Негизгиге Аңгеме Ашык

Ашык

514

Салтанат бир жак жиби жулунуп жерде жаткан кѳшѳгѳнү кѳргүсү келбей бетин басты. Бѳлмѳ азырынча тынч. Бирок жабалактаган аялдар кайра дагы киришеринен шек жок. Алар менен алышууга шайы деле калбады. Терезенин ачылбасын жана эле байкаган. Сыртка чыга жѳнѳѳгѳ эрки жетчүдѳй эмес.

  • Мен аны менен сүйлѳшүп кѳрѳйүн.
  • Ай, аны жѳн коюп, кел, мени менен эле сүйлѳшчү.
  • Ѳзү чечсин, – үндү тааный койду. Жатакананын коменданты Айдар агай экен. Анын издеп келүүсүнѳ таңдана түштү.
  • Салтанат, каяктасың?
  • Агай?
  • Мага кыздар айтты. Телефонуңду албайсың да. Кыздар да келишти, сыртта турушат.
  • Мен бул жерден кетишим керек.
  • Баарын ѳзүң каалагандай чечкенге укуктуусуң, Салтанат.
  • Эй, брат, мен сүйлѳшүп алайынчы,чыгып турчу. – Эңгезербей олбурлуу жигит кѳкүрѳгү менен жѳѳлѳй сүйлѳдү. Бул күйѳѳ болчу Адил эле. Айдар “кандай кылалы?” дегенсип Салтанатка карады.
  • Сенде сѳзүм жок. Коё бер мени. – Кыз агайы тарапка ыктап тура калды.
  • Салтанат, билип турам, туура эмес кылдым. Ала качууну мен деле жактырбайм. Бирок сен мени аргасыз кылдың. Мен сенден жакшы эле суранып жүрдүм го.
  • Сага баарын түшүндүрүп айтып бүткѳм. Мен пландарымды ѳзгѳртпѳйм. Жакында окуумду чет жактан улантам. Сен ошого атайын бут тосуп атасың. Баарын түшүнүктүү эле айтып бердим эле го.  

Экѳѳнүн ортосунда туруудан ыңгайсызданган Айдар чыгып кетти. Адилге ушул мүмкүнчүлүк керек болчу. Каалганы дароо ичинен бекитип, жалгыз терезенин пардасын тартты. Анын арам оюн билген кыз каалгага учуп жетти.

  • Ачкыла! Жолобо мага! Жардам! – Салтанат бир кыйкырып үлгүрдү.

Аңгыча жигит кыздын оозун тумчулап басып тѳргѳ сүйрѳдү. Карышкырдын азуусунда калган коёндой тыбырчылаган кыз бетин баскан чоң алакандан дем ала албай, жер чапкылап жатты. Адилдин болгон максаты – кызды карыш жылдырбай алып калуу. Азыр анын жалгыз жолу калгандай туйду, тайкы акылында. Кызды коё бербеген бойдон бир колу менен курун чече албай кыжынат. Ал сайын шаштысын кетирип эшикти такылдаткандар күчѳдү. Аңгыча каалганын айнеги бычыр дей түштү. Жин ургандай каарданып алган неме кызды кыжына ыргытып жиберди. Каалга ачылары менен Салтанат эч нерсеге карабай чуркап жѳнѳдү. Дарбазадан чыгып Айдардын унаасын тааный койду да, токтоосуз жетип отурду. Ичинде бир бѳлмѳдѳ чогуу жашаган эки курбусу бар экен. Арттан жете келген Айдар шашкалактай унаасын от алдырып жѳнѳп кетишти.   

***

Арадан бир жума ѳтүп баягы окуялар унутулуп бараткан. Машыгуудан кеч кайтып келаткан Айдар топ баланын ортосунда калды. Алгач абалга түшүнѳ берген эмес. Аңгыча топтон суурулуп чыга келген баланын “кандайсың, болушчаак?” деген үнүнѳн таанып, баарын түшүндү. Бул ала качуу менен үйлѳнмѳк болгон “баатырдын” ѳч алуусу эле. Кѳз ирмемде топтолгон балдар житип жок болушту да, канжалаган Айдар жерде онтоп жатты.

Бүл күндѳр Салтанат үчүн оңой болгон жок. Жатаканадагы студенттердин ысык-суугуна түтүп келаткан Айдардын белгисиз бирѳѳлѳрдѳн токмок жеп ооруканага түшүп калышы бул жердин жашоочулары үчүн суук кабар болду. Окуянын чоо-жайы улам ачыкталып отуруп, эми баары Салтанатты сынай карашат. Качан болсо алдынан чыккан ар бир адамга чын дилинен мамиле кылып, студенттердин ыңгайлуу жашоосу үчүн жан үрѳгѳн коменданттын жоктугу баарына билинип жатты. Айдардын ооруканага жатканына он күн болду. Дүйшѳмбүдѳ үйүнѳ чыгары айтылган. Кыз ага чейин дагы бир барып абалын сурап коюуну туура кѳрдү. Агайынын жанынан келинчеги чыгып бараткан экен. Аны бул жерден экинчи жолу кѳрүп жатат. Аялы эч нерсе дебесе деле кыз анын алдында күнѳѳлүүдѳй ыңгайсыздана түштү. А келинчекте таарыныч да, санаа да жоктой.

