Ташчайнардын эжеси Алмагүл: “Оорусуна оору кошулган сайын кайратынан тайып баратат”
Элге Ташчайнар деген ат менен таанылган балбан Нурлан Алишеров 44 жашында инсульт алып оор абалда ооруканага түштү. Бир жак капталы кыймылдабай, узак убакыт дарыланууга муктаж болуп турган кези. Саламаттыгына байланыштуу акыркы жылдары туруктуу иштей алган эмес. Андыктан жакындары элден жардам сурап чыкканга аргасыз. Ташчайнардын азыркы абалы тууралуу эжесинен уктук.
— Эже, иниңиз ооруканага качан түштү, учурда абалы кандай болуп калды?
— Буюрса, күндөн-күнгө жылыш бар. Колдорун кыймылдатып аракет кылып атат. Башында оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 2-сентябрь күнү күтүүсүз жыгылып досуна араң чалыптыр. Ал ѳкүл баласы менен келип ооруканага алып барышкан экен. Үйдө 8 жаштагы баласы экѳѳ эле болчу экен. Келинчеги андан мурдакы күнү улуу кызын алып Таласка куран окутканы кетиптир. Мага жандандыруу бөлүмүнөн ѳзүнүн телефонунан чалышты. Ѳзү булдурап жакшы сүйлөй албай койгондо ары жактан медайым трубканы алып “иниңиз инсульт болуп бизге түштү” дейт. Угарым менен ыйлап-сыктап жетип бардым. Жандандыруу бөлүмүнө кирип колун кармасам шалак этип эле түшүп кетти. Доктурлар “инсульттан улам сол тарабы азырынча кыймылдабайт. Убакыт керек”,- дешти. Аны угуп алып иним жарым жан болуп калабы деп зээним кейип ыйладым. Башын томографияга тарттырсак көптөгөн уюган кандар (гематома) бар экенин айтышты. Азыр дарыгерлер кантип дарылоонун жолун ойлонуп жатышат.
— Келинчеги, ата-энеси кабарды угуштубу?
— Келинчегинин көзү он жылдан бери жакшы көрбөйт. Зарина 2010-жылы апрель айында Таласта болгон көтөрүлүштө ден соолугун талкалап алган. Элдин эсинде болсо, Таласта чогулган элди милиция кызматкерлери чогулган таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Ошол маалда келиним инимди издеп аянтка барат. Жардыргыч зат так жанына келип түшүп катуу жарылган үндөн чочуп көзүнүн кан тамырлары үзүлүп кетитир. Андан кийин мен кыйын деген дарыгерлерге алып бардык, бирок майнап болбой көзү азиз болуп калды. Азыр чала-була кыйгачтап көрөт, кан басымы да жогору. Нурлан инсульт болду дегенди укканда кан басымы көтөрүлүп кетип райондук ооруканага жатып калды. “Апче, кандай болуп калды? Мен баргыча карап туруңузчу”,- деп тынчсызданып күндө бир нече жолу чалып жатат. Нурлан эң улуу агамдын баласы. Үч иниси, сиңдим социалдык тармактан окуп алып чалып ызы-чуу болуп кетишти. Баарын Нурландын буйругу менен тынчтандырып, араң жоошуттук. Ата-энесинин жашы жетимиштен ашкан, айылда турушат. Аларга деле ооруп жатат дегенди угузбайлы дедик. Кары адамдар интернет менен деле иши жок. Азыр келинине сарсанаа болуп турган кездери.
— Негизи, ушул оорунун баарын таш чайнап, оор көтөрүп жатып тапты окшойт?
— 16 жашында ооруп калып Бишкекке келген. Доктурлар бир бөйрөгүн жараксыз деп таап, операция кылып алып салышкан. Жасалма бөйрөк салдыралы десе доктур “салдырбай эле кой, өзүңдүн бөйрөгүң эле жакшы, диета кармап жүр” деген. Ал жылдары жакшы эле жүрдү. Кийин он жыл мурда подагра деген дарт жабышты. Бул оору муунду, сөөктү талкалаган жаман дарт экен. Оору менен алышып жүрүп да өнөрүн таштаган жок. “Өзүңдү кара, бул кылган ишиңди ташта” деп канча уруштум. Укпайт, элимдин атын дүйнө жүзүнө дүңгүрөтөм, бир чети балдарымды багам, акча чогултуп келинчегимди дарылатам”,- деп болбой койгон. Акыркы убактарда унаа оңдоочу жайда иштеп жаткан. Бир жолу жумуштан эсин жоготуп коюптур. Доктурга барса кант диабетин аныкташыптыр. Бул оору жалгыз бөйрөгүнө бир тийди. Көзүнүн көрүүсү начарлап, муундарына күч келе баштады. Башы бат-баттан айлана берет. Акыркы айларда балдак менен басып, күнүнө 24 даана дары ичип калган. Оорусуна оору кошулган сайын кайратынан тайып өзүн таштап салып жатат. Ачуулу болуп кетти, эч нерсе жактырбайт. Буга чейин сөгүнгөнүн, жинденгенин деле көрчү эмес элем.
