экенин танбайм. Алыма жараша иш кылбай ач кѳздүктѳн кѳп убара тарттым. Насыя деген балакет жок кезде жолдошум экѳѳбүздѳ урушуу деген болчу эмес, жалаң ушунун айынан капа болушуп, ортодо ачуу сѳздѳр айтылды. Мындан улам, балким, байкем менен жеңемдин айтканында чындык барбы деп калам. Себеби насыя албаган кезде эч нерседен кем болбой жашачубуз, ынтымагыбыз бекем, санаабыз жок эле. Билинбей он жылдай убактыбызды санаа менен ѳткѳрүптүрбүз. Эрди-катын урушат экен, табышат экен, баарынан ѳкүнүчтүүсү, балдарыбыздын балалыгы баладай күлүп, ойнобой санааркоо менен ѳттү. Телефондо сүйлѳшкѳн сайын баары бир ооздон “апа, экинчи насыя албай эле коёлу, ээ?..” дешет.
Азыр эже мени товар тизүүгѳ ѳткѳргѳн. Эми кассада отурууга кызыгып, окуп жатам. Бул жерден сооданы туура кылуунун жолун үйрѳнүп баратам. Эми ак эмгегим менен акча топтоп, айылга чоң дүкѳн ачуу оюм бар. Ал эми экинчи насыя албайм деген убадама турам. Бир кезде жеңемдердин мага айткандарына ачуум келип, таарынган элем. Байкем менен жеңем мага жакшылык каалап гана айткандарын эми түшүнүп отурам, чоң энемдин айтканын кошо эстеп. Насыя алуу – насыя азап тартуу деген эле кеп экен. Эч кимге насыя кайгы, насыя убара тартууну каалабайт элем.
Гүлайым Калыбекова