  • Аа, Салтанат, жакшысыңбы? Мен шашып кетип баратам.
  • Саламатсызбы?
  • Жакшы, агайың да жакшы. Мейли э, пока.  

Салтанат Айдар менен келинчегинин ортосунан эч кандай жубайлык жылуулук, ынактык байкалбаганына таңданчу болду. Буларды биринчи ирет чогуу кѳргѳндѳ “жаңы эле бир нерсеге уруша кетишсе керек” деп ойлогон. Бул жерден жолукканда деле аялынан анчейин тынчсызданууну кѳрѳ албады. Кыз ушуларды ойлой керебеттин жанындагы стулга отурду. Экѳѳ учурашып, университеттеги, жатаканадагы жаңылыктарды сүйлѳшүп отурушту. Бири оорусун, бири санаасын унутуп кызыктуу маекке ѳтүштү. Качан гана Салтанатка чалуу келгенде сѳздѳрдү кыска бүтүрүүгѳ туура келди.

  • Жакшы туруңуз агай, сизди убарага салганым үчүн дагы да кечирим сурайм.
  • Эч нерсе эмес. Сен…
  • Кыздар да кызык, сизди убара кылышпай милицияга кайрылышса болмок экен.
  • Жок, мага айтышкандары туура болгон. Мен ѳкүнбѳйм.
  • Үй-бүлѳңүздү да сагындыңыз го, – кыз бул суроону ашыкча берип алды.
  • Ии, келип атпайбы. Анча эмес. – Салтанат тура береринде Айдар аны колдон кармап калды.
  • Салтанат, сен эч нерсеге кабатыр болбо. – Бул кыздын кызыктай кѳз карашына берилген чыныгы жооп эмес болчу. Абалды жайгармакка гана ушинтип койду. Кыз бек кармалган колун тартып алуудан тартынып турду.
  • Айтор, бир эстен кеткис окуя болду, ээ? – Кеп уланбаган соң Айдар кыздын колун кыйылып жатып коё берди. Бул кадам Салтанат үчүн бир эсе таң калычтуу, бир эсе жагымсыз сезим калтырды.

***

Чыдамсыздана күткѳн күн да келди. Кызга тилегениндей чет жерге окуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Эми Австрияга деген сапарын саат санап күтѳ баштады. Кыздын чет мамлекеттен окуйм дегенде ак эткенден так эткен тилегин билген курбулары ѳзүнчѳ салтанат уюштурууга киришишти. Ары ата-энесин удаа жоготуп, дарты ичинде жүргѳн кыздын кѳңүлүн кѳтѳрүп коюуга аракеттеништи. Салтанаттын сапарын ойлонуп, ал үчүн түйшѳлгѳндѳрдүн арасында Айдар да бар эле. Бирок ал агай катары эмес, ашык жан катары түйшѳлүп жатканын эч ким билбейт. Керек болсо Айдарды жатакананын толгон түйшүгүн чыдап башкарууга Салтанатка деген ашыктыгы күч берип келатканын ким билиптир. Бул жердеги ишинен тажап, бир чети кулак-мээсин жеген аялынын каалоосун аткаруу үчүн түйшүгү аз, маянасы кѳп жумуш издей баштаганда Салтанатты кѳрүп калды. 3-курстун кызы кѳзүн жашылдантып ата-энеси жок томолой жетим экендигин аныктаган күбѳлүктү сунуп алдында отурду. Документтерге кѳз чаптырып ата-энеси жарым жыл мурун бир ай ичинде каза болушканын билди. Документтер жатакана толуп калган кезде кеч тапшырылганы кѳйгѳй жаратты. Бирок Айдар кызга чын дилинен жардам бергиси келди. Университет менен жатакананын ортосунда чуркап жүрүп акыры курбуларынын арасына кошту Салтанатты. Ошол күндѳн баштап бул кыздын аялуу тагдыры оюнан кетпейт. Узун кирпигин ирмеген сайын мѳндүрдѳй кулаган кѳз жашы кѳзүнѳ элестей берет. Ал кезде кыз эми баягыдай жылуу батирде дасторкону жайнаган жашоо болбосун ойлоп ызаланып, ата-энесин сагынып, кусаланып жашын тыя албай жүргѳн. Кийин Салтанаттын сүрѳтү жатакананын ардак тактасынан түшпѳй калды. Ар качан ийгиликтерди жаратып, окуу жайдын сыймыгы эле. Айдар эмнегедир аны бир кѳргѳнгѳ ыраазы, жылмайып учурашып ѳтүп кетсе дүйнѳсү тегиз. Аялы ашырып-ташырып айтып мээсин жеген майда-барат маселелер жоголот да калат. Салтанатка сезимин айтпасын билсе да, аны унутууга аракет кылган жок. Анын аруулугуна ач кѳз ой жиберүүдѳн да сактанат. Кызды эч кимге ыраа кѳрбѳй оюнда аздектейт. Ушул себептен Салтанат үчүн муш жеп, ден соолугунан жабыркап жатып да кың дебеди. Эми кыз жатакананы таштап кетери менен ѳзү да бул жердеги ишин жыйыштырып кетүүгѳ тымызын камынып жүрѳт. Кызды аэропортко узатып барарын мурда эле эскерткен. Азыр болсо кѳп түйшѳлүп отуруп кабыл алган чечими менен сүйүү катын жазууга отурду.

