Социалдык тармактар аркылуу сегиз балалуу жалгыз бой энеге кайрымдуу адамдар унаа белек кылганына күбө болдук. Ал бактылуу айым 39 жаштагы Гулиза. Ошол көп балалуу энеге жолугуп башкалардыкына окшобогон өзгөчө тагдыры, унаа алгандагы сезимдери тууралуу сөз кылдык.
“Биздин жашообузга суктангандар көп эле”
- Мен Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун кызымын, 39 жаштамын. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу, учурда сегиз баланын энесимин. Мектепти аяктагандан кийин ноокаттык жигитке турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз жашташ элек. Экөөбүз чоң сүйүү менен баш кошконбуз. Жаңы үйлөнгөндө алгач жолдошум жалданма жумуштарда иштеп, мен үй тиричилиги менен алектенер элем. Кийин жолдошумдун досунун сунушу менен Астанага барып соода-сатык кыла баштадык. Кудай жалгап ишибиз жакшы жүрүшүп кетти. Эки балалуу болгончо Астанада жашадык. Балдарыбызды бала багуучу карап, ар эки саат сайын келип эмизип, көзөмөлдөп турар элем. Жумуш жагынан экөөбүздө айып жок эле, дайыма бирге иштеп, үйгө чогуу келчүбүз. Отуруштарга барганда жолдошум мени сыйлап, “менин келинчегим…” деген сөзүн оозунан түшүрчү эмес. Дос-жар, тааныштарыбыз “силер бактылуусуңар!” деп суктанышчу. Кийин ал жактагы жумушубузду Бишкекке келип уланттык. Анда да жаман жашаган жокпуз. Элден калбай эки кабат үй салууга кириштик, удаа-удаа балдарыбыз төрөлдү. Анан бизнесибиз токтоп калганда жолдошум экөөбүздүн ортобузда “сен, мен” деген сөздөр көп айтыла баштаган. Ошондо эле болжогону бар беле, жолдошум ачык эле “жакпай калдың, башкага үйлөнөм” деген сөзүн тамаша-чынга аралаштырып көп айтып калган. Мен да өз тандоосуна койдум. Баары олуттуу жагына өтө баштаганда расмий түрдө ажырашууга кадамды мен биринчи таштап, сотко кайрылгам. Мыйзам, шарият түрүндө да ажыркашканбыз. А жолдошум мыйзам боюнча үй-бүлө болбосок да, шарият жүзүндө экөөбүз менен тең жашай берүүнү ойлогон.
“Жолдошумдун баласын балама кошуп эмиздим”
- Ошентип, эң кичинекей балама үч айлык кош бойлуу кезимде эки ажырым жолго түшкөнбүз. Экөөбүз доллардын эсеби жок да жашоону көрдүк. Үйүбүздө эч нерсебиз жок, пияз кууруп жеген да күндөрүбүз болду. Бизнесибиз токтоп калгандан кийин пикир келишпестиктердин жаралуусу жөн гана шылтоо, Кудайым берген чоң ооматты көтөрө албай калдык окшойт. Ажырашканыбыздан көп өтпөй эле жаш, бир балалуу келинге үйлөнүп Ошто жашап калышты. Ага чейин мындай сөздөрдү айта берип кулагыма сиңип калгангабы, эмнегедир үйлөнгөндө өкүнүп ыйлап же ичим күйгөн жок. Тескерисинче, келинчеги менен таарынышып кеткенде келип арыз-муңун мага айтчу. Мен жеңесиндей эле кеп-кеңешимди берип, “ушунча баланы таштап үйлөнгөндөн кийин элге шерменде болбой жаша” деп айтчумун. Экөөбүз бир туугандай болуп калыптырбыз, ажырашсак дагы бири-бирибизге боор тартып турчубуз. Жолдошум бир курулуш компаниясында иштечү. Иш учурунда төртүнчү кабаттан кулап кетиптир. Укканда эле самолётко билет алып Ошко учуп жеттим. Омурткасына доо кетиптир. Үч оор операцияны башынан өткөрдү, үчөөндө тең балдарымды алып баргам. Барганда кечирим сурап, өзүн күнөөлөдү. Баласы төрөлгөнгө чейин эле келинчеги экөөнүн мүнөзү келишпей жүрдү эле, кырсыктагандан кийин, бир балалуу болгондо биротоло ажырашып кетишти. Алардын жарашуусуна деле аракет кылып көрдүм, болбоду. Жубайына жардамымды аябай эже-сиңдидей мамиледе болууну сунуштадым. Экөө чырдашып жүргөндө жубайы өз баласын уруп, “иштейт элем, ушул тойгузду” деп жолдошумду кыйначу экен. Балада эмне күнөө? Анан келинчегин өзүмдүн жанымдагы батирге чыгарып, баласын багып берип турарымды айтып, иштөөсүнө шарт түзүп бердим. Баласын өзүмдүн балама кошуп үч-төрт айдай эмизип жүрдүм. Ошондон уламбы, өз баламдай эле жакшы көрүп калдым. Балдарым да “бир тууганыбыз” деп аябай жакшы көрүшчү. Экөө ажырашып, баласын алып кетерде да “чет жакка барып иштеп кел, баланы мага калтыр” деп айткам. Ага болбой алып кеткенде аябай ичим ачышкан.
