Негизгиге Сахна өкүлү Төлөгөн Мамыров: Ырымдагыдай мыкты жолдош болууга аракет кылып жатам

Төлөгөн Мамыров: Ырымдагыдай мыкты жолдош болууга аракет кылып жатам

346

“Өз аялыма жумшак болсом эмне экен / Жумшак эмес, мерездиктен коркомун” деп ырдаган Төлөгөн Мамыров жакында түндүк кѳтѳрүп, бир бүлѳнүн кожоюну болду. Жаш үй-бүлөнү куттуктап, жүрөгүн багындырган жубайы,чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.

— Төлөгөн мырза, куш бооңуз бек болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай башталды?

— Рахмат! Үй-бүлөлүк жашообуз ата-энебиздин жанында ѳтүп жатат. Үй-бүлө деген статусту алуу жоопкерчиликтүү кадам экен. Ѳзгөчө сезимдерге бөлөнүп олтурам. Меникиндей сезимдерди билүү үчүн бойдокторго үйлөнүүнү сунуштайт элем. 

— Тоюңуз ачык асман алдында өткөндүгү менен өзгөчөлөндү окшойт. Байкашымча, жар-жар сыяктуу кээ бир жөрөлгөлөр кыскартылды.  

—  Негизи, бул азыркы кырдаалга байланыштуу болуп калды. Тойканалар жабык болгондуктан, бата алуу максаты менен гана чакан той кылдык. Талаптагыдай 50 кишиден ашырбай улуу муунду үйүбүзгө чакырып, жаштарды ачык асман алдында тостук. Атайын тапчандарды тигип, ар бир тапчанга жыйырмадан конок отургуздук.  Бирок келбей калган коноктордун арасында таарынгандар да болду. Буюрса, кырдаалдан чыксак, келбей калган конокторубузга арнап чакан дагы бир тойчук кылабыз. Тоюбузда динибизге каршы болгон көп майда жөрөлгөлөрдү кыскарттык. Анын арасында жар-жар айтуу да болгон жок.  

— Өкүл аталыкка тамашоучу Кадыр Жарматовду тандаптырсыз?

— Кадыр Жарматов айылдаш агам болот. Мектеп курагымдан эле агамдан көп кеп-кеңештерин алып келем. Эми өкүл атам болуп, ортобуз мурдагыдан да жакындады. “Мындан ары да көп кеңештерин алып, катташыбыз улансын” деген ниетте бул макамды ыйгардык. Өкүл атам сунушумду кубануу менен кабыл алды.   

— Сѳздү жүрөгүңүздү багындырган инсан тууралуу улантсак?

— Жүрөгүмдү багындырган перинин аты Айтурган, 18 жашта. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси.  Учурда чач жасалгалоочу адис. Экөөбүздү чыгармачылыктагы досторум “мүнөзүңөр окшош” деп жубайым иштеген салондон тааныштырышкан. Дароо эле пикирибиз келишип, он жылдан бери мамиле куруп жүргөн адамдай жакын болуп кеттик. Анан “тойду татаалдаштырбоо керек” деп, анын үстүнө жакшы кызды колумдан чыгарып албайын деп кыска убакытта эле үйлөнүү сунушун киргиздим. Таанышканыбызга туура кырк күн болгондо үйлөнүү тоюбуз болду.  

— Жубайыңыз жаш экен, бул нерсе сизди ойлондурган жокпу? Адатта, мырзалар үйлөнөрдө турмушту түшүнүп калган кыз издешет эмеспи…

— Баары мени улуу куракта кѳрүшѳт экен, бирок мен жаш эле баламын. Жашымды азырынча айтпай эле коёюн. Башкысы, жубайым экөөбүздүн ортобуздагы жаш айырмачылык өтө көп эмес. Айтурган жаш болгону менен ой-жүгүртүүсү, жашоо тууралуу пикири кемпирди кичирейтип койгондой эле (күлүп). Жашоого тың, даяр болуп калган кыз экен. Мени ушул нерсе канааттандыргандыктан, үйлөнүү чечимин чыгаргам. Өзү деле тайсалдабай дароо эле макулдугун берди. Мен чыгармачыл инсан болгондуктан, ата-энесинде бир аз суроолор болуптур. Анан өзүм ата-энебизге барып жолугуп максатымды айттым, кайненем “берсем сендей уулга берем” деп колдоду. Ошентип, ата-энелердин батасын, макулдугун алып баш коштук.   

