Негизгиге Интервью Гүлайда апа: Балдарым мага асмандагы Айды эле алып берише элек

Гүлайда апа: Балдарым мага асмандагы Айды эле алып берише элек

187

Элибиздин багына бүткөн, алтын колдуу дарыгерибиз бар. Кимдир-бирөөлөр үчүн ал адам дүйнөгө таанылган өмүр сакчысы болсо, эне үчүн көзүнүн карегиндей кымбат катардагы уул. Бала тарбиялоодо тажрыйбасы мол, жашоонун ысык-суугуна бышкан эненин баяны жаш энелерге сабак болчудай.

– Апа, кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Кудайга шүгүр, ушу күнгө чейин туура тамактанып дайыма кыймылда болгондуктан ден соолугум жакшы. (Күлүп) Боюм 150 сантимтер, салмагым 54 килограмм, жашым 75те. Азыр да балдарым жасап берген турникке асылып, көнүгүүлөрдү жасап турам. Бир күн көнүгүү жасабай калсам денем ооруп, башкача болуп калам. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ден соолугум жакшы. Кээде бир аз кан басымым көтөрүлүп калат.

Башыбыздан оор күндөр өттү, ушул күндөрү уулуңуз үчүн өзгөчө сарсанаа болосоңуз керек?

– Ушу күндөрү элибиз аман-эсен оорудан чыкса экен деп тилеп аттым. Баламдын ден соолугу, өмүрү үчүн өзгөчө санаа тарттым. Доктурлар оору жугузуп алды дегенин жаңылыктан окусам ого бетер тынчым кетет. Өзүнөн сурасам “баары жакшы, апа, сарсанаа болбоңуз” деп мага жумушунун жарымын айтса, жарымын айтпайт. Видеочалуудан өңүнөн азып калган чарчаңкы кебетесин көрүп эне катары жүрөгүм ооруду. Эсиме түшсө түн уйкум бөлүнөт. Негизи эле баламдын өзүн бир ойлосом, жумушун эки ойлойм. Оор операцияга киргенин угуп калсам бейтап аман-эсен айыгып кетсе экен деп тилеп отурам. Айтор, эненин жүрөгү эч убакта тынч албайт тура.

– Сабырбек агай балдарыңыздын улуусу болсо керек?
– Он бир бала төрөдүм. Жети уул, төрт кызым бар. Ооба, Сабырбек ошолордун улуусу. Төл башымсың деп атасы экөөбүз тең кастарлап чоңойттук. Ошого жараша үйдүн улуусу болуп бир туугандарына жоопкерчиликти алып өстү. Сырттан ойноп келгенден кийин тизип алып бирден колдорун жууп берип, жыгылып бир жери сыйрылса тазалап таңып берип, тырмагы өсүп кетсе тегиздеп бөбөктөрүнө башкача кам көрчү. Кайненем мен келгенден кийин беш жылдан соң каза болду, атабыз кечке жумушта, он баланы Сабыкемдин жардамы менен эле чоңойттум. Эмгекке эрте бышты. Нан жаап, уй саагандан баштап үйдөгү болгон жумушту жасап түйшүк тартып өстү. Бала кезинен эле мени тартып таза, тыкан.

– Ошого карабай кичинесинде тентек болчу экен го?
– О-ой, бала кезин азыр деле күлмөйүн эстей албайм. Койдун жаак сөөгүн тапанча кылып ойночу. Үч жашында болсо керек, бир жолу иттин идишине салып койсом анын оозунан сөөктү талашкан экен, ит колун тиштеп алыптыр. Чыңырган үнүнөн атып чыксам колунун баары кан. Колу-бутуна оор нерселерди түшүрүп алып тырмагы түшүп, бармагы шишип эле куурап жүрчү. Кийин деле мектепте окуганда өзүнөн 2-3 класс жогору окуган балдар менен достошуп алчу, чылым чеккенди, арак ичкенди үйрөтпөсө экен деп мен сарсанаа болом. Кудай жалгап жолунан адашкан жок. Анүстүнө 8-классына чейин таенесинин колунда болду. Ошондо деле тентектигинин айынан мектептен мектеп которуп жүрдү. Бирок кайсы мектепке барбасын сабактарын жакшы өздөштүрүп кетчү.

– Доктур болгону да жөн жерден эмес тура?
– Аны өзү дайыма эле айтып жүрөт. Атасы буту ооручу, илгери жаш кезинде бутуна суук тийип маани бербей жүрө бериптир. Кийин элүүдөн өткөндө ошол оору азабын бербедиби. Ириң сөөктөн чучукка жетип жаны сыздады го. Алып барбаган доктурубуз калган эмес. Ооруса түнү бою уктабай кыйналып чыгат. Сабыр ошондо 4-класс кези. Өзү кичинекей болсо да атасынын кыйналганын көрүп катуу таасирленген экен. “Сөөктүн оорусун дарылаган доктур болом” деп ошондо эле ниет кылган. Тилегинин өтөсүнө чыкты.

