Негизгиге Пайдалуу кеңеш 20 мүнѳттүн эрежеси

20 мүнѳттүн эрежеси

517

Күнүбүз текке кетип, эч нерсеге жетишпей аткандай сезим баарыбызга тааныш. Мындан куткарып, ал турсун баарына жетишүүгѳ мүмкүнчүлүк берген “20 мүнѳт” эрежесин сунуштайбыз.

Эмне үчүн 20 мүнѳт?
— Адатта 1-2 сааттык жумушту жасоо үчүн алдын ала чыгынып, даярдануу керек. Ал эми 20 мүнѳт аз угулат да, “бат эле бүтѳм” деген ой шык берет.
— Кѳңүлгѳ жакпаган жумуш болсо да 20 мүнѳт чыдап коюу оңой.
— 20 мүнѳт – кыска убакыт. Ушунусу менен бир ишти жасоого түрткү бере алат. Жалкоолуктан арылууга алгачкы кадам болуп саналат.
— 20 мүнѳттѳ кандай жумуш болсо да чарчабайбыз.
— Бул убакыт жакшы шыктандыргыч – себеби баштаган ишти андан ары улантып кеткиңиз келет. Башынан баштагандан кѳрѳ башталган ишти улантып кетүү кыйла жеңил.

20 мүнѳт үй иштерине
Айымдардын бир чоң катасы – беш күн бою үй иштерин жасабай, баарын эс алуу күндѳрүнѳ жылдыруу. Жыйынтыгында эс алуу күнүн жалаң үй иштери менен ѳткѳрүп моралдык, физикалык жактан да чарчап калышат. Эс алуу күндѳр чарба иштерине жумшалгандыктан, жаңы иш жумалыгы кайрадан чарчаңкы абалда башталат. Муну оңдоонун бир жолу – үй иштерин чогултпай майдалап жасоо. Ал үчүн бѳлмѳлѳрдү күндѳргѳ чачыратып бѳлүп алып иреттѳѳ керек. Мисалы, 1-күнү жумуштан келгенде 20 мүнѳт уктоочу бѳлмѳнүн чаңын сүртүүгѳ, кийимдерди жыйнап, 2-күнү 20 мүнѳт конок бѳлмѳнү жыйнооңуз керек. Беш күн бою 20 мүнѳттѳн жумуш жасап отурсаңыз, эс алуу күнгѳ жумуш калбай калат. Бул күндү ѳзүңүзгѳ, балдарыңызга, жакындарыңызга арнап ойдогудай эс алсаңыз болот. Адамдын иш жѳндѳмдүүлүгү анын эс алуусуна түздѳн-түз кѳз каранды.

20 мүнѳт ден соолукка
Күндѳ 20 мүнѳттү жѳѳ басууга арнасаңыз дене-мүчѳңүздѳ, саламаттыгыңызда жакшы жакка ѳзгѳрүү болгонун сезесиз. Ал үчүн атайын убакыт бѳлүүнүн деле кереги жок. Мисалы, жумуштан чыгып бир аялдама жѳѳ басуу, дүкѳнгѳ жѳѳ чыгуу же бир жерден экинчи жерге жѳѳ жетүүнү адатка айлантыңыз. Эгер дайыма үйдѳ жүрсѳңүз 20 мүнѳт тынымсыз кыймылдап жумуш жасасаңыз ошол эле пайданы тапкан болосуз. Себеби кыймылдан жана жѳѳ басуудан муундар бекемделет, жүрѳк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучу 16-20%га азаят, организмде майлар эрип, ашыкча салмактан арыласыз.

20 мүнѳт эс алууга
Күндѳ бир маал 20 мүнѳт тынчтыкта ѳзүңүздү ѳзүңүз тыңшап, ѳзүңүз менен ѳзүңүз сүйлѳшүп эс алганды адатка айландырыңыз. Чыгармачыл адамдар үчүн бул эреже маанилүү. Ким ушул эрежени сактанса чыгармачылык кризиске кабылбайт. Себеби адам үчүн күндүн жыйынтыгын чыгарып, оюн иреттеп, жаңы күнгѳ план түзүүгѳ мүмкүнчүлүк керек. Бул маалда башка ойлорго, сыналгы, телефонго алаксыбай, оюңузду балдардын ызы-чуусу же башка тиричилик бѳлбѳгүдѳй шарт болуусу зарыл.

20 мүнѳт жан дүйнѳгѳ
Бардык ийгиликтүү адамдардын күн сайын китеп окуу адаты бар. Сиз атайын китеп сатып келип окугандан эринишиңиз мүмкүн. Андыктан биринчи колго тийген китептен баштаңыз. 20 мүнѳттү китеп окууга арнасаңыз бара-бара бул ажайып дүйнѳгѳ болгон кызыгууңуз күч алат. Үзгүлтүксүз китеп окуудан дүйнѳ таанымыңыз кеңеет, жан дүйнѳңүз байыйт, ой-чабытыңыз ѳсѳт. 5-10 барак окуп жана окуганыңызды талдай алсаңыз утушта болосуз.

