Жийдени күйөрмандар заманбап ой жүгүртүүсү, идеяга бай өзгөчөлүгү үчүн баалашат. Убагында таңкы берүүлөрдүн көркүн ачкан айым азыр бир бүлөнүн ээси болуп түтүн булаткан кези. Социалдык тармакта элди дайым сарамжалдуулукка үндөп келген маектешибиз өзүнүн тою тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
— Жийде, куш бооңуз бек болсун!
— Рахмат! Жолдошум экөөбүз 3-4 жыл сүйлөштүк. Ал учурду жөн эле өткөрбөй өзүбүздү үй-бүлөлүк жашоого моралдык, материалдык жактан даярдап жүрдүк. “Кайда жашайбыз, кантип жашайбыз?” деп пландадык. Жолдошум кесиби боюнча юрист, бирок азыркы маалда жеке компаниялардын биринде жетекчилик кызматта иштейт.
— Негизи эле камдуу окшойсуз? Жолдошуңуз экөөңүздөрдүн көз карашыңыздар бул жагынан дал келеби?
— Кыргызда биринчи үйлөнүп алып, андан кийин батир издеп, улам кем-карчы чыгып анын айынан пикир келишпестиктер жарала берет эмеспи. Биз ошондой нерселер болбосун деп алдын ала баарын пландадык. Кыз-жигит кезибизде эле “кайсы жакта жашайбыз?” десем жолдошум камдуу экен, бат эле үй маселесин чечип даярдады. Чечкиндүүлүгү, айткан сөзүнө турганы менен мени арбады окшойт. Чын көңүлү менен сүйлөшүп жүргөнүн далилдеп мага жакшы кам көрдү. Күндө жумушка жеткирип, кайра тосуп алып жатты. Бул да сезимдерибизди бекемдеди. Анан да биринчи апамдын көңүлүн алды. Апам биз жашаган көп кабаттуу үйгө баш-көз болуп жүрөт. Жолдошум 1-июнь күнү ошол короодогу балдарга бекер балмуздак таратып берип апамдын көңүлүн алыптыр. Үйдөгүлөрдүн “ниети түз жакшы жигит экен” деген пикири менин ишенимимди ого бетер арттырды десем болот.
— Буга чейин “ысырапсыз той өткөрүү керек” деп жүрдүңүз. Өзүңүздүн тоюңуз кандай өттү?
— Маданият министрлигинде иштеп жүргөндө элдин баарына сарамжалдуу той өткөрүү керек деп айтып жүрүп, башыма келгенде мен да ошол кадам менен башкаларга үлгү болоюн дедим. Биз ата-энебиздин бир туугандарын тойго чакырган жокпуз, жалаң гана жакындарды кошкондо отуз адам болду. Дасторконду да ошончо адамга ченеп жасадык, ашкан тамактардын баарын өздөрүнө салып бердик. Тамак-аш төгүлүп кор болгон жок. Ырчы-чоорчу чакырып ашыкча шаан-шөкөт кылган жокпуз. Жаштар түшө турган унаа керек деп атайын лимузин да жалдаган жокпуз. Эки унаа жетиштүү болду. Негизгиси, той бизге абдан жакты.
— Адатта улуу муундагылар той берип жатканда колунда барын чачмайын ыраазы болбойт эмеспи. Ата-энеңизди кантип көндүрдүңүз?
— Менин ата-энем башынан эле ысыраптуу тойлорду жаман көрөт. Ашыкча той-ашка барганды да жактырышпайт. Жолдошум да ушундай адам экен. Ата-энесине айтса алар да макул болушуптур. “Келиндин туугандары көп адам чакырбайбыз, силерди кыйнап кафеге той бербейбиз” деп атса баары эле сүйүнөт болуш керек. Эки тараптын туугандары макул болуп жаткандан кийин калганын уюштуруу бат эле болду.
— Саякаттоо үчүн чет жакка бардыңарбы?
