Негизгиге Ден соолук Эң зыяндуу жууп-тазалоочу каражаттар

Эң зыяндуу жууп-тазалоочу каражаттар

528

Бүгүнкү күндө тиричилик химияларысыз бир дагы үй жок. Анткени алар менен жууп-тазалоо оңой. Тилекке каршы, ден соолукка тийгизген зыяны да аз эмес. Күн сайын пайдаланып жаткан бул каражаттардын кесепети дароо болбосо да бара-бара сөзсүз тиет.

Кир жуучу айналар жана идиш жуучу каражаттар. Эң кеңири тараган бул эки каражат зыянсыздай сезилет. Бирок булардын курамында ден соолук үчүн кооптуу болгон химиялык заттар бар. Ал заттар менен эң көп кез келип, алар менен дем алган – ошол үйдү жыйнап тазалоо менен алектенген адам. Каражаттардын калдыктары жуулган кийимде, шейшептерде, идиштерде сөзсүз түрдө калат. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн айрымдарында аллергияны чакырат, калгандарында эч кандай зыяны байкалбаганы менен кандайдыр бир убакыттан кийин ден соолук үчүн сөзсүз зыянын тийгизет.

  • Абаны тазалоочу каражаттар. Жагымсыз жыттанган бөлмөнү бир чачуу менен жагымдуу жыттантып койсо эле жакшы каражат деп ойлобоңуз. Дээрлик ар бир дааратканадан орун алган бул каражатты изилдөөчүлөр эң зыяндуу каражаттардын бири деп табышкан. Мунун курамында формальдегид аттуу химиялык элемент бар, анын зыяны көп: борбордук нерв системасынын ишин бузат, гормондордун деңгээлин өзгөртөт, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларына зыянын тийгизет. Булардын баары бир нече жылдардан кийин билинет.
  • Аммиак кошулган тазалоочу каражаттар. Аммиак ар кандай тазалоочу каражаттардын курамында кездешет. Мисалы, ашканага арналган, ваннаны, терезени, эмеректерди тазалоочу каражаттарда. Аларды сатып алууда сөзсүз түрдө курамы көрсөтүлгөн жазууга көңүл буруңуз. Эгерде анда аммиак 5%дан жогору болсо, ал каражат зыяндуу болуп эсептелинет. Аммиак – бул щелочь. Ал суунун буусу менен оңой аралашат да, бир заматта дем алуу органдарынан орун алат. Анан мурундун, тамактын, ооздун былжыр челдерин дүүлүктүрөт.  Атүгүл күйгүзүп, көздүн жана теринин бузулуусуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле энтигүүнү чакырып, көп өлчөмү өпкөнүн шишип кетишине жеткирет. 
  • Духовкаларды тазалоочу каражат. Духовкаларды тазалоочу каражаттар өз курамына натрийдин гидроксиди деген затты камтыйт. Бул да щелочь болуп эсептелинет. Ал терини, көздү катуу дүүлүктүрөт. Бул каражатка кол капсыз жакындашуу теринин күйүүсүнө, көзгө түшсө анын көрбөй калуусуна жеткирет.
  • Унитазды тазалоочу каражаттар. Бул каражаттардын курамындагы химиялык зат кол кап менен корголбогон териге олуттуу зыян келтирет.
  • Хлор кошулган агартуучу каражаттар терини, көздү, дем алуу органдарынын бузулуусуна жеткириши мүмкүн. Агартуучу каражаттарды эч качан аммиак менен аралаштырбаңыз, мындай учурда алар өлүмгө чейин жеткириши мүмкүн.
  • Килем тазалоочу каражаттар. Килем тазалоочу каражаттардын көпчүлүгүнүн курамында перхлорэтилен жана аммонийдин гидроксиди сыяктуу уулуу заттар бар. Булардын биринчиси бөйрөктүн, боордун, нерв системасынын ишин бузса, экинчиси көз, тери, дем алуу органдарынын дүүлүктүрүүчүсү болуп эсептелинет.
  • Күзгү жана терезе тазалоочу каражаттар. Бул каражаттардын негизги компоненти болгон бутоксиэтанол заты өпкөнү шишитип, боор жана бөйрөктүн олуттуу ооруларына жеткириши мүмкүн. Бул каражаттар менен айрыкча желдетилбеген бөлмөдө иштөө кооптуу.