– Эки уулуңуз эл көзүндө жүрөт. Башка балдарыңыз эмне иш кылат?
– Үч балам органда иштейт. Калганы чарбасы менен алек. Төрт кызым орун-очок алган, уул-кыздары турмушка чыгып асты мени чөбөрөлүү кылышты. Мен Таласта уулумдун колунда турам.

– Шаарга канча убакта бир келип турасыз?
– Той-топур, жумуштарым болуп калганда эле барбасам, алыс жол жүргөн деле кыйын. Барганда эле Сабыкемдин үйүнө түшөм. Экөөбүз кулагыбыздын кужуру кангыча сүйлөшөбүз, өткөн-кеткенди кеп кылабыз. Эртеси эле кыздарым баш болуп келе башташат, кимисиникине барарымды билбей калам. Кээде баарына текши барып конок болгонго деле жетишпейм. Балдарымдын ичинен Сабыкем өзгөчө кам көрөт. Чет мамлекетке чыгып калса мени кошо ала барат. Өзү конференцияга кетет, келиним экөөбүз дүкөн кыдырабыз. Ушу күнгө чейин тогуз мамлекетке барып келдим.

– Дастан уулуңуздукуна да барасызбы?
– Дастан балдарымдын алтынчысы, тогуз айында эле басып кетип жанына тың чоңойгон. Кийин деле өзү бутуна туруп, жашоосун тыңдап кетти. Азыр эки кыз, бир уулу бар. Дастандыкына деле көп барам, анын да жумушу  абдан көп. Түн жарымында келет, сагынычымды таратайын деп уктабай күтүп отурам. Сүйлөшүп чер жазабыз. Көп жумушу телефондон бүткөндүктөн, эки колунан телефон түшпөйт. Кээде убагы менен деле тамактанбай калат. Баламды көрүп боорум ооруп кетет.

– Саясий чөйрөдө дарегине ар кандай сындар айтылып жүрөт. Эне катары андай сындар жүрөгүңүздү оорутса керек?
– Башка балдарым, Дастан баш болуп “апа, саясатта ар кандай сөздөр боло берет, анын көбү чындыкка жатпайт, эң негизгиси мен эл үчүн иштеп атам, калганына көңүл бурбаңыз” деп көп айтат. Жаңылыктарды бир жолу көрсөңүз жетишет дешет. Ага боломбу, телевизорду күйгүзөм да, неберелериме “которбогула, жаңылыктарды көрөм” дейм. Ал арада оокатымды кылып жүрө берем, неберелерим “Дастан байкем чыкты, Сабыр атам сүйлөп атат” десе оокатымды таштап коюп учуп келем. Сүйлөп бүткүчө карап отурам, кээде жалынып экранды өөп алам (күлүп). Неберелерим “апам экранды өптү” дешсе уулдарыма дагы тамаша болом. Жарк этип эле балаң чыгып атса, сагынып турган жаным кантип карманат элем?

– Туулган күнүңүз чоң салтанат менен өтсө керек?
– Жылда 15-мартта балдарым чогулат. Ал күн баарыбыз үчүн чоң майрам. Быйыл карантинге жакын болуп калды, ошентсе да балдарым шаарга ресторанга уюштурушуптур. Кыз-келиндерим, неберелерим болуп жалаң Жумабековдор чогулдук. Дүрбөтпөйүн деп куда-сөөктөрдү деле чакырткан жокмун. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ал күнү белекке тунуп жатып калам. Алтын, бриллианттын түрүн, тондун кымбатын алып берип бүтүштү. Алып бере элеги асмандагы Ай эле калды окшойт. Балдарыма эки дүйнөдө ыраазымын. Эне үчүн уул-кыздарың жакшы чыкса, бөөдө кырсыктан сырткары болсо, түгөл маңдайыңда турса ошондон өткөн бакыт жок тура.

– Маегибиздин аягында бизге окшогон жаш энелерге ийгиликтүү балдарды тарбиялоодо кандай кеңеш бересиз?
– Баланы жаштайынан эмгекке үйрөткөн оң. Мисалы, улуу балам кичинесинен жоопкерчиликтүү, эмгекчил болуп өстү. Жашоосунда өмүр бою ошол сапаттарды карманып келет. Аны көргөн инилери да агасына карап түздөнүп тарбияланышты. Кокус ката кетирип, жаңылышса Сабыр эле тарбиялап койчу. Азыр деле баш-көз болуп жүрөт. Анан да баланын дараметине жараша каалоосу болот. Ошол каалоосун кеспеш  керек. Атасы баш болуп кандай кызыктуу китеп болсо алып келип берип, узун түндөрдө жомок окуп берип көңүл бөлчүбуз. Келечегине пайдасын жана зыянын тийгизе турган сапаттарды атасы айтып бергенден тажачу эмес. Дайыма оң жолду көрсөтүп келдик, Кудайга шүгүр, азыр ошол жолунан жазбай элдин батасын алып агарып-көгөрүп келатышат.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here