“Тобокелге салып эле иш баштагам”
- Жолдошум салынып жаткан үйүбүздү таштап чыгып кеткенден кийин өзүбүз эптеп бүтүрүп алдык. Эки кабаттуу болгону менен ичинде ар кимдин эски эмеректери. Бирок үстүмдө үйүм бар экенине шүгүр. Болбосо сегиз балам менен кайда барып баш калкалайт элем? Жолдошум менен ажырашкандан кийин айыл өкмөтүндө иштеп 1200 айлык алчумун. Аны менен балдарымды кантип багам? Кошумча жумуш катары ар кимдин эски-уску төшөктөрүн алып келип жууп-тазалап жаңыртып берчүмүн. Тигүүчү машинам жок, жадагалса ийне кармабаган жан элем. Балдарыңды багыш үчүн кандай гана жумуш болбосун кылат экенсиң. Бир күнү “Ош базарына” барып “Кыздын себин даярдайм” деген жарнаманы миң даана кылып чыгардым да, базарлардагы кебез, кездеме саткандарга тараттым. Алгачкы буйрутманы үйдөгү төшөктөрүмдү улам карап отуруп жасагам. Классташтарым, туугандарым өмүрү кылбаган ишти жасап киреше таап жатканыма таң калып жүрүштү. Кийин айдоочулук күбөлүгүн алып унаа айдагым келди. Үйдүн жанында автомектеп бар, ошол жактагы инструктор байкеге барып үйрөтүүсүн сурангам. Ал киши макул болуп үч жолу барганымдан кийин машина айдаганды да үйрөнүп алдым. Анан күнүнө 600 сомго ижарага унаа алып, тобокел кылып шаарга чыгып такси кызматында иштей баштадым. Азыр деле эл ташып иштей бермекмин, бирок унаасын мага ижарага берип жүргөн бала карантин маалында акчадан кыйналып калып унаасын сатууга мажбур болду. Сатып алууну мага деле сунуштаган, тилекке каршы, аны алганга каражатым жок эле.
“Балдарымдын бири аутизм оорусу менен жабыр тартат”
- Балдарым – менин байлыктарым. Улуусу 18 жашта болсо, кийинкилери 16, 14, 12, 10, 8, 6, ал эми кичүүм 4,5 жашта. Алардын жетөө эркек бала, бирөө кыз. Сегиз жаштагы уулум биринчи топтогу майып. Кош бойлуу кезимде сасык тумоо оорусу менен ооруп, алты жарым айлык кылып төрөгөм. Бир литрлик бөтөлкөдөй эле болчу, салмагы 1,5 килограмм эле. Доктурлар “бала болбойт” деп үмүтүн үзүшкөн. Ал балам менен эки ай Жалдагы ооруканада жаткам. Кудайдын жардамы менен бала болуп кетти, ошондо көбү таң калышкан. Мүмкүнчүлүгү чектелген бала болуп калат деген ой болгон эмес, эки жашка чыкканда гана билинди. “Аутизм, баш мээсинин өсүүсү начар, гиперактивдүүлүк” деген үч диагноз чыгарышты. Мындай балдар өз жан дүйнөсү менен жашаган адам болушат экен. Башка чөйрөгө кошулбайт, ызы-чууну жактырбайт, сүйлөбөйт. Бир нерсе айтсаң бир топ убакыттан кийин жасайт. Бир жыл бою үйрөтүп жүрүп жакында эле “апа” деп айтты. Сыртынан караганда оорубаган эле баладай. Ушул баламдан кийин көптөр төрөбөй эле коюумду айтышкан. Бирок андан кийин деле Кудай бизге эки бала берди.