Эмне кылуу керек?

Идишти же кирди жуубай коюуга, үйдү тазалабай коюуга мүмкүн эмес. Бирок алардын зыянын азайтууга болот. Мисалы:

  • Айнанын көлөмүн өз нормасынан ашырбай пайдаланып, кошумча дагы бир жолу чайкоо керек. 
  • Бөлмөнү тез-тез желдетип, уктоочу бөлмөңүзгө идиште өстүрүлгөн 2-3 гүл коюп коюңуз. Алар абаны зыянсыздандырып турушат.
  • Идиш жуучу каражатты идишке эмес, губкага куюп азыраак көбүртүп жууңуз. Чайкаганда көп өлчөмдөгү сууга бир нече жолу чайкаңыз.
  • Үйдү жыйнап-тазалоодо сөзсүз түрдө резина кол кабын кийиңиз. Эгерде иштете турган каражатыңыздын курамында зыяндуу заттар бар болсо маска тагыныңыз. 
  • Жуучу каражаттарды жей турган азыктарга жакын койбоңуз. Анын көзгө көрүнбөгөн тамчысы чачыраса да азык аркылуу организмге түшкөн химия ууланууга жеткирет.

Тиричилик химиясынын ордуна 5 зыянсыз каражат

Кир самын

Бул табигый жана экологиялык жактан таза азык. Айрыкча үйүндө кичинекей баласы барлар үчүн бул эң жакшы жардамчы. Кир самын кошулган суу менен бардык нерсени: идишти, полду, раковинаны, кирди жууга болот. Организмге эч кандай зыяны жок бул каражат ар кандай кирлерди таза, сапаттуу кетире алат.

Сода

Тамак-аш содасында да эч кандай зыяндуу заттар жок. Ал кирди кымбат химиялык каражаттардан кем эмес кетирет. Чайнек, чынылардагы саргарган тактарды, айнек идиштеги, эмаль мискейдеги тактарды жалтырата кетирет. Ошондой эле муздаткычтын, кичи толкундуу мештин ичи-тышын жууга болот. Бирдей өлчөмдөгү соданын, уксустун, туздун аралашмасынын жардамы менен суу жакшы акпай калган учурда раковинанын түтүгүн тазалоого болот.

Ашкана уксусу

Уксус эң мыкты агартуучу каражат болуп эсептелинет, микробдорду өлтүрүп, майды кетирет. Сууга уксус кошуп жууганда май болгон мискей, көмөч казандар жакшы кетет. Эгерде мискейдин түбүнө бир нерсе күйүп кетсе, күйгөн жерине чейин уксустан куюп, түнү менен коюп коюңуз. Эртең менен губка менен жууганда эле оңой кетип калат. Чайнектеги кеберди кетирүүдө да уксус жакшы жардам берет. Ага уксусту куюп, туздан салып кайнатуу менен мыкты жыйынтыкка ээ болосуз.

Горчица

Горчица порошогун майга каршы химиялык каражаттын ордуна колдонсоңуз болот. Аябай май болгон идишти дагы бул каражат менен жууганда муздак сууга да эң жакшы кетет.

Лимон кислотасы

Лимон кислотасынын агартуучу касиетинен тышкары бактерияларды өлтүрүп, жагымсыз жыттардан арылтуучу касиети бар. Ал үчүн лимон кислотасын сууга эритип, ошону менен идиш-аякты жана башкаларды жуу керек. Бул каражаттын жардамы менен чайнектин кеберинен да оңой арылууга болот. Бир чоң кашык лимон кислотасын чайнекке салып, үстүнө суу куюп бир нече жолу кайнатуу зарыл. Мындай ыкма электр чайнеги үчүн да, жөнөкөй чайнектер үчүн да натыйжалуу. Лимон кислотасы менен кир жуучу машинанын кеберин кетирүүгө да болот. Ал үчүн куру машинанын барабанына кислотаны салып, жогорку температурада айлантуу сунуш кылынат. Бул ыкманы үч айда бир жолу кайталап туруу керек.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here