Негизгиге Интервью Нуриза, Таалайкан Абазовалардын апасы Шахринса апа: Нуризам өзү эркелесе, Таалайканым мени эркелетип...

Нуриза, Таалайкан Абазовалардын апасы Шахринса апа: Нуризам өзү эркелесе, Таалайканым мени эркелетип элжиреп турат

1219

Актриса Таалайкан Абазова менен бир тууган сиңдиси ырчы, актриса Нуриза Абазова бир үй-бүлөдөн чыккан таланттуу кыздар. Кыздарынын балалык чагы, кылык-жоруктары туурасында апасы Шахринса апа кеп куруп берди.

Шахринса апа, канча баланын энесисиз?

— Мен соода-сатык тармагында 35 жыл эмгектендим. Азыркы учурда 73 жаштамын, пенсиядамын. Жолдошум медицина кызматкери эле. Көзү өткөнүнө он жылдай убакыт болуп калды. Экөөбүздүн төрт уул, төрт кызыбыз бар. Таалайкан кыздарымдын экинчиси, Нуризам болсо кичүү кызым. Актёрлук кесипте жүргөн дагы бир уулум Чыңгыз азыркы тапта жашоо-турмушка байланыштуу чыгармачылыгына жакшы кирише албай жатат, бирок спектаклдерде ойноп жүрөт. Арзыкан, Маралкан, Таалайкан деп үч кызыбыздын аттарын уйкаштырып койгонбуз. Нуризага келгенде эле атасы ушул атты жактырып, көкүрөк күчүгүбүзгө өзү ыйгарган. Учурда 26 небереге чоң апа, таене болуп, неберелерим үч чөбөрөлүү кылышты. Алар келгенде үйүбүз базар болуп бапырап эле калабыз. Неберелеримдин аттарын таппай да калам.

Таланттуу кыздарыңыз бала кезинде кандай болушкан?

— Менин көп убакытым жумушта өтүп, балдарымдын баарын бала бакчага бердим. Нуризама кош бойлуу кезимде ооруган элем. Ошогобу, кызым арык, алсыз болуп төрөлгөн. Өзүмдүн да ден соолугум начар болгонго эмизбей, кызымды эчкинин сүтү менен бактым. Арык, назик бойдон чоңойду.  Туруп эле эси ооп жыгылып калган күндөрү да болчу. Качан гана молдого алып барып кыргызча окуткандан кийин балага окшоп калды. Анан үйдүн кичүүсү болгонго аябай эрке эле. Ооруганына карап да аячумун. Аябай көзүн карадык, урушкан жокмун. Бир куурчагы бар эле, кайда барбасын ошол куурчагын көтөрүп, кичинекей баласындай кам көрүп эле жүрө берчү.

Нуриза кызыңыз чоң ата, чоң энесинин колунда өсүптүр. Эмнеге?

— Ооба. Менин кайненем кайнатамдын экини кемпири болгон. Экөөнүн балдары болгон эмес. Менин балдарым аларды аябай жакшы көрүшчү. Бат-баттан барып турушчу. Анан Нуризаны 5-6 жаштарында жолдошум экөөбүз кеңешип аларга караан кылып бергенбиз. Кызыбыз алардын колунда деле жаман жүргөн жок, бизге деле келип-кетип турчу. Берерин берип алып кайнатамдан тартынып кайра сурай албай жүрдүм. Анан тогуз жашында өздөрү эле беришти.

Эки кызыңыздын тең чыгармачылык жолду тандоосуна каршы болгон жок белеңиз?

— Нуриза кызым бала кезинде мугалим болууну каалачу. Ошондуктан “артист болуп эмне кыласың, эки жакка көп чыгат. Мугалим же башка кесиптин ээси бол” деп каршы болчумун. Өзү актриса болом деп туруп алды, макул болдук. А Таалайканга каршылык деле көрсөткөн эмеспиз. Кызым алгач бир жылдык театралдык окууну аяктап, кийин Москвага билимин тереңдетүүгө кеткен. Аны атасы өзү узатып келген. Ошондо Алтынбек күйөө балам да чогуу кеткен экен. Экөө ошол жерден таанышып, жактырышып, беш жыл окугандан кийин баш кошушту.  

Кыздарыңызды алгачкы жолу сахнадан көргөндө кандай сезимде болгонсуз?

— Таалайканымды биринчи жолу тасмадан көргөн элем. Тасмада кызым унаа тосуп жолго чыкканда ичинде жалаң эркектер бар унаа токтоп, ага түшүп алат. Ошондо өзүмчө коркуп “кайда алып барат?” деп ичимден бушайман боло баштадым. Анан эле унаада кетип баратканда эле кийимдерин чечип кирcе болобу! Өзүм араң турган жаным “кандай унаага түшкөн?!”деп эле кыйкырып жатып калдым. Жүрөгүм титиреп аябай башкача болгом. Качан гана ичиндеги кийимин көргөндө жүрөгүм ордуна келген. Берилген ролу ошондой экенин түшүнүп турсам да, Таалайканымды тасмадан алгач көргөндө башкача болгом. А Нуризада көнүп калган элем, маани бербей калдым.     

