Жаннат Атабаева, бизнес леди: “Бренд негиздѳѳмѳ депрессияга түшүшүм түрткү болгон”
“Jannataccessories” бренди айымдар үчүн ѳзгөчө диадема, тагынчак, жарашыктуу жоолуктарды сунуштап келет. Керемет кол эмгектери мекенибизге жана коңшу мамлекеттерге тараган эмгекчил айым Жаннат Атабаева бизде конокто.
— Жаннат айым, саркеч, кооз жоолук, аксессуарларыңыз менен кѳпчүлүк тааныш. Кѳргѳн жанды кайдыгер калтырбаган ишти кандай кадамдар менен баштагансыз?
— Бул иш депрессиядан улам башталган десем болот. 2013-жылы тун кызым жарыкка келди. Ошондо төрөттөн кийинки депрессияга кабылдым. Кызыма бир ай болгондо атамдын көзү өтүп кетти. Оор күндөрдө аябай чөгүп кеткем. Бир күнү маанайсыз келе жатсам үйдүн жанындагы дүкөн кеңейтилиптир, баш багып калдым. Бир витринада эки-үч түгөй сөйкө турат. Көрүп эле сатуучуга “эже, сөйкө жасап, витринаңызга коюп көрбөйүнбү?” десем макул болду. Кол эмгектерге кызыгып интернеттен карап жүрчүмүн. Оюмда ошолордой кылып жасоо турду. Негизи, бир идея келсе ишке ашырмайынча тынчтана албай калам. Эртеси эле базарга барып 500 сомго таштарды сатып алдым да, түнү менен 42 сөйкө жасадым. Ойлоп көрсөм, товарга этикетка, ат керек экен. Компьютердеги “paint” программасы менен логотип тартып, чыгартып сөйкөлѳргѳ тактым. Ошентип, баягы витринага жайнатып тизип, ишиме киришкем. Эсимде, биринчи кирешем 20 сом болгон. Ага бирдик салып “Однаклассники” социалдык тармагынан баракча ачып, ошол баракчадан буйрутмаларды кабыл ала баштагам. Көп өтпөй белгилүү бир соода борборунда тагынчактарды саткан эже “биздин витринага да койсоң болот” деп, аякка да алып бардым. Баракчамдан журналисттер көрүп, алар аркылуу моделдерге дизайнер катары сөйкө жасоого өттүм. Фотосессия, моделдердин дүйнөсүнө түшкөндө көзүм ачылды. Модель кыздар кече көйнөктөрүнѳ ылайык тагынчактарды ойлоп табуумду сунушташып, кийинки фотосессияда эле ободок, корона, браслеттерди чыгара баштагам.
— Алгачкы кардарыңыз эсиңиздеби?
— Эсимде, ал кезде мен жаңы конуштардын биринде жашачумун. Бир кардарым алыс жашаганыма карабай бир сөйкө үчүн үйгө чейин келгенде абдан таң калгам. Сөйкөнүн баасы 35 же 55 сом болчу. Биринчи жолу келинчекке корона жасаганда да аябай толкундангам. Андан бери арадан жети жыл өтсө да ар бир буйрутмага ошондой толкунданып “жагабы же жакпай калабы” деп кабатыр болуп турам. Дүкөнгө барганда кардарларым учурашса сүрдөп, башкача сезимдер боло берет.
— Негизги кесибиңиз ким, бизнестен мурда эмне менен алек элеңиз?
— “Кыргыз-Түрк Манас” университетинин радио-телевидение-кино бөлүмүндө окугам. Негизи, журналистикага 5-классымдан тарта аралашып, балдардын “Ай-Данек” гезитинде иштеп баштагам. Дегеле кичинекей кезимден бир жерде турбаган кызмын. Бий ийримине катышып, кабарчы болуп иштеп, дайыма активдүү элем. Телевидениеде деле иштеп көрдүм, калуу сунуштары да көп болду. Бирок турмушка чыккандан кийин бийди да, журналистиканы да таштап үй-бүлөнү тандадым. Анкени журналистика менен үй-бүлөнү бир алып кетүү оор экен. “Азыркы келиндерге бүт даяр, жеңил” дегендерге кошулбайм. Тескерисинче, азыркы айымдарга кыйын. Себеби тиричиликти алып кетип, балдарды чоң кѳзѳмѳл менен чоңойтуп, керек болсо ар бир айым бизнес баштоосу керек. Анткени бүт кымбаттады. Үй-бүлөлүү адам бизнес кылуусу үчүн үй-бүлөсүнүн жанында болуп турганы эле чоң күч. Эгерде кыйынчылыкты айтып жүрө берсек, жашоонун деле кереги жок.
— Бизнести бир жолго салууда кайндай кыйынчылыктар болду сизде?
— Жыйырма жашымда баштаган бизнесим көп кыйынчылыктар менен коштолду. Негативдүү кардарлар да болбой койбойт, андайда жолдошума канча ыйладым. Бирок ошол эле талапчыл кардарлар иштин алдыга жылышына себепчи болот. Бир жолу эки күн жасаган чоң сөйкө кардарыма жакпай калып алып келди. Анда экинчи балам ичимде эле. Катуу нааразы болуп кеткенден кийин жолдошумдун унаасына отуруп алып аябай ыйлагам. Жолдошум колдоо сөздөрүн айтып, ошол күнү алгачкы филиалыбызды ачууну чечкенбиз. Ошондуктан кардар жөнү жок келе бербейт, ар биринин өз жолу болот деп ойлойм. Балким, ошол кардар болбосо дүкөн деле ачмак эмеспиз. Бизнесте баары эле идеалдуу боло бербесин түшүндүм. Ата-энем, жолдошум “сен азаматсың, кыла аласың” деп турушту. Кыйыныраак буйрутма түшүп калса үй-бүлөмдүн баары чогула калып жардам берип, майда жумуштарда чоң күч берип турушту. Менин күч-кубатым – үй-бүлөм.
