Кыргыздын нукура талантын алып келе жаткан комузчулар Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева кыздуу болушту. Ымыркайынын жыпар жытына балкып, балдары менен бактысы артып турган жылдыз менен маектештик.

— Нурайым, бешик бооңуз бекем болсун. Наристеңиздин ысымы ким болду?
Рахмат! Кудайдын буйругу менен аман-эсен көз жарып алдым. Азыр өзгөчө, сөз менен айтып бүткүс сезимдерде жүрѳм. Кызыбыздын атын тун кызыбыз Аруукенин ысымына уйкаштырып атасы Айбийке деп койду. Кош бойлуу кезимде эле ушул атты тандаган. Мага да абдан жаккан.
— Эки кызыңыздын ортосу канча жаш болду?
Улуу кызым сегизге чыкты. Учурда 2-класстын окуучусу. Экинчи кызыбыз көптөн күткөн чүрпөбүз болду. Кадимкидей наристе жытын сагынып калыптырмын. Азыр жанынан чыкпай көзүн карап, жыттап эле отурам. Кичинекей бала караганды да кадимкидей унута түшкөн экенмин, улуу кызымда кылгандарымды башынан эстеп жатам.
— Айбийке кимге окшош экен?
Атасынын эле көчүрмөсү. Экөө тимеле куюп койгондой окшош. Азырынча мага эч жери окшошо элек.
— Назбек мырза кандай ата экен?
Бир аз кусуп, кош бойлуулуктун белгилерин байкаганымда эле ооруканага барып анализ тапшыргам. Кош бойлуу экенимди билген соң, албетте, жолдошума сүйүнчүлѳѳгѳ ашыктым. Ал жумуштан келип, дасторконго отурганда “жакшы жаңылыгым бар” деп сүйүнчүлөгөм. Жолдошум ошондон баштап эле аталык камкордугун баштаган. Мени аяп, тамакты да ѳзү жасаган учурлары болду. Азыр бала ойгонсо менден биринчи чуркап барып колуна алат. “Ѳзүм эле жардам берем” деп баарына ѳзү каралашат. Жалпысынан жолдошум “5” деген баага татыктуу ата.
— Узакка тыныгуудан кийинки кош бойлуулук кыйынчылык менен өтөт дешет. Сизге бул нерсе билиндиби?
Бардык айымдар кандай кыйынчылык менен көтөрсө, ошонун баарынан өттүм. Бирок кош бойлуулуктун да өзгөчө артыкчылыктары бар. Эркелеп, али кѳрѳ элек балаңды сүйүп жалаң гана бакыт, позитивдүү сезимдер менен жүрѳсүң. Мен дайыма маанайым көтөрүңкү жүрдүм. Алгачкы айларда уйку менен катуу дос болдум. Көп эт жей албаган жаным кош бойлуу учурумда сүрсүгөн этке талгак болдум. Жолдошум сураганымды алып берип жатты.
— Кош бойлуулугуңуз пандемия учуруна туш келбедиби, кантип коргондуңуз?
Пандемия учуруна туш келип калышы мага, тескерисинче, жакшы шарттарды түздү десем болот. Концерт, тойлор токтоп ары-бери чуркабай, эч жакка шашпай тынч жүрдүм. Көп убактымды кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн ажайып кооз жаратылышынын койнунда, таза абада өткөрдүм. Шаарга акыркы айларда эле келип төрөттүн камын көрдүм. Элимдин кыйналганын көрүп туруп жардам бере албаганыма гана өкүнгөнүм болбосо, пандемия мага кыйынчылык деле алып келген жок.
— Бала багышкан жардамчыларыңыз барбы?
Азыр кызым кичинекей, уйкусу тынч. Жардамчынын деле кереги жок. Эгер жардам керек болсо жолдошум дайыма жанымда. Сиңдилерим да бар.
— Улуу кызыңыз сизди сиңдисинен кызганбай элеби?
Мени ата-энем катуураак кармап, кыргызча өстүргөн. Биз да балдарыбызды ушундай тарбиялоого аракеттенип жатабыз. Андыктан кызым ушул күнгө чейип жалгыз өссө дагы жеке басар болгон жок. Сиңдилүү болгондон бери дароо чоңоё түштү. Ѳзүнүн “эже” деген жаңы статуска ээ болгонун сезип, түшүндү. Сиңдисинин жанынан чыкпайт, өзүнүн оюнчуктарын, көйнөктөрүн берип жатат. Мен “азыр кичинекей, чоңойсун” дегениме болбой оюнчуктарын чачып алып “муну ойнойсуңбу?” деп сиңдисинен сурай берет, сүйлѳшкүсү келет. “Жаным” деп эркелетип, абдан жакшы көрөт.
— Аялзаты үчүн баласы менен экинчи ирет бактысын сыноо оңой эмес, сизде кандай болду эле?
Назбек экөөбүз Арууке эки жашка чыкканда баш коштук. Жолдошум балага абдан жакын. Ошол себептен бул жагынан мага кыйынчылык жаралган жок. Жолдошум Аруукени кызы катары аябай жакшы көрөт. Кичинекейинен өзү көтөрүп багып, кийим-кечесине чейин кам кѳрдү. Эринбей окуусун көзѳмѳлдѳп, сабак даярдашат. Менимче, эки адамдын ортосунда бири-бирине болгон сезим күчтүү болсо, ортодогу бала тоскоолдук жаратпайт. Биз түбөлүккө бирге болорубузду башынан билгенбиз, андыктан бул тууралуу көйгөй катары ойлонгон да эмеспиз.
— Улуу кызыңыз атасы менен көрүшүп турабы?
Кызымдын атасы – Назбек. Кичинекейинен эле Назбекти “атам” деп билет. Экөө бири-бирине жакын, бирин-бири жакшы көрүшөт.
— Кызыңыздын сүрөтүн интернетке чыгарбайсыз. Себеби эмнеде?
Башынан эле социалдык тармактарга жакын эмесмин. Күйѳрмандарым “сүрөт киргизбейсиз, активдүү эмессиз” дешет. “Инстаграм” жаңы ачылганда жолдошум үйрөткѳн, бирок кызыгуум анча болбогонго активдүү колдоно алган жокмун. Замандын агымына жараша колдонуу керектигин билем. Ошентсе да баланы, үй-бүлөнү элге жарыялабоо керек деп ойлойм. Үй-бүлөдө болуп жаткан нерсе үйдүн ичинде гана калуусу керек. Албетте элиң менен жакшылыгыңды тең бөлүшөсүң, бирок ар бир нерсенин өз чеги болот. Ошондуктан кызымдын сүрөтүн баракчама чыгарбайм, өзүнө да телефон көп бербейм.
— Чыгармачылыкка качан киришесиз?
Чыгармачылыгым акырындап жүрүп жатат. Бир нече концерттерге жетиштим. Чыгармачылыктан сырткары “Сейтек” балдар борборунун алдында музыкалык мектебимди ачкам. Азыр окуучуларыма онлайн сабак берүүгө да жетишип жатам. Алдыда Назбек экөөбүздүн, окуучуларым менен жакшы долбоорлорубуз бар. Бирок балдарым чыгармачылыктан биринчи орунда турат. Улуу кызымды үч жарым жашка чейин эмизгем, экинчи кызымды да көбүрөөк эмизгенге аракет кылам.
— Кыялыңызда дагы канча баланын энеси болгуңуз келет?
Беш жашымдан бери эле үч эркек, эки кыздуу болорумду айтып келет экенмин. Кудай тилегимди кабыл кылып келе жатат. Буюрса, дагы да балалуу болсок деген ниетибиз бар.