Эрке кызыңыз турмушка кеч чыкты да, жашоосу үчүн кабатырланчу белеңиз?

— Албетте, эне катары баламдын келечегин ойлоп, турмушка чыгуусун айтчумун. Балаңа айтпасаң деле ичиңден ойлоп кабатыр болуп жүрөт экенсиң да. Жакшы жерге кетсе көңүлүң да ток болуп, жайдары болуп каласың. Такыр эле унчукпай жүрүп кийин турмушка чыгарын айтса чочуп кетиптирмин. Тилекке каршы, турмушу болбой калды, андан кийин деле бир-эки жолу кайра турмушка чыгуусун айттым. Кызым бир мүнөз, ошол бойдон айтканым жок. Шүгүр, жалгыз эмес, кызы бар.

Актёр агабыз Алтынбек агай кандай күйөө бала?

— Алтынбегим атына заты жарашкан алтындай балам. Аябай жакшы көрөм. Баскан-турганы да жакшы, айтканымды кынтыксыз аткарат. “Апалап” гана турат. Калган күйөө балдарым да жакшы адамдар. Бир гана кичүү күйөө балам купулума толбой калды.   

Нуриза эже бир эфирде сизге “жакшы көрөм” деген сөздү көзүнө жаш алып айтты эле, негизи, сүйүүсүн билдирип турушабы?

— Нуриза кызым дайыма эле ошондой, көзүнө жаш алып жиберет. А Таалайкан менен сүйлөшкөндө шоколадга окшоп эзилип, “апоо-у” деп тимеле эркелетип турат.

Негизи, балдарыңызды кандай тарбияда чоңойттуңуз?

— Биздин колубуз балдарыбызга такыр тийген жок. Сөз менен эле урушчумун. Өздөрү деле эмне кылгандарын алдын ала моюндап, төкпөй-чачпай айтып коюшчу. Күнү бою жумушта жүргөнгө көп нерсени билбей деле калчумун. А бирок жумушка кетип баратканда кандай жумушта айтсам дагы баарын аткарып коюшчу. Чындыгында, балдарым менен кенен-кесир отурганга деле убактым болгон жок. Үйгө келгенде деле кагаз иштерин жазчумун. Үй тиричилигине кирип кетчүмүн. Түнкүсүн кир жууп, камыр жууруп, таң атпай нан жаап, анан жумушка кетип калчумун. Ал кезде жумуштан кечиксек да чоң штраф салынчу. Балдарым менен көбүрөөк жолдошум калчу. Бирок ага да чакыруулар көп келип, кээде түнкүсүн да кетип, анын деле колу чанда тийчү.    

Чыгармачылык талант кимден берилген балдарыңызга?

— Балдарымдын атасы отуруштарда, той-топурларда ырдап калчу. Үнү да жакшы болчу. Менде болсо чыгармачылык чымын жок.     

Чыгармачылыкта жүргөн айымдарга ар кандай сөздөр айтылат эмеспи, аларды кандай кабыл аласыз?

— Эгерде кыздарым тууралуу мени тааныбаган бирөө-жарым бир нерсе айтып жатса унчукпай угуп тура берем. Эгерде туура эмес маалымат айтылып жаткан болсо “алар мындай кыздар, биздин айылдан болот” деп оңдоп кетем. А негизинен, көпчүлүк элден кыздарым тууралуу жакшы гана пикирлерин угуп келатам. Эл жакшы сөздөрүн арнап жатышса кантип кыздарым менен сыймыктанбай коём?! 

Жакында эле бир уулуңуз операция болду эле, азыркы абалы кандай?

— Ал эң улуу балам Бакыт. Бакыт былтыр эле ооруп баштаган, бирок боору ооруганын билбептир. Бир жылдан бери Бишкектеги ооруканада жатып, тилекке каршы, абалы жакшырбай койгон. Эки күндүн биринде эле реанимацияга жатып калып атты. Анан быйыл эле аныкталып,  боорун алмаштыруу операциясын кылышты. Буйруса, операциясы ийгиликтүү болду. Учурда улуу кызым менен Новосибирск шаарында. Абалы жакшы, шишиги тарап, бети-башы оңолуп калды. Бирок толук калыбына келмейинче жиберишпейт экен. Ал уулума донор болгон неберем келген. Неберем да анализдерди өз убагында тапшырып, доктурдун көзөмөлүндө болуусу керек экен.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуТахмина: Наристемди кыйнап өлтүргөн мыкаачы менен мурун эле ажырашып кетпегениме өкүнөм
КийинкиАлтынбек: Карындашымды дарылатып бутуна тургузгум келет