— Эмгектериңиз Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанда дагы сатылат. Баарына өзүңүз жасап жетишесизби?
— Казакстандын Алматы шаарында иштеп жатканыбызга үч жылдыз жүзү болду. Андан тышкары Тараз, Астада, Орусияда бар эле, тилекке каршы, жапканга туура келди. Анткени үч бала менен жалгыз жетишүү кыйын болуп калды. Экинчи баламды төрөгөнгө чейин толугу менен өзүм жасачумун. Жаш болгонгобу, түнү бою уктабай деле жасап отура берчүмүн. Азыр артымда чоң командам бар. Беш филиалым болсо ар бири үчүн экиден кыз иштейт. Үч менеджерим бар, цехте көп кыздар эмгектенишет. Өзүмө эргүү келбей бир-эки күн тыныгып калсам командамдагы кыздар шаштыра башташат. Жасалуусу тууралуу айтсам, кичинекей диадеманы эки саатта жасасам, оорлорго бир-эки жума кетет. Ал эми жоолуктун үлгүсүн эки жумада иштеп чыгам. Ар бир тагынчактын тарыхы болот, ар бирин айтып бере алам. Ар бир жоолуктун аталышы бар. Аттарды кыргызча, маанисине карап койгонго аракет кылабыз.
— Кардарларды кантип тартасыз?
— Жети жылдан бери “Инстаграммдагы” баракчабызды өзүм иштетем. Ар бир тагынчак тууралуу постту өзүм жазганымды, жан-дүйнөбүз менен берилерибизди эл да сезсе керек. Жетекчинин жөнөкөй, эл менен бир болгону жакшы. Мисалы, жаңы коллекция чыгарарда “атын кандай койсом?” деп катталуучуларымдын оюн сурап турам. Ар кандай оюндарды уюштуруп, дүкөнгө келген айымдарды себепсиз кубантып, белек берем. Кыскасы, биз кардарларыбыз менен ар дайым бир толкундабыз.
— Ар бир сезон сайын жаңы стиль, өзгөчө жасалгаларды ойлоп таабууда идеялар кайдан келет? Атайын дизайнерлерден сабак аласызбы?
— Мага көп идеяларды улуу кызым берет. Кызым жаңы нерсени сөзсүз кийип, “биягын мындай кылсачы” дейт. Ошондой эле кардарларымдын оюн укканга аракет кылам. Катталуучуларым да кайдыгер болбой пикирлерин активдүү билдиришет. Анан, албетте, өзүм жоолук салынып жүргөнгө өзүмө-өзүм кардармын. Кийип көрүп, ар бир коллекциянын ыңгайына карап өзгөртүп турам.
— Иш башталган соң канча убакытта киреше таба баштагансыз?
— Башында үйдө жасаганда тапкан акчама бирдик сала коюп же таштарды сатып алып жатып, билинген эмес, тескерисинче, бизнесиме акча салчумун. Азыраак ашканын чогултчумун. Ошентип, бир жыл чогултуп, үстүнө карыз акча алып алгачкы филиалыбызды ЦУМда ачканбыз. Ѳзүм сатуучу болуп жарым жылдан кийин киреше таба баштагам. Бирок ай сайын ижара акысын төлөө оор болчу.
— Сиздикиндей жоолуктарды жасагагандар көбөйүп кетти, атаандаштыкка кантип туруштук бересиз?
— Башында коркуренттерди кабыл алуу оор болчу. Меникиндей жасагандарды блоктоп же аларга кат жаза берчүмүн. Жоолуктарым менен фотосессия кылсам сүрөттөрүмө чейин колдонгондор болчу. Аларга жиним келип, жаман болчумун. Буларды жеңүүмө “демек, мен алдыдамын” деген ой түрткү болду. Көп айымдар “сизди туурасам да үйдө бир нерсе менен алек болуп жатам” дешсе мейли деп калам. Ашыкча кеткендер да бар, аларга көз жумганга эле аракет кылам. Болбосо менин брендим расмий түрдө ачылган, патенти бар, сотко берсем да болот. Бирок Кудайга ишенип алдыга умтула берем.
— “Инстаграм” баракчаңыз аркылуу сизди бактылуу эне катары да тааныйбыз. Турмушка эрте чыккансызбы?
— Ооба, 19 жашымда турмуш жолуна аттангам. Жолдошум менден беш жаш улуу. Биз чоң сүйүү менен баш кошконбуз. Турмуш курган тогуз жылдан бери колдоп гана келе жатат. Ал тууралуу көп сөз кылгым келбейт, элдин көзүндө болгонду өзү да жактырбайт. Учурда үч балабыз бар, буюрса, төртүнчү наристебизди күтүүдөбүз. Биз ата-энебиз менен чогуу жашайбыз. Балдарымды караганга ата-эне, бир туугандырыбыз жардам берип турушат.
Айгерим Токтобай кызы