Негизгиге Ашкана Күз мезгилинин даамдуу тамактары

Күз мезгилинин даамдуу тамактары

118

Кабак котлети

Кандай азыктар керек?

Кабак: 4 даана

Жумуртка: 1 даана

Ун: 1 чоң кашык

Туз, мурч

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Кабактарды таза жууп, кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз.

Ага жумуртканы, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

Суюк болуп калса унду кошосуз, болбосо кереги жок.

Пайда болгон аралашмадан котлеттери жасайсыз да, өсүмдүк майына эки жагын кызарта кууруйсуз.

Сыр менен баклажан

Кандай азыктар керек?

Баклажан: 5 даана

Катуу сыр: 100 г

Помидор: 2 даана

Туз, мурч

Кургатылган райхан чөп

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Баклажандарды жууп, ортосунан тең экиге бөлөсүз.

Кургата аарчып, кызып турган өсүмдүк майына эки тарабын кызарта кууруйсуз.

Андан кийин туз, мурч, кургатылган райхан чөптү сүртөсүз.

Помидорду жука тилимдерге бөлүп, баклажандын бетине коёсуз.

Анын үстүнө кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелейсиз.

Эми сыр эригенге чейин 5-10 мүнөт духовкага коёсуз.

Даамдуу, пайдалуу, тоюмдуу тамак даяр!

Духовкада бышкан ашкабак

Кандай азыктар керек?

Ашкабак: 500 г

Кинза же петрушка: 1 боо

Сарымсак: 2 тишче

Туз, мурч, кориандр

Жарым лимондун ширеси

Зайтун майы: 2 чоң кашык

Кантип жасалат?

Ашкабактын кабыгын аарчып, чоң кесимдерге бөлөсүз.

Көк чөптү майда кылып туурайсыз, сарымсакты пресстен өткөрөсүз, лимондун ширесин сыгасыз.

Буларга туз, мурч, кориандр, зайтун майын кошуп соус жасайсыз.

Соусту ашкабактын бардык тарабына тегиз сүртөсүз.

Андан кийин фольгага ороп, 200 градустагы духовкада 30 мүнөт бышырасыз.

20 мүнөттөн кийин фольганы ачып койсоңуз, ашкабактын бети кызарып бышат.

Кызылча менен мейиз

Кандай азыктар керек?

Кызылча: 6 даана (майда)

Кара мейиз: 50 г

Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

Каймак: 2 чоң кашык

Кантип жасалат?

Кызылчаларды таза жууп, ар бирин өз-өзүнчө эки кабат фольгага ороп 200 градустагы духовкага 1,5 саат бышырасыз.

Мейизди кайнаган сууга 10 мүнөт чылап коёсуз да, андан кийин майлык менен аарчып кургатасыз.

Бышкан кызылчалар муздаган соң чоң-чоң кесимдерге бөлүп, мейиз менен кошо өсүмдүк майына салып 2 мүнөт кууруйсуз.

Татымына жараша азыраак туз салып, каймакты кошуп аралаштырып коёсуз.

Мындай салат маанайды көтөрүп, бир күндүк энергия берет.

Фаршталган алма

Яблоки фаршированные курицей в мультиварке: рецепт с фото, как приготовить

Кандай азыктар керек?

Алма: 4-5 даана

Эт: 200 г

Каймак: 200 г

Майдаланган көк чөп: 2 чоң кашык

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Алманын баш жагын кесип алып, ичин оюп алмадан “кесе” жасайсыз.

Алынган алманы эт менен кошо эт майдалагычтан өткөрөсүз да, ага көк пиязды, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

Пайда болгон фарш менен алманын ичин толтурасыз. Эң үстүнө бир кашыктан каймак саласыз.

Алмалардын “капкактарын” жаап, чуңкур калыпка тизип саласыз да, жумшарганга чейин духовкада бышырасыз.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here