— Сизди эмнеси менен арбап алды?

— Мен кичинемден эле “апама окшош кыздар жагат” дечүмүн.  Жубайымдын келбети, мүнөзү апамдын эле көчүрмөсү,  апама окшоштуруп жактырдым.   

— Сизге белгилүүлүк алып келген «Жубайыма» чыгармасы тууралу айтып ѳтсѳңүз.

— “Жубайыма” аттуу чыгармамдын сөзүн Дайырбек Эрматов агам 2014-жылы эле жазган. Ырды ошондо эле жактырып, сактап жүргѳм. 2019-жылы убактысы келип, обонун жаратып, ырдап чыктым. Ырымды эң алгач атама угуздум. Атам: “Жакшы чыгарма жаратыптырсың, балам, элге пайдасы тийген чыгарма болсун. Менимче, шедевр болду”,- деп кубанып батасын берген. Тааныштарым да “бул чыгармаң тезирээк чыгуусу керек. Ажырашуу жолунда турган үй-бүлөлөргѳ жакшы таасир эте турган ыр болчудай” деп жатышты. Атамдын ак батасы тийип ырым элге тез жетти. “Жан баккан эмес, эл баккан бала болсун” дегендей, баламдай болуп калган ырымды элге пайдасы тийген чыгарма болсун деп ырдагам. Ырды алып чыккан кезде бойдок болчумун да, актёрдук чеберчиликке салып үйлөнгѳн кезимди элестетип алып ырдагам.              

— Өзүңүздө чыгармаңызда айтылган сапаттар, окшоштуктар барбы?

— Кандай жубай экенимди жубайым айтып бергени туура болот го. Айтурган келгенден бери жүзүнөн жылмаюу кете элек, демек, ырдагыдай жакшы эле жубай болуп атам го деп ойлойм. Негизи, аялзатына кол көтөрбөгѳн, катуу, орой сүйлөбөгөн жагынан атамдан үлгү алам. Атам эч качан апама кол көтөрүп же катуу сүйлөгөн эмес. Атамды идеалдуу жолдош деп айтат элем. Үй-бүлөмдөн алган тарбиямдан улам ѳзүмдѳн жаман нерселерди күтпөйм. Ырымдагы жоопкерчиликти да унутпай андагыдай жолдош болууга аракеттенип жашайм.

— Мурда клиптердин көркүн ачкан күлкүлүү образдарды аткарчу элеңиз, кесибиңиз боюнча актёрсузбу же ырчысызбы?

— Кыргыз улуттук консерваторияда билим алгам. 21 аспапта кол ойнотом. Актёрлук сабатым жок. Актёрлуктун сырларын дасыккан актёр агаларымдын аткарган образдарын карап жүрүп үйрөнгөм. 2017-жылы клиптерге тартылып баштагам. Бүгүнкү күнгө чейин 16 клип, беш тасмада роль жараттым. Мурда шайыр мүнөз баланын образын жаратсам, азыр токтоо образдарга ыктап, тарбиялык мааниси бар салмактуу чыгармаларга басым жасап калдым.

— Сизге талант кимден ѳткѳн?

— Ата-энем таланттуу кишилер. Атам маданияттын мыкты кызматкери, музыкалык мектепте мугалим. Апам медицина кызматкери, бирок азыр айылыбыздын маданият үйүнүн жетекчиси.      

— Азыр айылда экенсиз, чыгармачылык үчүн жашооңуз шаарда уланабы же айылда эле каласызбы?  

— Мен төрт бир туугандын улуусумун. Эки иним, бир карындашым бар. Келинчегим экөөбүз “кийинки келин келгенче ата-энебиздин кызматын кылалы” деп пландаганбыз. Ошондуктан азырынча айылда эле жашайбыз. Ага чейин мен шаарга барып чыгармачылык менен иштеп, жумуштарымды бүтүрүп келип турам. Буюрса, чыгармачылыгым аксап калбайт. Дагы да өзгөчө жаш-карынын купулуна бирдей толгон чыгармаларды алып чыгууга болгон күчүмдү жумшайм.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуБир уядан учкан бир туугандар
КийинкиАйжан Керимова, темир уста: 12 жылдан бери атка така жасайм