— Азыр каражат жагынан ким жардам берип жатат?
— Иштебей үйдө отуруп акчасы деле жок болчу. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганда өкүл балдары айла жок элден жардам сураптыр. Томографияга түшкөнгө эптеп акча таптык. Өзүм жарыбаган айлык менен оокатымды кыбырап кылып жүрѳм. Жолдошум каза болуп калып төрт баламды жалгыз чоңойтуп келем. Элден айланса болот экен. 50-100-200 сомдон салып жатышат. Бирөө 5000 сом салган экен, анысы дары-дармегине жарап кетти. Азыр ошол элден үмүт артып отуруп калдык.
— Өз үйү да жок болсо керек эле?
— Ооба, ушул күнгө чейин батирлеп жашап келет. 2010-жылы апрель окуясынан жараат алгандарга үй берилмек. Бишкекте Түштүк магистралда үй салынып жатканда “мен башымдан оор жараат алганым менен алты саным аман, басып жүрөм”,- деп үйүн омурткасынан жараат алып баспай калган Тилек аттуу балага берип койгон. Кийин Тунгуч кичирайонунан берилет дешти, бирок Нурланга тийген жок. Ал учурда Украинада өткөн сынакта Кыргызстандын желегин желбиретем деп кеткен болчу. Келгенден кийин үй сурап тиешелүү жерлерге кайрылды. Бирок майнап чыккан жок. Кээде ооруп ижаранын акысын да таба албай калат. Акыркы ооруганда уйгур улутундагы бир ишкер келип “кыйналып жатканыңды эмнеге мурда айтпайсың?” деп батирдин акчасын төлөп, дары-дармегине 200 доллар таштап кетиптир. Карапайым эл акыркы айларда колдон-буттан алып жакшы эле жардам берип жатат. Туугандарынан деле жардам бирде болсо, бирде бере албай калат. Алардын деле айылда алына жараша түйшүгү бар.
— Атасын мындай абалда көрбөгөн уулу коркуп калса керек?
— Улуу баласы ата-энесинин колунда. Кызы апасын ээрчип кетип, кичүүсү калып жатпайбы. Атасын көрөм деп башында ыйлап жатты. Жандандыруу бөлүмүнөн чыккандан кийин көрүштү. Ага чейин өзү оор абалда жатса да “баламды карай көргүлө” деп баласын ойлоп жүрөт. Учурда менин үйүмдө жашап, 2-классты окуп жатат. Апасы да жакшы болоорум менен жолго чыгам деди.
— Иниңиздин шакирттери көп эле, алардан жардам болуп жатабы?
— Аздыр-көптүр болуп жатса керек. Ал жагын өкүл балдары карап жатат. “Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт” деп инимди көп урушам. Анткени өзү батирде жашаса да үйү жок, кыйналып жаткандарды чогултуп алчу. Кеминде он чакты адам үйүндө баш калкалачу. Бир ирет “күйөөсү кууп чыгыптыр” деп жаш келинди баласы менен киргизип алса, дагы бир жолу “ичимдикке берилип кетип бузулат” деп көчөдө жүргөн баланы киргизип алат. Зарина аларга тамак жасап, чогуу жашап жүрүштү. Мен урушуп канчасын кетирдим. Кайра эле “апче, Кудайдан кайтат” деп көп өтпөй кайра ондон ашуун кишини батирине топтоп, алардын кийим-кечесине, ичкен-жегенине кам көрөт. Бир жолу батирде жашаганда ошол айланадан ижарага дүкөн алып иштетишкен. Ал дүкөнгө келиним тамак жасап коюп сатчу. Күндө эле бир жигит келип тамак алып кетет дейт. Көрсө, ал деле өзүнө эмес, буту баспаган бир уланга алып барчу экен. Аны Нурлан билгенден кийин өз атынан тамак берип жүрдү. Өткөндө ооруганда ошол жигит издеп келип учурашып кетти. Нурлан “бир колуң менен бергенди экинчи колуң менен доолаба, кылган жакшылык Кудайдан кайтат” деген сөздү көп айтат. Бир чети азыр элден жакшы жардам болуп жатканын көрүп Кудайым инимдин колдоп жатат го деп ойлоп жатам. Дарылары, анализдери кымбат болуп жатат. Ошондуктан “көп түкүрсө көл болот” деген сөзгө ишенип дагы да карапайым элден жардам сураганга туура келип жатат. Кайдыгер карабай инимдин бул сыноодон ашуусуна жардам бериңиздер!
ЭЛСОМ 0776 55 35 35
Анара Дүйшөналиева