Негизгиге Интервью Бир уядан учкан бир туугандар

Бир уядан учкан бир туугандар

14516

Жашоодо жакшылык-жамандык орун алганда ата-энеден кийин эле күйѳр адам бир тууган болот эмеспи. Белгилүү инсандардын бир туугандарына кайрылып, жылдыздын бир туугандык артыкчылыктарын билүүгѳ кызыктык.   

Ырчы Алина Жетигенованын сиңдиси Наргиза айым: “Мени гүлчөтай жесин деп жолдо күтүп турган”

  • Алина эжем менден 15 жаш улуу, экинчи апамдай эле. Уй-бүлөлүү айымдар болуп калсак да бизди балапандарындай коргоп, өз жайыбызга койбой ашыкча камкордук көрө берет. Төрт кызбыз да, тѳртѳѳбүз тең жолугуп алып чогуу жүргөндү жакшы көрөбүз. Бир жолу Алина эжем Назира экөө Таласка тойго чыгышыптыр. Сокулукка жеткенде эжем кош бойлуу мени эстеп кошо ээрчитип алгысы келиптир. Унаасын жол четине токтотуп мени чакырып, күтүп калат. Назира “кош бойлуу неме жолдо кыйналат” деп каршы болсо “Таласка барып гүлчөтай жеп келсин” деп болбой коюптур. Бир ирет мен операция болуп ооруканага жатып калдым. Азыркы тил менен айтканда, операцияны бартердик негизде жасатып, апчем оорукана жетекчисинин уулунун тоюн уюштуруп берген. 500-1000 доллардан кем барбаган ырчыларды сүйлөшүп, чоң аппаратураларды койдуруп, баарын кылыптыр. Чынында, операция анчалык деле кымбат турчу эмес. Болгону, апчем баарын мен үчүн жасаган. Тилекке каршы, ашыкча боорукерлигинин зыяны тийген учурлар да болот. Бир жолу ѳзү тагына элек калың алтын чынжырын бирөөгө берип коюп, кайра сурагандан уялып ала албай калган.   

Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун карындашы Бегайым айым: “Ата-энем жокто мени ыйлатуу адаты болчу”

  • Биз үч бир тууган болчубуз. Тилекке каршы, улуу агабыз 47 жашында каза болуп калган. Ал байкемди таятамдар багып, Эрнест агам экөөбүз чогуу ѳстүк. Эки жашымда ата-энебиз жокто тамагымды берип, уктатып, аябай камкор болчу экен. Кийин мен чоңоюп калган кезде мамилеси ѳзгѳрүп кетти. Үйдүн кичүүсү катары ата-энемдин мага көп кѳңүл бурганы ага жакчу эмес  экен. Ата-энебиз жумуштарына кеткенде мени мазактап, жиниме тийип ыйлата берчү. Арызданганымдан улам кечинде алардан тил укчу. Эртеси эле кайра экѳѳбүз калабыз, дагы ыза кылат. Ыйлап “апама чалып айтам” деп телефондун туткасын көтөрүп, номердин аяккы сандарын терерде кнопканы басып, байланышты үзүп салчу. Кийин бала чагыбызды эстеп отуруп Эрнест байкемден эмнеге мага андай мамиле кылчу экенин сурасам “мени жакшы көрүшпөйт деп ойлочумун” деп жатпайбы. Азыр байкеме бат-баттан чалып, акыбалын сурап турам. Башыма кыйын иш түшсѳ байкемдин мен үчүн тикесинен тик туруп береринен шегим жок. Байкем менен абдан сыймыктанам.     

