Күнүмдүк жашоодо каалайбызбы, каалабайбызбы жагымсыз көрүнүшкө туш келебиз. Ар кандай маселеден улам кимдир-бирөөлөр менен урушууга аргасыз болобуз. Ары жагымсыз, маанайды түшүрө турган “сүйлөшүүнүн” да өз эрежеси бар. Жектеген адамыңыз менен кийин бет карашканда ыңгайсыз абалда калбоо жана өзүңүздүн кадырыңызды сактап калуу үчүн кайым айтышуу учурунда төмөнкү жагдайларды эске алыңыз.
1-эреже
Анын оюн толук угуңуз. Сиз үчүн канчалык жагымсыз болсо да ал сиз тууралуу кандай ойдо экенин жана эмне үчүн нааразы болуп жатканын толук айтып алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Чыдамдуулук менен кунт коюп угуу сизге упай алып келет. Себеби адам ичиндеги желин чыгарып алгандан кийин өзүңүз топтогон далилдерди айтып баштасаңыз натыйжа берет. Ал эми каршылашыңыз бир сөз сүйлөсө сиз эки сөз менен жооп берсеңиз, маселе татаалдашуу жолуна өтөт.
2-эреже
Ортодо канчалык ачуу сөздөр айтылбасын, сиздин максатыңыз, уруштун өзөгү чечилиши керек. Жөн эле эмоцияга алдырып кайым айтышуу менен тарабастан “келиңиз, маселенин чечүү жолун карайбыз”, “чогуу ойлонуп бул абалдан чыгалы” деген сунушту киргизген оң. Ийкемдүү бул сөздөр каршылашыңызды жибитеринен күмөн жок.
3-эреже
Оюңузду, ал тууралуу эмне ойлоп атканыңызды ачык айтыңыз. “Котур ташыңызды койнуңузга катып алып” кайым айтышууда баары бир маселе чала бойдон калат. Мисалы, уруш эмненин айынан чыгып атат: анын жоопкерчиликсиздигинен, айткан сөзүнө турбаганынан, убакытка так эместигинен, сырга бекем эместиги ж.б. кандай себеп болбосун баарын ачык санаганыңыз оң. Айтылбай көмүскөдө калган маселе убакыттын өтүүсү менен кайрадан ачыкка чыгуусу мүмкүн.
4-эреже
Сиз үчүн уруштун максаты – ортодогу келип чыккан маселени чечүү. Эгер каршылашыңыз жекеликке өтө баштаса, темадан алыс узап сиздин кадырыңызга шек келтире турган сөдөрдү айта баштаса теңелбеңиз. Анын деңгээлине түшүп айтышсаңыз талаш чырга айланып, негизги маселе экинчи планга жылат. Сабырдуулук дайыма жеңишке жеткирет.
5-эреже
Алсыздыгыңызды көрсөтпөңүз жана каршылашыңызга сездирбеңиз. Ал сизди утулду деп кабыл алат жана ошол эле учурда өзүнүн эрежелерин орното баштайт. Тил табышууга баргысы келбейт, кысым көрсөтө баштайт, жыйынтыгында уруштан жеңип чыгат. Сиздин эмне сезип атканыңыз эмес, анын эмне көрүп атканы маанилүү деген эрежени кармансаңыз ашыкча болбойт.
6-эреже
Негизги көңүлүңүздү уруштун өзөгүнө коюңуз. Башка темага, буга чейинки майда таарынычтарга же жиниңизди келтирип жүргөн жагдайларды аралаштырбаган оң. Антпесе жыйынтыгында жөн эле кайым айтышуу келип чыгат да, бир пикирге келбеген бойдон тарайсыз.
7-эреже
Кандай уруш болбосун ортодогу кызыкчылык бир болот. Жана кайым айтышып аткан учурда да ошол окшош жактарды издегенден эринбеңиз. Мисалы, кызмат жаатында уруш болсо экөөңүз тең иштин жакшы жүрүшүн каалайсыз, үйдөгү кайым айтышууда ар бири өз ыңгайлуулугу үчүн күрөшөт ж.б. Ошон үчүн кандай уруш болбосун эки тарапты бириктирип турган өзөктү биринчилерден болуп тапсаңыз утуш сиз тарапта.
8-эреже
Урушка “ким күнөөлүү” деген суроого жооп издебеңиз. Каршылашыңызга болгон жек көрүүңүз ого бетер күч алат. “Уруш эмне себептен келип чыкты” деген суроого жооп издесеңиз маселе бат чечилет. Кандай уруш болбосун өзүңүз үчүн жыйынтык чыгарып жана кийинкиңизге сабак алганыңыз оң.
9-эреже
Көп нерсе айтылган сөздүн курчтугунан жана үнүңүздүн кандай чыкканынан көз каранды. Канчалык ачууңуз келип турбасын, туура сөздү, үндү тандаңыз. Урушка тиешеси жок талуу жактарын издегенге аракет кылбаңыз. Анын кылган ишин сындаңыз, бирок жеке кемчилдиктерине өтүүдөн алыс болуңуз. Эртеси күнү айткан сөздөрүңүз үчүн уялбагыдай болуңуз.
10-эреже
Болуп боёсу кангандан кийин кайра башынан өзүңүз баарын талдап чыккандан эринбеңиз. Кайсы жерден ката кетирдиңиз, кандай кемчилдигиңизди мойнуңузга албай бет тырмаарлык кылдыңыз? Атаандашыңызга ачык айтпасаңыз да ички абийириңиз менен эсептешип, өз күнөөңүздү мойнуңузга алып оңолгонуңуз оң. Анткени бул жолу урушту жеңгениңиз менен кийинкисинде болгон катаңызды ачык айта турган адам табылары талашсыз.
11-эреже
Уруштан кийинки күндү да ойлоңуз, кемчилдик сизден кетсе кечирим сурагандан, каршылашыңыздан кетсе кечиргенден тартынбаңыз. Жан дүйнөңүздүн тынчтыгы, айланадагы адамдар менен тең салмактуу сый мамиле баарынан жогору.
12-эреже
Кекчилдик – адамдын өмүрүн кыскарта турган терс сапат. Каршылашыңыз менен канчалык оор урушту башыңыздан өткөрбөңүз, анын артынан сая түшүп куугандан, жамандык кылуудан карманыңыз. Андан көрө элдешип, ортодогу жагымсыздыкты жокко чыгарсаңыз анын да, сиздин да жашооңуз жеңилдейт.
Анара Дүйшөналиева