Негизгиге Аялзат жана карьера Кыял Шаршеева, диктор: Үй иштерине берилип кеткенимде жолдошум ишке шыктандырат

Кыял Шаршеева, диктор: Үй иштерине берилип кеткенимде жолдошум ишке шыктандырат

932

Кээ бир адам менен сүйлѳшкѳн соң үмүтүң жанат, кээ бири үмүтүңдү уратып салат. Айрымдардын жаман адаты жугуп калбасын деп качабыз, айрымдардын жакшы аракетин үйрѳнүп алууга шашабыз. Бүгүнкү маектешим менен коштошкон соң ар бир адам каалаган бакыт ар бир инсандын ѳзүнүн ичинде болоруна ынанып бараттым. Үйүнѳ береке уютуп, ишин илгери сүрѳгѳн мыкты айымдардын бири — диктор Кыял Шаршееванын маегинен жакшы нерселерди үйрѳнүп алсаңыз болот.

— Саламатсызбы, сизге жолугуунун алдында социалдык баракчаларыңызга кызыгып кѳрдүм. Пассивдүү колдонуучу экенсиз.

— Ооба, соцсеттерден убактымды кызганам. Фейсбукка акыркы кезде маанилүү иш- чаралардагы сүрѳттѳрүмдү жүктѳп коюп атам. Ал эми «Инстаграмга» интернет дүкѳндѳрдү кароо үчүн гана кирем. Аларга кетчү убактымды китеп окууга, тил үйрѳнүүгѳ, университеттерден тапкан шакирттериме бѳлгүм келет. Айрыкча китеп окууга абдан маани берем. Балдарыма да, студенттериме да китеп окууну сунуштап, берилип, түшүнүп окууга үйрѳтүп келем.

— Канча тил билесиз?

— Бала менен үйдѳ отуруп калганымда «убактым бекер ѳтпѳсүн, бош отурбайын» деп тамак-аш, тил үйрѳтүү курстарына барчумун. Декреттик ѳргүү маалында жолдошум менен чет ѳлкѳгѳ кѳп чыгып калдым. Англияга барарыбыз белгилүү болгондо англис тилин эки ай окугам. Түркияга барарда түрк тилин үйрѳндүм. Кийин Кѳчмѳндѳр оюнун жана «Түрксой» эл аралык фестивалын түрк тилинде алып бардым. Дин жолунда болгон соң, ага кошумча университетте араб кесиптештер менен иштегендиктен, араб тилин ѳздѳштүрдүм. Бул тилдерди эркин сүйлѳгѳн деңгээлде болбосо да билем десем болот. Бирок кайсы тил болбосун практика болбосо унута баштайсың. Түрк тилин унутпоо үчүн кино кѳрүп турам, араб тилин күн сайын намазымда колдоном, Куран окуйм. Англис тилим алсырап кетти эле, жакындан бери телефонго атайын тиркеме кѳчүрүп алып кайталап жүргѳн кезим. 

— Диктор болуу балалык кыялыңыз беле?

— Беш жашымда эле тамга таанып, газеталарды окучу экенмин. Апам ѳмүр бою мектепте завуч, директор болгон аял. Мектепке ээрчий бергенимде 1-класска 6га толуп-толо элегимде эле киргизип коюптур. Апам «сот болгуң келеби?» деп сурап жүрдү. Ушундан улам бала кезимде сот болууну каалачумун. 11-класска келгенде гана дикторлукка кызыгып, облустук телевидениеге барып ѳзүмдү сынап, кадр артында сүйлѳп жүрдүм. Ошону менен кызыгуум күч алып, бул тармакты толук тандагам. Максатым ишке ашып, бир кезде теледен кѳрүп суктанып жүргѳн ага-эжелер менен кесиптеш болуп калдым.

— Узак жылдан бери теледен түшпѳй ийгиликтүү иштеп келе жатканыңызга жолдошуңуздун салымы болсо керек?

— Ооба, жолдошум белгилүү драматург, учурдагы маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев баш кошкон күнүбүздѳн бери ишимди колдоп келет. Жаңы үйлѳнгөн кезибизде үйүбүз бизге мейманкана сыяктуу эле. Таң эрте экѳѳбүз тең ишке чыгып кетчүбүз да, түнкү 11-12ге чейин жумуштарыбызда жүрѳ берчүбүз. Чарчап келип эс алабыз, эртеси кайра жумуш. Үйлѳнгѳндѳн 5-6 жылдан кийин балалуу болдук. Кызыбыздын жарыкка келиши менен жашоонун жаңы кызыгын сездик. Мен жумушка чыкканда жумушка, үйдѳ отурганда кожойкеликке берилип кеткен аял экенмин. Тѳрѳп үйдѳ отуруп калганда жумушту унутуп, телевизор деле кѳрбѳй калам. Андайда мени ишке шыктандырып, алдыга сүрѳгѳн жолдошум болду.

— Сиздерди чыгармачылык табыштырганбы?

