Негизгиге Интервью Алтынай Коробаева: Атамдын «Тумарым» ырын казактар талашкан

Алтынай Коробаева: Атамдын «Тумарым» ырын казактар талашкан

492

Элге жаккан эски ырлар азыр жаш ырчылардын аткаруусунда жаңы муунга жетип келет. Жаңы чыкканында кандай элге алынса, азыр да ошондой популярдуулукка ээ болгон ырлардын сап башында Мирбек Атабеков аткарган «Тумарым», Ильяз Андаш аткарган «Ак чардак» ырлары бар. Аталган ырлардын автору азыр арабызда жок, бирок атанын жолун жолдогон кызы маданият тармагында эмгектенип, элине кызмат кылып келет.

— Алгач ѳзүңүздү тааныштырып ѳтсѳңүз?

— Мен Коробаева Алтынай чыгармачыл үй-бүлѳнүн жалгыз кызымын. Атам белгилүү композитор Алымбек Коробаев, апам опера ырчысы Бүбү Коробаева. Учурда Талас шаардык маданият маалымат жана туризм бѳлүмүнүн кызматкери жана Талас мэриясынын алдындагы оркестрдин жетекчисимин. Жашым 35те. Үч уул, эки кызым бар. КРнын маданиятынын мыкты кызматкеримин.

— Эл сүйгѳн «Ак чардак» ырынын сѳзүн да, обонун да атаңыз 15 жашында чыгарганы мени таң калтырды.

— Атам кичинесинен китепти кѳп окуган, чыгармачылыкка жакын зирек бала болуптур. Кѳп балалуу үй-бүлѳнүн уулу болгонго турмушта кѳп кыйынчылыктарды тартыптыр. Караколдун педагогикалык училищеде окуп жүрүп жазган биринчи эмгеги ушул ыр болгон экен. Тактап айтканда, бул 1964-65-жылдар. Элге чыккандан бери популярдуулугу жоголбой, тойлордо сѳзсүз ырдалган ыр экенине эл күбѳ. «…дал ошондо күүлөп канатын, /Кийген өндүү аппак халатын, / Ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт, акчардак» деген саптардын чыкканына жарым кылымдай убакыт болду, эми да ушундай ырдала берет деген үмүттѳмүн. Атамдын негизги артыкчылыгы, кѳп обондоруна сѳздѳрдү ѳзү жазган.

— Атаңыз дайыма чыгармачылык менен эле алек болгонбу?

— Ооба, педагогикалык училищеден кийин Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып Мукаш Абдраевдин композитордук классында билим алыптыр. Окуусун аяктаган соң кичи мекени Каракол шаарына келип ошол кезде жаңы ачылган Ыбырай Туманов атындагы окуу жайга мугалим болуп кирип, окуу жайдын түптѳлүшүнѳ зор салым кошкон. Мугалимдик кесибине катар спектаклдерге, симфониялык оркестрге обондорду жазган. Жүздѳн ашык обондору жазылып калган. 2018-жылы 59 жашыда атамдан айрылып калганбыз.

— Атаңыздын жолун жолдогон сиз элесизби?

— Ооба. Эки агам бар, экѳѳ тең чыгармачылыктан алыс. Бири юрист, бири эколог. Менин чыгармачылыкты тандашым атама жага берген эмес. Бир топко чейин «кыз бала үчүн оор болуп калат, жакшылап ойлон» деп каршы туруп, уруксат бербей койду. Бирок мен дагы максатымдан баш тарткым келбей кѳшѳрдүм. Акыры ата-эне баласынын каалоосуна макул болот экен, атам иштеген училищеде апамдын колунда билим алдым. Кийин кыргыз улуттук консерваториясын аяктагам.  

— «Тумарым», “Алтын шакек” ырларынын тарыхын билсеңиз керек?

— «Тумарым» ырынын обонун атам болжол менен 15-16 жаштарында жазыптыр. Абдыжапар Эгембердиев аяш атабыз жаш кезинде Тумар деген кызга ашык болгон экен. “Тумарым” ыры кыргыз элине эле эмес, Орто Азияга таралган. Бир жылдары казактын бир обончусу «Тумарымды» менчиктеп алыптыр. Аны укканда атам авторлугун коргоого документтерин топтоп баштаган. Бирок ишти аягына чыгарбай койду. Ѳзү адам менен талашып-тартышканды жактырбаган, бир мүнѳз адам эле, «бул ырдын автору ким экенин, кандай ыр экенин эл билет, эл тараза» деп гана койду. Мен интернетке бул боюнча жазып, абдан тынчсыздангам. Атамдын эмгеги экенин жазганымда улуу муундун ѳкүлдѳрү бир ооздон «Тумарым» дегенди укканда биз Алымбекти эстейбиз», «Жаштыгыбыз ушул ыр менен ѳткѳн» дешти. Анда деле мени атам сооротуп токтотуп койгон. Ал эми Асылбек Ѳзүбеков аткарып келаткан “Алтын шакек” ырынын 1966-67-жылдары жазылганын эле билем. Жогоруда айткандай, бир мүнѳз, ичиндегисин бѳлүшѳ бербеген адам болчу. Сыягы, ырларынын баары эле ѳзүнүн жашоосунан алынгандай.

— Азыр ѳзүңүз чыгармачылык менен иштейсизби?

