Диктор, журналист Нуржан Ташболот кызы ушул тапта жагымдуу түйшүк менен алек. Башка улуттан бактысын тапкан маектешимэнелик доору кандай башталганын айтып берди.
— Нуржан, кызыңызга бала бакча издеп жатыптырсыз. Жумушка чыгайын дедиңизби?
— Ооба, кызым бир жашка чыкканда карантин башталды. Туура төрт ай социалдык чөйрөдөн четтеп, эч ким менен байланышпай үйдө отурдук. Өткөндө туугандарыбыз менен жолугушууга барсак чочуркап жаман болду. Ошондо бала үчүн элге аралашуу канчалык маанилүү экенин аңдап бала бакчага берүүнү туура көрдүк. Азыр бир жарым жашка толду. Кызым бакчага көнүп бара баштаса мен да үйдө отурбай жумушка чыгат элем.
— Бакчаны кандай талаптар менен издеп жатасыздар?
— Жашы кичирээк болгондуктан жеке бала бакча издеп жатканбыз. Үй-бүлөбүз эки улуттун өкүлүнөн тургандыктан, кайда барбайлы «корей же англис тилине басым жасайсыңарбы?»деп сурашат. Жок, бизге кадимкидей эле бакча керек. Негизги басымды тарбиясына, кароо шартына коюп жатабыз. 3 жашка чейин жеке бакчага барса, андан соң англис тилине басым жасаган бакча ылайыктайбыз.
— Тили, өнөрү чыгып калса керек?
— Ооба, күн сайын жаңы өнөрү чыгып кубандырып жаткан кези. Тили жакшы чыга элек. Буга кыргызча, орусча, корейче сүйлөп жатканыбыз себеп болууда. Атасы корей тилинде сүйлөйт. Көргөн мультфильмдери да үч тилде болуп жатат. Ушундан улам тили кечеңдеп чыгып жатат го деп ойлоп жатабыз. Кыз киши жароокер болот дегенге өзүм ынана баштадым. Уктамыш болуп жатып калсаңүстүңдү жаап койгонго аракет кылат.
— Сырткы келбети атасына куюп койгондой окшош экен. Бул сөздү көп кишиден уксаңыз керек?
— Ооба, кызым атасынын көчүрмөсү. Негизи, мага жакын, бирок атасын башкача жакшы көрөт. Кечинде күтүп лифттин үнүн тыңшай берет. Эшиктин алдынан тосуп алмай адаты бар. Атасына окшош кыз бактылуу болот дешет экен, Кудай кызымдын багын берсин. “Кызыңдын кебетеси бул болсо, аты Сохи, фамилиясы Лим болсо, көргөндөр сени апасы эмес, бала багуучусу деп ойлошот болуш керек” деп досторум тамашалай беришет. Айткандай эле өткөндө Түркияга эс алганы барсак, көргөндөр “бала багуучусузбу?” деп сурап жатышты. Сохи – корей аты, билимдүү, жарык адам дегенди билдирет. Чоң атасы койгон болчу.
— Чоң атасына канча убакытта бир барып турасыздар?
— Кызыма төрт ай болгондо чоң атасы 98 жашында каза болду, апасы андан мурда кайтыш болгон экен. Жолдошум үч бир тууган, эжеси жана агасы бар. Үйлөнүү тоюбузга да агасы келген, атасы келе алган эмес болчу. Сохини да жакындан көрбөй кетти. Жалпы беш небереси бар.
— Декрет учурунда бала менен эле үйдө болдуңузбу же кошумча жумушта иштедиңизби?
— Өзү бала менен үйдө отурса да кошумча жумуш иштеп, баарына жетишкен энелерди көрүп суктанам. Буга да көп күч керек. Мен андай боло алган жокмун. Болгон аракетимди, күчүмдү үй иштери, бала багууга жумшап жаттым. Андан тышкары Кореядан келген жабдуулар, сулуулук тармагындагы кызматтарды камтыган салонубуз бар. Анын иштери менен да алек болчу элем, азыр ижарага берип койдук.