Ырчы Гүлнара Калдарованын сиңдиси Мунара айым: “Эжем келерде түнү менен үй жыйнап чыкчумун”

  • Биз алты кыз, бир уулбуз. Беш эжемден кийин байкем, анан менмин.  Гүлнара эжем экөөбүздүн ортобуз тогуз жаш. Гүлнара эжем “Кыз Бурак” тобунун солисткасы болуп, тынбай гастролдоп кетчү. Ар бир жолу алыска кетип жатканда мага “мен бир айда келгенче жасап бүтүрүп кой” деп чоң талап менен жумуштарды тизмектеп берип кетчү. Кайра келгенде ар бирин текшерип алчу. Чала же туура эмес жасалган жумуш болсо түн жарымында да тургузуп алып урушчу. Ушинтип уруш угуп калуудан коркуп эжемдин келерине 2-3 күн калганда түнү бою уктабай оокат жасачумун. Иштерди жакшы бүтүрсѳм сыйлык берип кубантканды да билчү. Өзү үй жумуштарынын майын чыгарат. Мага “кийин турмушуңда кереги тиет” деп жүрүп аябай тарбиялаптыр. Айткандай эле эжекемдин тарбиясы мени жакшы үй кожойке кылды. Эжем Бишкектен дүкөнгө барган сайын мага да кийим-кечелерди алып Ошко салып турган адаты бар.   

Актёр Камчы Сарыбаевдин иниси Каныбек мырза: “Эмне кааласам ошонусун алып кете берем”

  • Камчы байкем үйдүн улуусу, бир кыз бир тууганыбыз бар. Агамдын кичинекей кезинде калптары көп болчу. Ошондуктан окууга өтүп келгенине апам ишенбей мени шаарга жиберип текшерткен. Келип карасам чын эле окууга өтүптүр. Ошондо чын сүйлѳгѳнүнѳ таң калганбыз. Камчыбек байкем менден сегиз жаш улуу. Эч качан мага колу тийип же катуу сөз айткан эмес. Байкем эл үчүн күлкүлүү образдарды ойноп, ошондой таасир калтырат да, жашоодо ѳзүн абдан олуттуу алып жүрөт. Анан “жок” деген сөздү такыр билбейт. Мисалы, мен колундагы саатын чечип кетсем деле “аны баланча министр белекке берген” деп эле кала берет. Агамдын ушундай мүнөзүн билем да, көргөнүмдү, каалаганымды алып кете берем. Чөнтөгүндөгү акыркы акчасын берген учурлары болот. Айтор, менден эч нерсесин аябайт. Колунан келсе, келбесе да макул болуп, эч бир адамдын көңүлүн калтыргысы келбей “макул, барам, аракет кылалы” дей берет.

Ырчы, Данияр Эрматовдун эжеси Миргүл айым: “Мен үчүн тартылып жаткан клибин деле таштап келе берет”

  • Данияр беш бир туугандын төртүнчүсү. Эркек балдардын кичүүсү, биздин эркебиз. Мен үйдүн улуусу болгонго бөбөктөрүмдү өзүм бактым. Эсимде, Данияр дарбызды шашпай отуруп жегичекти биз түгөтүп салчубуз да, ал “бирди эле жеп калдым” деп ыйлап калчу. Анан да үйдөн жоош болгону менен жылма тентек болчу. Мектепте биринчи атаман болуп балдарды уруп койчу экен. Апалары даттанып келсе апам “менин балам жоош” деп таң калчу. “Бишкекте сиз апамсыз” деп мени менен сырдашат, кеңешет. Болочок жубайын дагы алгач мени менен тааныштырган. Азыр балалуу болсо деле мага кичинекей баладай сезилип жатат. Үйлөнүү тоюнда биз “жар-жары жок эле өзүң ырдап кирбейсиңби” деп сунуштадык эле, четке каккан жок. Менин бир тууганымдай күйүмдүү тууган жок болсо керек. Күнүгө чалып же келип ал-акыбалымды сурагандан эринбейт. Убактысы тар болсо да баарыбыздан кабар алганга жетишет. “Муну алышым керек эле” деп калсам аны бат эле ишке ашырып коёт. Бир жакка баруу керек болсо жеке жумуштарына карабай чогуу жүрүп, жумуштарым бүткүчѳ жанымдан кетпейт. Ошентип, тартылып жаткан клибин, фотосессиясын таштап келген учурлар көп эле болот.
СоӊкуКүз мезгилинин даамдуу тамактары
КийинкиТөлөгөн Мамыров: Ырымдагыдай мыкты жолдош болууга аракет кылып жатам