— Экѳѳбүз тең Караколдогу Т.Сатылганов атындагы лицейде окуганбыз. Менден 5 жаш улуу болгондуктан агай дечүмүн. Борбордон жолугуп калганда агайым катары учурашчумун. Агайым акыбалымды, кайда окуурумду, баалуулуктарымды сурачу. Кѳрсѳ, ал жѳн гана учурашуу эмес, мени жакындан таануу болчу экен. Чоң киши катары кабыл алганымдан үй-бүлѳсү болсо керек деп ойлочу элем. Университетти аяктап, кандидаттык диссертациямды жазып жатканда баштагыдай эле агай катары кайрылып китеп сурагам. Жыйырма чакты китепти чогултуп берип, анан «мынча китепти кѳтѳрѳ албайсың» деп жеткирип коймокчу болуп ала качып кетти. Менин Кайратка макул болуп отуруп калышыма белгилүү тѳкмѳ акын Майра Керим кызы себепкер болгон. Эже ошондо «Жакшы балага баратасың. Кайрат менин кызымды алам десе кубанып берет элем. Кийин мага ырахматыңды айтасың» деген. Кудайга шүгүр, баш кошкон күнүбүздѳн бери бактылуу жашап келатабыз. Бир кыз, эки уулдуу болдук. Отуз ѳкүл уул-кызыбыз бар. Үйлѳнгѳн күнүбүздѳн бери үйүбүздѳ спирттик ичимдик ичилбейт. Жолдошум аялзатын абдан сыйлаган инсан. Кызым экѳѳбүздү дайыма белектери менен кубандырып турат. Ѳзү 1-курсунда апасынан ажырап, студенттик күндѳрү оор ѳткѳн экен. Апанын ордун, баасын жакшы билет. Менин апамды ѳз энесиндей сыйлап турганына ыраазы болом.

— Күтүүсүз жерден башталган жашоого канча убакта кѳндүңүз?

— Кайратка агай катары сыйым абдан терең болчу. Ошондуктан бир топко атынан айта албай «агай» деп жүрдүм. Азыр жолдошум «баягы тике карай албаган Кыял жок» деп тамашалап калат.

— Кеч балалуу болуптурсуздар?

— 21 жашымда турмушка чыктым. Ал кезде мен үчүн биринчи орунда жумушум турчу. Окууну жаңы аяктап, жумушка болгон берилүүм күч эле, иштеп алайын дедим. Жолдошум деле шашкан жок. Тааныштарыбыз болсо кош бойлуу боло албай жүрѳт деп ойлошчу экен. Кийин апам, туугандарым айтып жатып эне болууга олуттуу карап, кызымды таптым. Кызым 10го чыкты. Ага удаа эки уулум жарыкка келди. Азыр студент кыздарыма «эрте турмушка чыгып, балалуу болгула. Андан кийин деле иштеп жетишесиңер» дейм.  

— Диктордук, журналисттик ишиңизге катар мугалимдик кесипти да аркалап жүрѳсүз. Жан дүйнѳңүзгѳ кайсынысы жакын?

— Азыркы Эл аралык Кувейт университетинде 10 жылдай сабак бердим. Бирок негизги ишим КТРдеги журналисттик, дикторлук болгондуктан кийин убакыттан кыйналып, жетишпей калганда мугалимдик ишимди токтотком. Быйыл Улуттук университет чакырды. Учурда сабактар онлайн түрүндѳ жеңилирээк болгондуктан аз саат менен иштѳѳгѳ макул болдум. Үч ишимден бирдей ырахат алам. Мен үчүн ар биринин пайдалуу жактары бар. Мисалы, журналисттик иште элдин бардык катмарына аралашасың, карапайым калкка жакын болосуң. Дикторлук ѳзүң тууралуу ойлонууга мүмкүнчүлүк берет. Келбетиме, кийимиме кам кѳрүп, ѳзүмдү карайм. Мугалимдик жолдо кѳптѳгѳн шакирттерди таптым. КТРдеги 15 жылдык тажрыйбамды, турмуштан кѳргѳн сабактарымды студенттерге жеткирүү да ырахат.

— Диктор катары келбетиңизге кандай кам кѳрѳсүз?

— Балалуу болгонго чейин ѳзүмдү абдан сүйчүмүн. Кийимдерди түрлѳп алып ѳзүмѳ ѳзүм белек кылганды жакшы кѳрчү элем. Балдардын тѳрѳлүшү менен бул жеке басарлык жоголду. Эки-үч айда бир косметологго барам. Чачымды жакшынакай кылып тарап алуу мага жетиштүү. Тѳрѳгѳн соң баштагыдай болбой дене жайылып, тулку-боюмда ѳзгѳрүү болду. Антсе да бир калыпты кармап туруу үчүн дайыма аракет кылып, кѳнүгүүлѳрдү жасайм. 

— Тиричиликке, ишке, тил үйрѳнүүгѳ жетишүүңүздѳ кандайдыр сырыңыз барбы?

— Сергек жанмын. Жан дүйнѳмѳ эрте туруу абдан жагат. Кѳп уктаган, күндүз уктагандарга ачуум келе берет. Кичинемден таенем, чоң энемдер «эрте турган адамдын ырыскысы кѳп болот» деп кулагыма куюп, мээме сиңирип коюшуптур. Чын эле эрте турган күн берекелүү болот. Балдарымды да сергек болууга тарбиялайм. Деги эле мени караган жаштарга үлгү болууга аракет кылам. Ѳкүл кыздарым, студент, шакирттерим, теледен элим карап турат. Бардыгына жетишкенге тырышам. Конок чакырсак түрлѳп тамак жасап, дасторконду ѳзгѳчѳ жасалгалап, конокторума жакшы таасир калтыргым келет.         

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуЭльмара Турсуналиева: Жумушумду түшүнгөн жолдошум менен кызыма рахмат
КийинкиАлтынай Коробаева: Атамдын «Тумарым» ырын казактар талашкан