Кадимки эле сөөлжан — 59 жаштагы Назгүл Узбекова үчүн жети айдан бери киреше түшүүчү булакка айланды. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Назгүл эже менен жеринен баарлаштык.
— Пенсия жашында жаңы иш баштап жатыпсыз. Эмне үчүн башка эмес, сөөлжан?
— Мен медицина кызматкери элем. Кесибим менен көп жыл иштеп, пенсияга чыккам. Бул курагымда кандайдыр бир бизнес кылайын деген деле оюм жок болчу. Короодогу гүлдөрүм каралбай калып, аябай жаман болуп кеткен эле. Ошолорду карайын деп бир күнү биогумус алып келип салдым, жанагы сөөлжандын кыгын. Ошондон кийин эле соолуп бара жаткан гүлдөрүм укмуштуудай жакшынакай болуп гүлдөп калды. Сөөлжандын пайдасын көргөндөн кийин өзүм деле багып көрсөм кандай болот экен деп ойлонуп калдым. Анан апрель айынын аягында килограммын 300 сомдон 250 килограмм сөөлжан сатып алып, 2 тонна малдын кыгын төктүрүп ага салдым. Ошондон бери сөөлжан багып көбөйтүп, сатып пайдасын көрүп жатам.
— Сөөлжан кантип көбөйөт экен? Негизи эле кантип багасыз?
— Сөөлжанды төрт тарабы, асты жабык жыгач идиштерге салып, үстүнө малдын кыгын төгүп коёбуз. Анын үстүнө тамак-аштын калдыктарын, кагаз, кебек, алманын кабыгын, жалбырактарды, дегеле үйдөгү болгон таштандыларды таштай беребиз. Өз маалы менен суу сээп, жумасына анын нымдуулугун текшерип туруу гана жетиштүү. Сөөлжандар 60-70% нымдуулукта көбөйөт. Менин сөөлжандарым бир ай ичинде эле көбөйүп, сатууга жарнама бере баштадым.
— Кирешеси кандай экен?
— Сөөлжан абдан тез көбөйөт экен. Мисалы, 100 кг сөөлжан 6 айда 1 тонна болуп калат. Сөөлжан багуудагы негизги максат – анын кыгын алуу да. Ал гумус деп аталат. Гумус – мыкты жер семирткич. Абдан пайдалуу жана арзан. Табигый жол менен алынгандыктан химиялык жер семирткичтерден айырмаланып ден соолукка зыянсыз азыктарды берет. Жашылча-жемиштер абдан тунук болуп, сырткы көрүнүшү жакшынакай болот. Чөп дагы өстүрө бербейт. Кадимки топуракка аралаштырып отургузуп койсо, гүлдөр да сонун болот. Дагы жакшы жагы — бир жолу салынган гумус үч жылга чейин пайдалуулугун жоготпойт. 1 тонна кыктан кайра 700 кг гумус чыгат, анын килосун 30 сомдон сатканда эле 20 миңден ашык пайда берип жатпайбы. Андан сырткары сөөлжанды өзүн багат элем дегендерге килограммдап уруктукка сатабыз. Ал Бишкекте кымбатыраак, 300 сомдон жогору. Бизде килосу 150дөн башталат. Мен ушул бизнести баштагандан бери 2-3 тоннадай уруктук сөөлжан жана гумус сатып койдум. Бизге окшогон пенсионерлерге аябай ылайыктуу экен. Көп деле эмгекти талап кылбайт, чыгашасы аз. Той-топур, айыл-апа дегендерге кенен акча чыгып жакшы болду.
— Гумусун кантип бөлүп аласыз?
— Бир айдан кийин сөөлжандар кыкты жеп, гумусу эле калат. Ошондо ящикке салып койсок, сөөлжардар өздөрү ящиктин астына түшүп калышат. Үстүндө гумус калат. Аны элеп, баштыктарга салып даяр гумус кылып сатабыз.
— Сөөлжандарды кышында кантип багасыз?
— Кышкысын бир аз жылуураак жерде кармоо керек. Болбосо суукта тоңуп калат. Биз азыр кышкыга жай даярдап жатабыз. Атайын цементтелген чуңкур жайларга сөөлжандарды салып, үстүнө кык таштап, анын үстүнөн жылуураак кылып жаап чыгабыз. Буюрса, кышкыга 100 тонна кылып салайын деп жатам, жазга ошондо 70-80 тонна гумус даяр болуп калат.
— Жардамчыларыңыз болсо керек? Же өзүңүз жетишесизби?
— Башында неберем гана жардам берчү. Үй-бүлөмдөгүлөр, жолдошум да жактырбаган эле. Азыр баары жардам берип жатышат. Башында мени менен кошо бир туугандарым да сатып алышкан эле, алар да азыр көбөйтүп үйрөнүп калышты. Түшүнгөндөр үчүн бул абдан пайдалуу. Эң болбоду дегенде ден соолук үчүн пайдалуу азык-түлүк өстүрүп жесек жакшы да.
— Максатыңыз эми ушул бизнес түрүн көбөйтүү экен да?
— Мен медицина кызматкери болгондуктан химиялык жер семирткичтер менен бышкан жашылча-жемиштердин ден соолукка канчалык зыяндуу экенин абдан жакшы билем. Балдарым, неберелерим, жалпы эле адамдар ден соолугуна пайдалуу азыктарды жешсе дейм. Ушул нерсе үчүн аз да болсо салымымды кошсом дейм.
— Маегиңизге чоң рахмат! Ийгиликтер болсун!