Негизгиге Интервью Баткендик уз Махпурат айымдын килемдерин чет элдиктер издеп келип алышат

Баткендик уз Махпурат айымдын килемдерин чет элдиктер издеп келип алышат

109

62 жаштагы Махпурат Абдималикова Баткен районунун Бужум айылынын тургуну. Ал килем токуу менен 25 жылдан бери алектенет. Учурда дагы кол килемдин жаңыча түрлөрүн токуу менен өз кардарларын көбөйтүүдө.

— Махпурат эже, сиз килемди качан токуй баштагансыз, кимден үйрөнгөнсүз?

Биз жаш кезибизде апам килем токучу. Ал мезгилде айылдарда көпчүлүк токушуп, бири-бирине жардам беришер эле. Бирок тиричиликке деп анча-мынча эле сатканы болбосо, азыркыдай килем менен бизнес кылуу деген нерсе жок эле. Апам деле өзүбүз үчүн, анан ар бир баласына арнап жасачу. Ошентип 8-класста окуп жургөнүмдө апам мага жүн килем, ара килемди жасаганды жүндү кантип ийриш керектигинен баштап баарын үйрөткөн. Ал мезгилде, 70-жылдары ток менен иштей турган ийик жок эле, кол менен ийрийт элек. Мен кийин турмушка чыгып, Бужум айылына келгенден кийин он жылдай балдар менен болуп токуй албай калдым. Ошентип 25 жылдан бери такай токуп келебиз. Үч жыл мурун айылдагы уз аялдарды топтоп “Улуу элдин урпактары” деген коом бизге жардамдашып, кардарларды таап иштей баштаганбыз. Биринчи жылы абдан жакшы кардарлар болуп, жакшы иштедик. Кийин пандемия башталып, карантин болуп ишибиз токтоп калды эле. Быйыл кайрадан аз-аздан буйрутмалар келе баштап, мен жакында эле үч буйрутма алдым.

— Килемдин негизи жүн экени көрүнүп турат. Жүн маселеси кандай? Аны кайдан аласыздар?

Жүндөрдү айылдан эле алабыз. Асыл тукум таза жүндөрдү алгач ийрип алып, андан кийин жуйбуз, ал эми кадимки койлордун жүнүн биринчи тазалайбыз, андан кийин жууп, кургатып, андан кийин ийриш керек. Бул жүндү жип кылуу өзүнчө оор иш. Ошого жараша арзаныраактан сатып алабыз. Тактап айтканда, алардын бир килосу 50 сомдон. Ал эми таза жүндөрдү 100 сомдон сатып алсак, кочкул түстөгүн 200 сомдон алабыз.

— Негизи бир чоң килем жасоо үчүн канча жүн керек болот?

Чоң килемге 20 кг ак, 20 кг кара керек болот. Андан тышкары эришке 10 кг, аркакка 5кг кетет. Ар бир килемдин өлчөмүнө жараша жүн сатып алабыз. Азыр мен килемдерди  жалаң ак жана кара жундөн  раң кошпой токуп жатам. Раң – бул жүндү ар кандай түскө келтирүүчү боёктор. Мурун кызыл-тазыл килемдерди көп алышса, азыр ак-кара килемдерге буйрутма көп болуп жатат. Эришине эчкинин жүнүн колдоном. Ал абдан бышык жана бекем болот. Эриш дегени — килемдин негизи. Башкача айтканда, биринчи түз, катуу кылып темирге тартып алган жиптер.

— Килем жасоо өтө чоң түйшүк  экени көрүнүп турат, жүндөн жип даяр болгондон кийин эмне иш кылынат?

Жип даяр болгонго чейин эле жүн төрт жолу колдон өтөт. Анан даяр болгон жиптерден килемдин көлөмүнө ылайыктап атайын биздин темирден жасалган жайыбыз бар, ошол жерге эриштерди даярдайбыз. Бул жерге жиптерди байлагандан кийин үстүнө суу себелеп дагы бир жума бышырабыз. Андан кийин гана килемди токуп баштайбыз. Эриштин жиптери тартылып канчалык көп турган сайын килем ошончолук бышык болот.