— Ал жөн эле саякаттоо болгон жок. Жашоодо бир эле жолу үйлөнүп жаткандан кийин баарын эсте калгыдай кылып өткөрүүнү кааладык. Ошондон улам экинчи ирет үлпөт тоюбузду Бали аралына барып падышалардын кийимин кийип, алардын улуттук салты менен тоюбузду өткөрдүк. Падышалардын кийимин чет элдик туристтерге кийүүгө акыркы беш жылда эле уруксат бериптир. Индонезиянын салттары да өзгөчө экен, сүрөткө, видеого түштүк. Дүйүм тамак-аштарынан жедик. Кыргызстандагы үлпөт тойго караганда ал жактагы той арзаныраак болду. Туугандарыбыз да жер көрүп ыраазы болуп кайтышты. Мындай салыштырып айтканда, тойдун бүт бардык чыгымына 5 миң доллар кетти. Бул жактан 600 кишини тойгузам деп 30 миң доллар коротосуң. Той үнөмдүү болгондуктан насыя алган жокпуз, карызыбыз да жок. Тескерисинче, Бишкектен жаңы курулуп жаткан кымбат үйдөн батир сатып алдык.
— Үй-бүлөлүк жашооңуз кандай башталды?
— Келин болуп баргандын эртеси таңкы беште турсам эч ким ойгонбойт. Үйдүн баарын жыйнап чыксам, эртеси кайненем “эрте турбай эле кой” деди. Ага болбой эле туруп жаттым. Бир ай жолдошумдун ата-энеси менен турдук. Бул аралыкта тамак жасап, үйдөгү келинге тиешелүү кызматтарды кылып жаттым. Азыр өзүнчө турабыз. Менден тышкары эки абысыным бар, алар атамдар менен турушат. Кайын журтум заманбап адамдар экен, “жоолук салынбай эле кой” деп уруксат беришти. Бирок мен антип жүрө албайм. Алардын көзүнчө жоолук салынып, жүгүнүп жүргөнгө аракет кылам.
— Акыркы убактарда эфирден эмнеге алыстап кеттиңиз?
— Ооба, азыркы учурда мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрөм. Теле жаатында он беш жылга жакын иштедим. Эфир көп эмгекти талап кылат. Таңкы төрттөн түнкү экиге чейин иштеген күндөрүм болгон. Ал жакта алып баруучу эле эмес, программаны түзүп, бутуна тургузууга салымымды кошком. НТС, 5-каналдын таңкы берүүлөрү ошол мен түзүп кеткен форматта ишин улантып жатышат. Теледен кеткенимдин себеби азыр көп телеканалдар көңүл ачуучу берүүлөргө жакшы каражат бөлбөй калды. Солгундоолор байкалды. Ушундан улам магистратурада алган билимим менен иштеп көргүм келди. Экинчи билимим мамлекеттик муниципалдык кызматкер багытында, мамлекеттик кызматтын жакшы жагы – убакыт үй-бүлөгө кенен артат экен. Теледе болсо баш-отуң менен берилип, болгон убактыңды ошол жакка жумшап иштешиң керек.
— Акыркы күндөрү жаңы анонс кетирип жатасыз? Эфирге кайтасызбы?
— Мен үй-бүлөдөгү маселелерге кылдат көңүл бурам. Изилдөөлөрдү жүргүзөм. Он жылдан бери бул тармакты жакындан билип келатам. Бизде ажырашуулар өтө көп. Мисалы, 40 миң жубай баш кошсо, анын 20 миңи ажырашып кетет экен. Ошол себептен үй-бүлөнү бекемдөөнүн жолдорун адистердин пикири менен бөлүшүү алдында турам. Үй-бүлө институтун ачып, үй-бүлө куруу алдында кайнене өзүн кайнене болууга, келин өзүн келин болууга, күйөө өзүн күйөө болууга даярдаса деп ойлойм. Адистердин жардамы менен үй-бүлөгө даярдоонун жолдорун көрсөтсөм дейм. Буюрса, теле аркылуу кете турган берүү болот. Азыр роликтерди тарттырып, фотосессия кылып даярдап койдум. Менин милдетим – элге кызмат кылуу. Көйгөйдү көрсөм эле анын чечүү жолдорун сунуштагым келе берет. Берүү, буюрса, эл тарабынан жакшы кабыл алынып колдоо тапса, андан ары да шыктанып иштей берем.
Анара Дүйшөналиева