Негизгиге Кесип Айжан Керимова, темир уста: 12 жылдан бери атка така жасайм

Айжан Керимова, темир уста: 12 жылдан бери атка така жасайм

196

Жумуш жоктур аял колу тийбеген,

Көтөрүмүң, чыдамың тең жер менен!

Темирден аттын такасын жасаган Айжан айым жѳнѳкѳй эле аялзаты. Кѳпчүлүк ойлогондой булчуңдары чыккан, каруусу чыңалган балбан эместигин айтып жылмаят. Кээ бир эркектердин колунан келбеген жумушту аркалаган айым менен болгон кызыктуу маекти сунабыз.

— Айымдар үчүн өөн болгон темир устачылыктын ишине кантип келип калганыңыз кызык болуп жатат?

— Мен Кочкор районунун Исакеев айылынын тургунумун. Жашым 43тѳ.  Балдарым алтынчы жана экинчи класстарда билим алышат. Темир уста болуу оюма деле келген эмес. Кайнатам менен жолдошум уста кишилер. Чакан устаканабызда экөө иштешчү. Кайнатам карылыкка моюн сунуп, иштен алыстаганда жолдошума кол кабыш кылып каралашып баштагам. Ошентип жүрүп ѳздѳштүрүп кеттим да, жолдошум менен атка така жасап иштеп калдым. Минтип иштеп келатканыбызга 12 жылдын жүзү болду.

— Алгач үйрѳнүү кыйынчылык жараттыбы?

— Башында жолдошум чапчу жерди балка менен көрсөтүп берип, анан мен барскан менен чапчумун. Барскандын салмагы алты килограмм чыгат. Аны күүлѳнтүп туруп тең салмакта туура чабуу кыйын эле. Эсимде, башында аны көтөрө берип колдорум ооруп, чай иче албай калган күндөрүм болгон. Айрыкча биринчи жолу чапканда колум аябай ооруган эле. Оор барсканды көтөрө берип белге да күч келет. Мурда белим катуу ооруганы сезилчү, азыр көнүп калгам. Жолдошум мени менен иштегенге аябай кѳнүп алган. Башка бирөө чаап берейин десе болбой мени эле чакыра берип үйрѳтүп алды. Өзү мени менен эч нерседен коркпой жасаарын айтат. Бирок иштегениме он жылдан ашканына карабай азыр да барсканды кармаган сайын “туура чапсам экен” деп кооптоно берем. Анткени туура эмес чаап алсаң ысык темир тайып кармаган адамды көздөй ыргышы мүмкүн. Ийгендин да ыгы бар экен, жолдошум үйрѳтүүгѳ аракет кылса да үйрөнө албай койдум.

— Аттын такалары кантип жасалат?

— Биринчи темирди орто, чоң же кичине атка ылайыктап кесип алабыз. Андан кийин кѳмүрдү кызартып туруп ал отто кыпкызыл болуп калганча, тактап айтканда, он мүнөттөй темирди кызытып бышырабыз. Чоктой кызарып чыкканда оттон алып чыгып дароо барскан менен чаап жалпайтам. Жолдошум темирди керектүү формага келтирип ийип, көзөйт. Мунун баарын темир муздап кала электе бат-баттан жасап жетишишибиз керек. Болбосо, темир катуу болуп ийилбей калат. Ошентип, бир баш таканы жыйырма мүнөттө чыгарабыз.

— Бардык эле темирдин түрү жарай береби?

— Жок, баары эле жарай бербейт. Темирлерди атайын шаарга барып жума сайын метрлеп алып келип турам. Мисалы, кытайдын темирлери бышканда эрип, такага жарабай калат. Катуураак жасалса сынып калат. Ал эми Орусиянын темирлери эрибейт, ийкемдүү да болот.     

— Кызыган темир менен иштѳѳ ѳзгѳчѳ кылдаттыкты талап кылат экен да?..  