***

Салтанатка чоочун жер, чоочун элдин арасында караан болуп, сагынычын баскан эки нерсе бар. Бири ата-энесинин сүрѳтү, экинчиси Айдардын каты. “Салтанат, жүрѳгүмдүн теңи сени менен кетип баратат. Аруу жансың, аруулугуңду аздектеген адамга жолуксаң экен. Сени кечигип кѳргѳнүм – менин чоң арманым. Мен сени эч качан унутпайм”. Кыз кѳңүлүнѳ каттагы ар бир сѳз жатталып калган. Жатка билсе да сыя менен кооздолуп жазылган сулуу кол жазманы ачып окуганды жакшы кѳрѳт. Бирок бул жакка келгени Айдарга кабарын билдирбеди. Зарыл эмес эле. Үй-бүлѳлүү адам менен кат алышуу кайсы жагынан болбосун ката болмок. Салтанаттын Австриядагы үч жылы берекелүү болду. Тил үйрѳнүп, жер кѳрүп, эл тааныды. Кусалуу жан дүйнѳсүнѳ аз да болсо тынчтык тапты. Мекенинде аны ашыгып күтүп жаткан ата-энеси болбогон соң кайтууга шашпай иштеп да калды. Зымыраган жылдар айрылуу азабын жеңип, жашоого жаңы максат коюуга жетелей берет тура.  

Кыз ата-энеси менен бир ооз ачып сүйлѳшпѳй, бирок жүрѳк түпкүрүнѳн түшүнүшүп алган бир арман бар эле. Бул үчүн атасы апасын, апасы атасын аяп турарын балапан жүрѳгү менен астыртан сезчү. Алардын ѳзүнѳн башка балалуу боло алышпаганы үчѳѳнѳ бирдей чоң ѳкүнүч эле. Ата-энесинин удаа узап кетиши кара жанын такыр эле карайлатып койду. Караан болор бир боорунун болбогону бүтпѳс арманына айланган. Мындан улам анын эмки чоң максаты бүлѳ күтүп кѳп балалуу болуу эле. Бул максатка кадам таштачу күн да эшик кагып келгенин сезет. Бирок тилегениндей баланы жакшы кѳрүп, бүлѳнү күтѳ билген жигит табылар бекен, ушуга сарысанаа.

***

Кечээки уруштан кийин Айдар бүгүн ажырашуу чечимин толук кабыл алды. Мына азыр жетип эле аялына баарын айтууга бел байлады. Канча жылдан бери урушуп-талашып, жакшы-жаман кептерди айтышып чече албаган маселе ушул кадам менен жыйынтыкталышы керектиги айдан ачык болуп калган. Ары аялынын кош бойлуу боло албаганы кемчилик же күнѳѳ эмес – маңдайына жазылган жазуу экенин моюнга алуу да керек эмеспи. Бул чечимин аялы деле туура кабыл алат деген үмүттѳ баратты. Коңгуроону басып бир топко турду. Эч ким эшик ачпаганда гана ѳз ачкычы менен каалганы ачып кирди. Уктоочу керебеттин үстүндѳ бир барак кат жатыптыр. “Айдар, ушунча жылыңды мага коротконуңа ыраазымын. Бизге бакыт буюрбаптыр. Мени кечир. Теңиңди таап, кѳп балалуу болушуңду тилейм”.

   Айдар катты күзгүнүн үстүнѳ кайдыгер койду да, костюмунун чѳнтѳгүнѳн алакандай кагазды алып чыгып жүрѳгүнѳ басты. Кагазда телефонго сактаса жоготуп алчудай сезген узун номер жазылуу эле. Бадырайган сандарды телефонуна терди да, кызыл жүрѳктү коюп, тушуна Салтанат деп жазды.  

Гүлайым Калыбекова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here