“Балдарымдын атасына таарынычы бар”
- Балдарым бири-бирине аябай күйүмдүү, улуулары кичүүлөрүн багып чоңойтуп коюшат. Кезектешип үй шыпырып, идиш жуушат. Бирок атасына таарынычтары бар. Бир нерсе алсам атасынын атынан берчүмүн. Бирок бала ага деле карабайт экен. “Атаңардын көңүлү, сүйүнүп калат” деп урушуп сүйлөштүрөм, өздөрү сүйлөшүшпөйт. Эң кичүүм эле “биздин атабыз келет” деп өзгөчө мээрим менен айтат. Сегиз бала төрөсөм дагы ден соолугум жакшы, Кудайга шүгүр. Бала багууда жолдошумду да кыйнаган жокмун. Көпчүлүк балалуу үйдө дары болот го, биз дары кармабайбыз. Кудайга жакпаган иш кылбаганымдын акыбети кайтты го деп ойлойм. “Эмне кыласың мынча баланы, ушул заманда төрөй бересиңби?!” деген адамдар да болгон. Мен балдарымды өзүм үчүн төрөдүм. Сактанайын же алдырып салайын дегенди билген жокмун. Кош бойлуу болгонумду сүйүнүү менен кабыл алып, жарыкка алып келип алчумун. Көп балалуу эне болсом дагы “Баатыр эне” орденин алууга кызыкпаптырмын. Бул тууралуу айткандарга “балдарым мага орден” деп койчумун. Жакынкы күнү эле документтерди тапшырдым, Ак үйдөн алат экенмин болгондо дагы.
“Көргөн көзүмө ишенбедим”
- Карантин убагында Медер аттуу баланын бут кийим таратып жүргөнүн көрүп, болобу-болбойбу деген күмөн саноо менен эле жазып койгом. Анан ал дароо эле байланышка чыгып, бир күнү Алтынай Нарбаеваны ээрчитип келди. Экөө балдарыма бут кийим, баштык-баштык азык-түлүктөрүн көтөрүп алышыптыр. Жашоо-шартым менен таанышып, өзүм тууралуу да маалымат алып, “жардам беребиз” деп ишенимдүү айтып кетишкен. Мен ижарага унаа алып такси кызматында иштээримди айткан элем да, ошого унаа алып берсек балдарын кыйналбай багып кетет деген ишеним болду окшойт. Арадан бир ай өтпөй үйгө баягыдай көтөрүнүп келди да, эч нерсе болбогондой отуруп сүйлөштүк. Кетеринде узатып чыксам эле унаа менен бир топ кишилер келатышыптыр. Унаа мага экенин билгенде уккан кулагыма, көргөн көзүмө ишенбедим. Мен азыр унаалуу болгонумдан дагы, чын жүрөктөрү менен көздөрүнө жаш алып белек кылгандарына ушунчалык ыраазы болуп жатам. Мага ишеним артып бергендерине рахмат, эми алардын үмүтүн актаганга аракет кылам. Азыр мени көчөдөн көрүп тааныгандар да жылуу сөздөрүн айтып, белек-бечкектерин берип жатышат.
“Жолдошумду кечирдим”
- Мен ичиме кек сактабайм, урушуп кеткен адам менен деле кайра сүйлөшө берем. Болгон мүнөзүм, пейилим эле ушул. Айланып эле аларды Кудай алдыма алып келип коёт, бул нерсе менде көп болот. Жолдошум кылган ишине өкүнүп, кечирим сураган. Мен аны кечирдим. Азыр өзүм деле “кел, кайра жашайлы” деп чакырып атам. Мен унаалуу болорумдун алдында жолдошума да иштеген жеринен ак унаа беришиптир. Экөөбүз телефон аркылуу бири-бирибизди куттуктап, ыйлап алдык. “Ак унаалар ак жолтой болсун, Кудай экөөбүзгө дагы оомат берди. Бири-бирибизди кечиришели! Ак тулпарлар биздики эмес, балдарыбыздыкы” дедим. Жолдошум сүйүнүп ыраазычылыгын айтты. Ал деле балдарын сагынганын, келерге эки көзү төрт экенин айтып жатат. Бизди баалап-барктоо үчүн аны тагдыр жолдон адаштырды деп ойлойм. Бирок өмүрү арабага байланып калганы өкүнүчтүү болуп калды.
Алтынай Нарбаева: “Гулиза мени түшүндө көрүптүр”
- Гулиза мени түшүндө көрүптүр. Түшүндө мен аны унаага салып алып узак жолго алып чыгыптырмын. Орто жолдон бензин түгөнүп калганда кайдан-жайдан ак тулпар алып келип мингизиптирмин. Экөөбүз ат менен сапар тартыптырбыз. “Өңүмдө көрбөгөн эжени түшүмдө көрдүм” деп түшүн кошуналарына айтса, алар “ошол эжеге кайрыл” дешиптир. Анан Медер аркылуу баргам. Мен үйүнө барсам Гулизанын бир уулунун кулагы ооруп жаткан экен. Алып барган баштыктарымды таштап, баласынын дарысына акча берсем такыр албай жатпайбы. Эптеп таштап кеткенбиз. Унаа алып берүү демилгесин мен көтөрдүм. Мени колдоп-коштоп “Апам жана мен”, “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду, Медер, Искендер, Айжан, Рамис, Азат аттуу балдарым 150, 500, 1000, 2000 доллардан берип, атын атабаган кишилер да өз көңүлүнөн каражат чыгарып берип кийим-кече, китептерди да алып бардык. Сиңдимден ишеничим чоң!
Айгерим Токтобай кызы