— Кандай айымдардын катарын толуктайсыз? Этек-жеңи жайылган көп балалуу болгуңуз келеби же карьераны көздөйсүзбү?
— Кудайдын буйругунан деп билем. Ар бир баланын жоопкерчилигин сезип, аны төрөп эле тим болбостон кантип багып, бутуна тургузуу жөнүндөойлонуу керек. Мен бир кызым менен токтоп калгым келбейт. Кудай буюрса, дагы балалуу болгум келет. 6-7 бала төрөп баатыр эне болом дегенден алысмын.
— Үй-бүлөнүбекемдөөнүн кандай сырларын өздөштүрдүңүз?
— Жубайлар үчүн турмуш курган алгачкы 2-3 жыл сыноо болот экен. Бири-биринин буга чейинки кыял-жоругун билип, бирде жакшы тил табышса, бирде каршы пикир жаралып талашып-тартышып дегендей. Мен үч жыл аралыгында бир нерсени түшүндүм, түгөйүңдүн буга чейин калыптанып калган кыял-жоругун өзгөртүүнүн аракетин кылбаш керек экен. Анан да жолдошуң кандай болсо ошондой кабыл алууну үйрөнүү керек. Биз, тескерисинче, аны оңдойм, өзүбүзгө жаккандай нукка бурам деп жан үрөп келебиз. Андайда ансайын пикир келишпестиктер күч алуусу мүмкүн. Албетте, сага жакпаган нерсеге баш ийип жашабашың керек. Бирокөзгөрбөгөн нерсе үчүн да тынчсыздана бербеш керек. Үй-бүлөнүн пайдубалы чыдамкайлыктын негизинде бекемделет экен. Андыктан бул сөздүн артында кандай маани жатканын ар бир үй-бүлөлүү адам жакшы түшүнөт болуш керек. Өзгөчө аял кишинин сабырдуу болгону чоң роль ойнойт.
— Жолдошуңуз кандай ата?
-Абдан камкор ата. Мактангандык эмес, үй-бүлөгө карамдуу. Өзүм да таң кала берем, корей тилинде эркелетип, ыр ырдап берет. Он чакты ырды жатка билет, уктаганда бирин, ойгонгондо экинчисин, ойноп жатканда үчүнчүсүн ырдап берет. «Мынча ырды кайдан жаттап алдың эле?» деп сурасам кичинесинде бала бакчага барганда үйрөнгөн ырлары экен. Азыркыга чейин унутпаптыр. Кореяда биздегидей эле баланын тарбиясына аял киши көңүл бөлөт, эркектери болсо иш менен алек. Жолдошум да беш күн жумушта болот, эс алуу күндөрүн сөзсүз бизге арнайт. Ал күндөрү эс алууга чыгабыз, жаратылышка барабыз, дүкөн кыдырабыз, айтор, ойдогудай өткөрөбүз.
-Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?
— Жолдошум экөөбүз орус тилинде сүйлөшөбүз. Кызы менен атасы корей тилинде сүйлөшөт.
— Алардын бала тарбиялоодо кандайдыр бирөзгөчөыкмасы барбы?
— Биринчи эрежеси улууга урмат, кичүүгө ызат дешет. Бала үч жашка чыкканга чейин ою менен болуп тыйбайт, кагып-силкип урушпайт. Анан 3 жаштан кийин чоң кишидей мамиле жасашат. Ошондо да улууга урмат деген эрежени карманышат. Устаттарына, улуу адамга өзгөчө сый мамиле кылышат. Улууларды атынан айтпайт, сиз деп турушат. Аны корей кинолорунда деле көрсөтүп жатышпайбы. Дагы бир эреже, убагында жатып, убагында ойгонгонго абдан маани беришет. Жолдошум мага кызын убагында уктат деп көп айтат. Эртең менен эрте турганга басым жасап, балдарын жаштайынан эмгекке үйрөтөт.
Анара Дүйшөналиева