— Сиздер жасап жаткан килемдердин бышыктыгы канча убакытка жетет? Ден соолук үчүн да пайдалуулугу болсо керек.

Биздин үйдөгү акзыркы мен колдонуп жаткан килемдердин баарын апам жасап берген. Ошолорго 40 жылга жакын убакыт болуп жатат. Эми жыртыла баштады. Азыр биз мүмкүн болушунча андан да бышык жасаганга аракет кылабыз. Анан ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Буту ооругандарга, бели ооругандарга абдан жакшы таасирин тийгизет. Жерден сыз өткөрбөйт да. Койдун жүнүнөн жасалгандыктан абдан жылуу болот. Өзгөчө шаарда жашагандар, Кытай сыяктуу башка жактардан келген килемдерди колдонгондор билип жатышат, бул килемдин таасири кандай жакшы болоорун. Ошого атайын келип буйрутма кылып алып жатышат да.

— Алар сизди кайдан табышат?

Билбедим кайдан табышарын. Мени силерге окшогон журналисттер тартып кетишет да, Ютубтан көрүшөт окшойт. Аркасынан түшүп атайын интернет аркылуу сатпайбыз деле. Кардарлар өздөрү эле издеп келишет. Мен азыр жасап жаткан килемдердин ээлери Оштон болот экен. Мурунку жасагандарымды бишкектиктер буйрутма берген эле. Андан мурун Москвага да жөнөткөм. Баткендиктер мындай килемге буйрутма беришпейт, кардарларымдын баары башка жактардан келишет. Кантип, кайдан мени таап алышат, билбей деле калам.

— Азыр кандай килем токуп жатасыз? Анын да түрлөрү болсо керек?

Ооба, эки түрдүү килем түрүн токуйбуз: какма килем, жүн килем деп коёбуз. Азыр менин токуп жаткандарым жалаң жүн килемдер. Буйрутмага ылайык узуну 1,2 метр болсо, туурасы 1 метр. Буга чейин да дал ушундай килемди 2 метр кылып токуп бергемин. Даярдап жаткан килемди он күндүн ичинде бүтүрүшүм керек. Өзүм жалгыз бүтурүү узак болуп кетет, ошон үчүн жардамчы чакырам.

— Жардамчыларыңыз барбы?

Килем токуу абдан машакаттуу иш, ошон үчүн көпчүлүк чыдабай койбодубу. Биздин айылда эле канчалаган аялдар килем токууну таштап коюшту. Мен да жалгыз токуй албайм. Өзгөчө чоң килемдерди токуганда сөзсүз жардамчы алам. Айылдагы килем токуган башка аялдарды чакырып, аларга акча төлөп берем. Мисалы, чоң килемдерди токууда 4-5 миңден аларга берилет. Жакындан бери  кичине кызым кызыгып токуй баштады. Келиним дагы токуп жатат.  Алардын бул өнөрду улантып кетерине кубанып жатам. 

— Анда бир килемдин бүтүшү канчага бааланат?

Көлөмүнө жараша. Мисалы, 3-4 метрлик бир чоң килем 35 миң сомго бааланса, 2 меттрлик килемдерди 10 миң сомго бүтүрүп беребиз. Килемден сырткары унаанын орундуктары үчүн кичинекей килемчелерди, жайнамаз токуйбуз. Алар 3-5 миң сомго бааланат. Алардын да жүндөн жасалгандары кымбатыраак, какмалары жиптен токулгандыктан арзаныраак болот.

— Маегиңизге рахмат, өнөрүңүз өркүндөп, муундан-муунга улана берсин!

 

Гүлмайрам Рахманбердиева

СоӊкуПсихолог, тренер Каныкей Сейитказиева: Аял — мамиленин аяры
КийинкиБашыма түшкөн оор сыноодон акырындык менен суурулуп чыгып келе жатам — Шайыр Касымалиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here