— Устаканага кирерде кол каптарды кабаттап кийип, кийимди да калыңыраак, узунураак кием. Бутубузда дайыма желим өтүк болот. Анткени темир бышканда чок чачырап турат. Ал чок жука кийимди күйгүзүп тешип эле кетет. Ага болбой дайыма колдорум чокко күйүп жүрөм. Кѳмүрдѳн ис чыгып турат. Шахтада иштеген адамдай эле капкара болуп калабыз.   

— Оор нерселерди көтөрө берип булчуңдарыңыз чыгып калса керек?

— Баары эле колумду карай беришет, колдорум ичке эле. Устаканага келген кишилер “булчуңуңду көргөзсөң, катуу болуп турат болушу керек ” деп кызыгышат. Көбү булчуңдарымдын катуу экенин айтышат. Мен “жашыраак болгондо Айсулуудай болуп күрөшмөк экенмин” деп күлүп калам.  

— Бир күндө канча така чыгарасыздар?  

— Бир атка төрт така кагылат. Бир күндѳ жакшы иштесек 15 аттын такасын камдап коёбуз. Тактап айтканда, бул алтымыш даана така болот. Башында көп буйрутма жаз жана күз айларында түшчү. Азыр мезгилге карабай калдык. Кардарлар төрт мезгил бою эле келе беришет. Жайкысын күн ысыкта устакананын ичинде киши тура албай калат. Ошол себептен таң эрте туруп чаап, түштө жумушубузду токтотуп, кайра кечке маал улантабыз. Такаларды Кочкор районундагы дүкөндөргө өткөрүп, базарлардагы жип-шуу саткандарга таркатабыз. Азыр жылкы кармаган адамдардын саны арбын, ушинтип элдин байыганы бизге жакшы.

— Бир така канча убакыт кызмат кылат?

— Кышкысын карга ылайыктап үч кыр кылып чыгарабыз. Жайында эки эле кыр болот. Сапаттуу така бир айга жетет. Эгер ат таштак жолдо көп жүрсө бир айга жетпей калуусу да ыктымал.  

— Сиздин жумушуңузга айланадагылардын көз карашы кандай?

— Жакындарым көрүп жүрүп көздөрү көнүп калган. Аларга бул нормалдуу эле көрүнүш. Чоочун адамдарга өөн учурайт. Уста экенимди айылдагылардын көбү билишпейт. Кардарларыбыз буйрутма берүүгө келгенде жолдошумдан мурун кандай така керектигин сурап калсам “эркектердин ишине эмне тиешеси бар?” дегендей кѳз карашта карашат. Такаларды мен чаап, менин колумдан чыгарын билишкен соң таң калуу менен баа берип калышат.

— Эртеден кечке жумушта болсоңуз тиричиликке кантип жетишесиз?

— Көп жумуштарды улуу балам жасайт. “Үй жыйнап койгула”, “чай даярдагыла” деп майда-чүйдө иштерди айтып турам. Ал эми үйгө конок келип же өзүбүз конокко барганда жумушубуз токтоп калат. Себеби жумуш эки колсуз бүтпөйт. Бошогондо кайра жанталашып иштеп баштайбыз.

— Кирешеси жакшы эле болобу?

— Тѳрт жуп така 300 сомго бааланат. Көмүр, жарыктын акчасын кошпогондо күнүнө 2000 сомдой таза киреше табабыз. Тапканыбыз тамак-аш, кийим-кечеге жарайт. Андан сырткары мал курап жатабыз. Турмушка чыккандан бери шырдак шырып, жөрмөп бергенге буйрутма алчумун. Аны деле жолдошум экөөбүз жасачу элек. Такага буйрутмалар көбөйгөндө шырдак кармабай калдык. Ойлонуп көрсөк, бир ай кийиз кармап тапкан акчаны эки күн така жасасак таба алат экенбиз. Кудайга шүгүр, ушинтип ак мээнет менен тиричилик кылып жатабыз.

Айгерим Токтобай кызы   

СоӊкуТөлөгөн Мамыров: Ырымдагыдай мыкты жолдош болууга аракет кылып жатам
КийинкиЖылдыздар балдарынын иммунитетин кантип кѳтѳрүшѳт?