Асия: “Кызым кышкы суукта түнү менен көчөдө жатып калган”
29 жаштагы жалгыз бой эне 9 жаштагы кызынын өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандардан жардам суроого аргасыз. Эненин баянын окуп, анын колуна кол, бутуна бут болуп берүүчү эр-азаматтар табылат деп ишенебиз.
“Түнү жолго чыгып кырсыкка кабылганбыз”
- Турмуш-шартка байланыштуу таене-таятамдын колунда Лейлек районунда ѳстүм. 20 жашымда турмуш жолуна аттангам. Мүмкүнчүлүгү чектелген бир кызым бар. Кызым төрөлгөндө дени сак эле болчу, жети ай болгондо кырсыкка учурап майып болуп калды. 2011-жылы декабрь айында жети айлык кызымды алып, Оштон Бишкек шаарына карай таксиге отургам. Саат кечки 9-10 болуп калган, уктап кетиптирмин. Түнкү сапарда биз отурган унаа бир камаз менен кагышыптыр. Кырсык болгондо эле эсимди жоготуп коюптурмун. Айдоочу да эстен танган. Жаныбыздан бир гана жүргүнчү көзүн ачып, менин жолдошума телефон чалыптыр. Ал “кырсыктадык, кичинекей кызыңыз кыйналып ыйлап жатат” деп айтып туруп үзүлүптүр. Кырсыкка чейин анын телефонун алып жолдошума чалган элем. Ошентип, күч органдарына кабарланып, алар таап келгичекти селсаяктар бизди тоноп, бут кийим, баштык-үштүгүбүзгө чейин алып кетишиптир. Кызымдын да кийимдерин чечип алып, өзүн такма жалаякчан кырсык болгон жерден алысыраак таштап кетишиптир. Тиешелүү кызматкерлер келип мени ооруканага алып кеткенде кызымды табышкан эмес. Кызымды эртеси түшкө жакын өзгөндүк бир жигит жолдон көрүп курткасына ороп Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына алып келип бериптир.
“Кызымдын дене табы дайыма жогору”
- Кырсыктан кийин кызым экөөбүз эки башка ооруканада жатыптырбыз. Мени ата-энем, кызымды чоң ата, чоң энелери карашкан. Экөөбүздүн тең акыбалыбыз оор деп бааланган экен. Бир нече күндөн кийин кома абалынан чыгып, башыма эки жолу операция жасалган. Бир жак колум сыныптыр. Ал эми кызымдын ички органдарына чейин үшүк алып кетиптир. Бүгүнкү күнгө чейин өпкөсү жакшы болбой, кичине эле ооруса дем жетпей абалы оорлошуп кетет. Тогуз жылдан бери дене табы түшпөйт, 40-41ге чейин кѳтѳрүлү кетет. Акыбалы начарлап көп жолу жандандыруу бөлүмүнө түштүк. Буттары иштебей калган. Жүлүнүнүн мээсине жакын үч жеринен жабыркаган, мээсинде киста бар деп айтышкан. Кызыма жети айлык ымыркай кезинен баштап Кудайым оор сыноолорду берди. Өзү баса албай колуна таянып сойлоп жүрчү. Акыркы жолу дене табы көтөрүлгөндөн бери колдорунда күч жок, кыймылдабай калып жатат. Сүйлөй албайт. Бир-эки сөздөн жаттатсам ошону араң кайталайт. Абдан унутчаак. Баарынан кызыгы, бир жолу уктап туруп эле келмени так айтып калыптыр. Болбосо, мен тогуз жылдан бери бир да жолу айтып же жаттатып көргөн эмесмин. Өзүнөн кантип жаттаганын сурасам, “эшиктен Кудай келип мага “ушул сөздү көп айт” деп үйрөтүп кетти” деп таң калтырды. Дайыма такма жалаяк менен жүрөт, анкени дааратканага баргысы келгенин сезбейт. Арабага көп убакыт отура албагандыктан жонума көтөрүп жүрөм. Кышында карды, жазында жамгырды көрсүн деп сейилге кѳтѳрүп чыгам. Кызым абдан акылдуу, сезимтал жан. Кудай бизди колдооруна абдан ишенем.
“Жолдошум башкага үйлөнгөн”
- Кыргызстандагы доктурлардын көбү кызымдын оорусун ДЦП деп айтышчу. Кызым кырсыкка чейин ходунок менен басып, жөрмөлөп эле жүрчү да. Анан чет жердеги клиникалардын бири менен сүйлөшсөк, алар басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтышып, кызым экөөбүз Түркияга келгенбиз. Бирок кепилдик беришкен жок. Операцияга 95 миң доллар керек экен. Биз кайрымдуу элдин жардамы менен 35 миң долларын чогулттук. Калган сумманы чогултууга жардам керек болуп жатат. Кызымдын атасы болсо мен жандандыруу бөлүмүнөн чыгып, операцияга даярданып жатканда эки жолу келип көргөн. Кийинки жолу операция болгондо келип, жакында үйлөнөрү тууралуу кабарлаган. Операциядан соң башым бүт байланып тургандыктан, ага жооп бере алган эмесмин. Бир гана көзүмдөн жаш чыгып, жүрөгүм ыйлап турган. Кийин үйлөнгөнү тууралуу кабар укканда деле жолдошума жаман сөз айткан жокмун. Бактылуу болсун. Мени бир гана кызымдын ден соолугу ойлондурат. Ал эми чоң атасы менен чоң апасы небересинен кабар алып, жардам берип турушат. Аларга рахмат. Мени баккан таятам менен таенемдин көзү өтүп кеткен. Өз ата-энем менен сүйлөшүп турам. “Кокус мага бир нерсе болсо кызым эмне болот?” деген суроо жүрөгүмдү өйүп келет. Сары санаадан улам “кызымды өзүм менен кошо ала кетем” деген ой да келбей койбойт. Кээде кызым “Кудай мени жаман көрөбү, эмнеге бастырбай жатат?” деп ыйлап сурайт. Каражат маселеси кызымдын тагдырын байлаганы мен үчүн оор. Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жардам бериңиздерчи!
Элсом: 0502 03 20 16
Сбербанк: 4276380024117983
Айгерим Токтобай кызы