— Ооба, башынан тандаган жолум менен келе жатам. Талас шаарында маданият тармагында иштейм. 3-Кѳчмѳндѳр оюнунда ыр боюнча 2-орунга ээ болгом. Андан тышкары эл аралык фестивалдарда лауреат болуп, мекенибиздин атын чыгарганга аракет кылып келем. Мындай сынактарга катышууда облусубуздун жамааты колдон-буттан алып жардам беришет. Жаш балам менен чыга албайм десем кичинекей балама бала багуучудан бери карап берип, элге чыгышыма жардам беришти. Жолдошум да чыгармачылыгымды колдоп келет.

Абдыжапар Эгембердиев, КРнын Эл акыны, “Тумарым” ырынын автору: “Уялчаактыгымдан Тумарыма жетпей калгам”

  • 1969-жылы Түп районунун Токтоян айылындагы 8 жылдык мектепти аяктап, 9-классты окууга Каракол шаарына келдим. Мен кирген класстын балдары бүт орусча сүйлѳп, чач коюп шаардыктарча жүрүшѳт. Андан да кызыгы, баары бир-экиден кыз жандап алышкан. Кечелерде укмуш бийлешет. Айылдан келген мага мунун баары жаңылык болду. Алымдын келишинче аларга окшоп, аралашканга аракет кылдым. Алды мен да кыз жандоону ойлоно баштадым. 8-класста окуган бир кыз кѳзүмѳ жакшы кѳрүнүп, ошону кыялданчу болдум. Аты Тумар экен, бир айылдан автобус менен барып- келип окуйт экен. Бирок мен жанда жок уялчаак бала элем. Канча жакшы кѳрүп турганым менен Тумарга сезимимди билдире алчудай эмесмин. Ошондо ыр жазууну ойлодум. Ага чейин эле адабиятты казып окуп, ыр дүйнѳгѳ жакын элем. Ошентип, 9-классымда эң биринчи ырым болгон ушул “Тумарымды” жаздым. Жазарын жаздым да, эми катты бере албай азапка баттым. Аңгыча жайкы каникулубуз башталып кетти. Ошонун алдында ырды шаардык редакцияга алып барып берип койгон элем. Гезитке чыккан, чыкпаганына деле кызыкпай каникулду ѳткѳрүп, 10-класс да болуп калдык. Тумарым 9-класска келди. Дагы деле баягымдай жактырып, баягымдай тартынып жүрѳм. Бир күнү сабакта отурсам “сыртка чакырып атат” деп калышты. Менден улуураак жаш жигит экен: “Ушундай ыр жаздың беле?”. “Ооба”. “Ошого обон чыгардым, угасыңбы?”. “Угам”. Экѳѳбүз ээрчишип бир жерге бардык. Ал созолонтуп ырдап берди. Ыр мага абдан жакты. Кѳрсѳ, жаш композитор Коробаев шаардык гезиттин редакциясына баш багып калып, менин ырымды таап алыптыр. Гезитке чыкканга жеткирбей кол жазмамды алып кетип, обон чыгарган экен. Ошол эле жерден ырды пластинкага жаздырып, радиого тапшырып салдык. Радиодон “Сѳзүн жазган Абдыжапар Эгембердиев, обону Алымбек Коробаевдики, “Тумарым” деп эле жаңырып жатып калды. Эртесинен баштап мугалимдердин мага мамилеси ѳзгѳрүп, алды “сүйүүнүн балакетин аласыңбы?” деп тилдеп да жатты. Ошол жылы окууну аяктап, борборго кеттим. Тумарыма сүйүүм ыр менен жетти. Ырдан улам анын да мага сезими ойгонуп калганын байкагам. Бирок ошондо да уялчаактыгымды жеңип жанына бара албай койдум. Ошону менен сезимим ырда эле калды. Тумар менен кийин деле кез келип, сүйлѳшѳ алган жокмун. Ал эми ага арналып жазылган ыр ак жолтой болуп мени Эл акыны деген наамга чейин жеткирди. Ырды биздин убакта Эрмек Мойдунов, Анарбек Ибраевдер ырдашчу. Кийин да кѳп аткаруучулар ырдап жүрүп учурда Мирбек Атабековго жетти. Эки жыл мурун бул жигит мага чалып ырдоого уруксат сураган. 50 жылдык сапарында бул ыр жалпы алты: кыргыз, орус, казак, ѳзбек, түрк, кара калпак тилдеринде ырдалды. Кызыгы, бир кезде казактын бир обончусу менчиктештирип алыптыр. Бир чогулушта ошол кездеги маданият министри Түгѳлбай Казаковго жолугуп калсам: “Ой, эмне ырыңарды казактарга тарттырып ийдиңер?”- дейт. Мен ал тууралуу уга элек элем. Кѳрсѳ, кѳпчүлүк бул тууралуу билип, биздин маданият министрлиги казактардын композиторлор союзуна кат жазып, маселени чечип коюшуптур.     

«Тумарым»

Сѳзү: Абдыжапар Эгембердиевдики  

Обону: Алымбек Коробаевдики

Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.

Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң,
Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат.
Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуКыял Шаршеева, диктор: Үй иштерине берилип кеткенимде жолдошум ишке шыктандырат
КийинкиНурайым Азыкбаева: Сегиз жылдан кийин экинчи ирет эне болдум