Негизгиге Адамга адам тирек Чынара: Инимдин келечегин ойлогондон корком

Чынара: Инимдин келечегин ойлогондон корком

409

Бир жылдан бери майып инисин карап отурган Чынара айым инисинин чет жердеги операциясы үчүн элинен жардам сурайт. Бир туугандар жаштайынан ата-энесинен айрылып, бири-бирин колдоп чоңоюшкан.

«Унаа сүзүп, эки жолу тебелеп кетиптир»

— Мен Сокулуктан болом. Биз үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, үч кыз, үч эркек. Бешөөбүз, Кудайга шүгүр, ден соолугубуз чың. Бир гана көкүрөк күчүгүбүздүн жашоосу бизди ойлондурат. Себеби ал биринчи топтогу майып болуп калган. Ата-энебиз биз кичинекей кезибизде каза болуп, туугандарыбыздын колунда чоңойгонбуз. Баарыбыз эле бутубузга туруп, курсак тойгузуунун амалын издеп эс тарткандан баштап жумушка аралашканбыз. Биз жашаган үй совхозго тиешелүү болгондуктан, ата-энебиз каза болгондон кийин алып коюшкан.

Иним мектепти аяктап, өз күчү менен №100-кесиптик лицейге өтүп окуган. Бишкекте эки-үч жыл электромонтажник болуп иштеп жүрүп, иштеп үй алуу максатында Орусияга кеткен. Беш жыл ал жакта кесиби менен иштеп жүрдү. Анан былтыркы жылы жайында келип чогулткан акчасына үй алган. Аны улуу агабызга энчилеп коюп, өзү кайрадан Орусияга кетти. Анан документтеринен маселе жаралган экен, ноябрь айында эле айттырбай келип калды. Ошону менен менин үйүмдө жүрүп калды. 2-декабрь күнү досу менен үйдөн чыгып кеткен, ошол бойдон эки күн келген жок. 4үндө мен жумушта жүргөндө келип, кийимдерин алмаштырып кетиптир. Дүкөндө түнгө чейин калып иштегендиктен, чарчап келип эле жатып алгам. Ушунчалык чарчагандыктан телефонума келген чалууну да өчүрүп салган элем. Ошентип, эртең менен инимдин ооруканага түшүп калганын уктук. Ооруканага барсак сүзүп кеткен баланын жакындары турушуптур. Алар мага иним ичип алып бирөө менен жакалашып жатып унаа жолго чыкканда кырсыктаганын айтышкан эле. Көрсө, андай эмес экен. Чындыгында, иним менен досу жолдун чекесинде сүйлөшүп турган жеринен катуу ылдамдыкта келип сүзүптүр. Жанындагы дос баласы ары жакка учуп кетип, иним дөңгөлөктүн алдына калып эки жолу тебелениптир. Мунун баарын биз видеокөзөмөлдөн көрдүк.      

«Иним өзүн кабыл ала элек»

— Иним жандандыруу бөлүмүндө канжалап жаткан экен. Доктурлар башынан катуу жаракат алып, омурткаларына доо кеткенин айтып бели менен башына операция жасашкан. Бирок иним ошондон бери төшөктө. Буттарынан белине чейин сезим жок. Ичиндеги түтүкчө аркылуу заара кылат. Окуя кандай болгонун азыр деле толук билбейт, өзүнө эмне болгонун түшүнбөйт деле. Баспай калганын да билбейт, кичине жатып турсам эле басып кетем деп ойлойт. Бир нерселерди элестетип, болбогон нерселерди деле айта берет. Басам деген ой менен эки-үч жолу керебеттен кулаган. Башындагы таңууларын чечип салат. Айтор, өзүн кабыл ала элек. Менин үч балам бар, улуу балам онунчу класста окуса, кичүүм төрт жашта. Иним менин төртүнчү баламдай эле болуп калды. Жаңы төрөлгөн наристедей эле кароону талап кылат.

«Жок дегенде белине операция жасалып өз алдынча отуруп калса дейм»

— Түтүкчө турганы үчүн организмге инфекция кирип кетүүсү ыктымал экен, ошондуктан доктурдун багыттамасы менен дарыларды ичип турабыз. Андан тышкары организмди чыңоочу витаминдерди ичебиз. Түтүкчөлөрдү, пакет, такма жалаяктарды сатып алабыз. Үйдө үч коробка дарысы бар. Ушуларга эле айына он миң сомдой каражат сарптайбыз. Эми  чет жерден наркы 15 миң доллар болгон операция жасатуубуз керек болуп жатат. Бул операциядан кийин деле иним басып кетпейт, болгону, белин кармап, арабада отурганга жарап калат экен. Жок дегенде ошентип калса жакшы болот эле. Үйүбүз болсо эскилиги жеткен, бүтпөгөн эки бөлмөсү бар там. Акчасына ылайыктап сатып алган үйү ушул болгон да. Эшик, терезелерден шамал уруп турат. Жок дегенде бир бөлмөсүн кышкыга даярдайын дедим эле, антпесем, суукта үшүгөнүн айтып, ороп койсом тердеп чыгат. Башка жерге алып кетейин десем өзүмдүн үйүм жок, батирде жашачубуз. Иним кырсыктагандан бери кыздарым менен инимди караганга келгенбиз. Улуу кызым каралашканга жардам берчү эле, эми окуусу башталат. Ошондуктан жумуштан биротоло чыктым.

«Инимди сүзүп кеткен бала кайрылып келген жок»

— Инимди сүзгөн айдоочу 1997-жылкы жаш бала экен. Атасы баш болуп ыйлактап, балабызды кестирбегиле деп суранышкан. Бала бутуна турганча жардам берип турарын айтышкан. Акыркы жолу операция болгондо көргөнбүз, ошол бойдон кайрылып келишкен жок. Кечирим сурап да койгон жок. Биздин деле жаш баланы кестирип жашоосун бузгубуз келбейт. Антейли десек менин чырактай инимдин жашоосу талкаланбадыбы. Өмүр бою жата турган адам болуп калды. Жок дегенде айына 5 миң сомдон берип турушса дегем. Такма жалаягына болсо да жардам болмок. Инимдин үй-бүлөсү жок. Үй алгандан кийин үйлөнүүнү пландап жүргөн. 33 жашта. Өзү болсо абдан боорукер, март эле. Жардам сурагандардан эч бир баш тартчу эмес. Жайдары мүнөз, жашоого позитивдүү караган бала эле. Киши менен бат эле тил табышып кетчү. Ошого тааныш, достору да арбын, катышы көп болгону үчүн бири ун, экинчиси дарысын алып келип отуруп, ушул күнгө жеттик. Инимдин мындан кийинки жашоосун, келечегин ойлогондо коркуп кетем.

Элсом: 0704 36 83 06

Айгерим Токтобай кызы   

СоӊкуГүлайда апа: Балдарым мага асмандагы Айды эле алып берише элек
КийинкиЯпон укалоосу – манжалардын жардамы менен бырыштардан арылуу