20 мүнѳт билимге
Чет тилдерди үйрѳнүүгѳ, ар кандай кесиптик курстарга кызыгууңуз ойгонуу үчүн бул тармакка алгач 20 мүнѳт издене баштаңыз. Бул аралыкта кыска 10-15 сѳз жаттасаңыз, котормосу бар чет тилиндеги кинолорду кѳрсѳңүз да натыйжалуу. Мисалы, кулинардык же дизайнерлик кесипке кызыгып жүрсѳңүз, бул тармакта кенен маалымат издеңиз. Бекер онлайн курстарына катталып кѳрүңүз. 20 мүнѳт ѳзүңүздүн келечегиңизге жумшалган жакшы салым болуп саналат.

20 мүнѳт жакын адамыңызга
Күндѳ тамактануу, кино кѳрүү же чогуу жумуш жасоодон сырткары жолдошуңузга, балдарыңызга, жакындарыңызга бѳлүнгѳн 20 мүнѳттүк убакыт үй-бүлѳнү жана мамилени бекемдѳѳнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. 20 мүнѳт жакыныңыз менен сүйлѳшүп, күнү кандай ѳткѳнүн сураңыз. Ошондо анын маселесин жакындан биле аласыз. Кѳңүл бѳлүү – адамдар бири-бирине бере ала турган кымбат белек. Андыктан алтын эрежени күндѳ колдонуп кѳрсѳңүз жакындарыңыз менен мамилеңиз жакшырганын сезесиз.

20 мүнѳт каржы иштерине
Мейли катардагы жумушчу, соодагер же ишкер болуңуз, күндѳ чыгаша-кирешени иретке келтирип жазуу, эсепке алуу сизди каржы кризисинен сактайт. Себеби күндѳ канча акча жумшап жана кандай пайда таап атканыңызды тең салмактай билсеңиз, бардык кооптонууну алдын алган болосуз. Күтүүсүз чыгаша, баш-аламан сатып алуулар кѳз жаздымыңыздан калбайт. 20 мүнѳт убактыңызды  кошумча каржы булактарын издештирүү, ойлонуу, план түзүүгѳ жумшаңыз.

Жыйынтык:
— Бир күндѳ 20 мүнѳт – айына 600 мүнѳт же 10 саатка барабар.
— Ай сайын 10 саат – жылына 120 саат.
— Эгер 120 саатты 8 сааттык иш күнүнѳ бѳлсѳк (120 : 8) – 15 иш күнү келип чыгат. Демек, жылына ден соолугуңузга, жакындарыңызга, билимиңизге жана башка пайдалуу нерселерге 15 иш күнүн жумшаган болосуз.

“20 мүнѳт” эрежесин адатка айландыруу
Психологияда “ѳлүк чекиттен” жылып, жаңы ачылышты баштоодо жана аны андан аркы жашоодо адатка айландыруу үчүн 3 апта (21 күн) убакыт керектелет. Эмне үчүн 21 күн? АКШда 20 адамга кѳз айнекти 24 саат бою тагынып жүрүү шарты менен эксперимент жасалган. Кыйынчылыгы ал кѳз айнек айлананы баш-аягы кылып алмаштырып кѳрсѳткѳн. Башында тагынганда адамдардын башы айланып, ыңгайсыз болсо, кийин кѳз айнекке кѳнѳ баштаган. Адамдар ага туура 21-күнү кѳнүп кетишкенин айтышкан. Ушундан улам окумуштуулар адамдын адаты ушул аралыкта калыптанарына ынанышкан. Ал эми ортодон кѳз айнекти 1 күн тагынбай койгондор артка кетип, кѳнүш үчүн ошол таптан баштап кайра 21 күн керектелген. Бул аралыкта адамдын мээси адатка макул болот, кабыл алат жана адамдын ѳзүндѳ адаттарды аткарууга тажрыйба топтолот.

Жогорудагы эрежелер сиз үчүн канчалык пайда алып келгенин аныкташ үчүн тѳмѳнкү ыкманы колдонсоңуз болот:
— Ар бир кыла турган ишти тизмелеп алыңыз – 20 мүнѳт үй жыйноо, эс алуу, жѳѳ басуу ж.б.
— Ар биринин тушуна күндѳ аткарганда +, жасай албай калганда белгисин коюңуз. Бул ѳзүңүз менен түзүлгѳн келишим деп кабыл алыңыз.
— Аткарыла турган иштерди эки күн, андан кийин бир жума, андан соң 21 күн катары менен үзгүлтүксүз жасаганга аракет кылыңыз.
— 21 күндүн ичинде кайсы иштерде кѳп + жана белгилери бар экенин эсептеп чыгыңыз.
— Эгер + белгилер кѳп болсо, демек, ал нерсе сизге жагат, аны жасоону күндѳ унутпайсыз. Бул кылгандарыңыз адатка айланат дагы, жашооңуздан ажыратып кароо мүмкүн болбой калат.
— Ал эми белгилери коюлган бѳлүмдѳрдү дагы 21 күн башынан баштап аткарууга аракет кылып кѳрүңүз. Дагы деле мойнуңуз жар бербей, кѳңүлүңүз келбей атса, анда ал нерсе сизге кызыксыз. Ал эми жаккан бѳлүмдѳрдү 21 күндѳн кийин 40 күн үзбѳй жасасаңыз, бул адат сизде биротоло бекемделет.

Анара Дүйшѳналиева

СоӊкуАйзат: “Насыя алуу адатым акыры азабыма айланды”
КийинкиКүз мезгилинин даамдуу тамактары