Негизгиге Аялзат жана карьера Башыма түшкөн оор сыноодон акырындык менен суурулуп чыгып келе жатам — Шайыр...

Башыма түшкөн оор сыноодон акырындык менен суурулуп чыгып келе жатам — Шайыр Касымалиева

1197

Маектешим кыргыз киносунун жүзү болгон белгилүү актриса экенине карабай табиятындагы жөнөкөйлүгү, жумшактыгы менен адамды өзүнө тарткан назик аялзаты. Сүйлөшүү учурунда бирде шыңгыр күлкүсүнө бөлөп тамашалап, кээде ойго батып, жашоосундагы көз ирмемдерди айтып берип отурду.

— Шайыр эже, социалдык тармактардагы баракчаларыңыздан көрүп аттым, быйылкы эс алууңуз жемиштүү болду окшойт?

Канча жылдан бери эмгек өргүүсү учурунда да иштеп жүргөм. Быйыл эч кандай сңөмкага чыкпайм, сөзсүз эс алам деп өзүмө сөз бергем. Кызым, неберелерим менен көлгө барып эс алып келдик. Шаар кайнап аткан учурда кайра Чычкан капчыгайына кетип калдык. Кызым ал жакта эс алуу комплексинде иштеп жаткан. Өзүмө жакшы дем-күч топтоп, кубаттанып келдим. Август айынын ортосунан баштап эки жумушум тең башталат.

— Эки жумушта иштейсизби?

Эки эмес, учурда үч жумушта иштеп атам. Негизги жумушум театр. Андан сырткары “Чайхана ТВ” деген студияда эмгектенем. Ал студияда социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган, жашоодон алынган роликтер тартылат. Мен ал жерде сценарий жазам, болгон окуяны көркөмдөйм. Бирок чыныгы жашоодо каарман өлүп калган болсо, мен аягын жакшы маанайда бүтүргөнгө аракет кылам. Ошол эле учурда актөрдук чеберчиликке, оратордук жөндөмгө окута турган “Шайыр студия” мектебим бар. Ал жакка кичинекей балдардан баштап чоңдорду да кабыл алабыз. Жашы кырктан ашкан айымдар да келүүдө. Актөр болуп киного тартылууну кыялданган, өзүнүн дараметин ача албай жүргөндөрдү окутуп атабыз. Окуусун бүткөндөн кийин же окуу учурунда деле жөндөмүнө жараша  роликтерге тартылууну сунуштайбыз. Бизге келгендердин көбүнүн дарамети ачылууда.

— Тыным албай иштеп атканыңызга башыңыздан өткөн сыноо себеп болдубу?

Ооба, 3-4 жылдан бери оор сыноодо жашадым. 2018-жылы “Махабат” тасмасын тартканбыз. Ошондо ишенчээктигимдин айынан 1-2 адамга алданып карызга батып калдым. Убагында иштешебиз деп сөз берген адамдар мени таштап кетишти. Ошону менен азаптуу төрт жыл баш көтөрбөй, уйку бетин көрбөй бир нече жумушта чуркап эмгектендим. Банктан чоң суммадагы насыя алган элем, аны жаптым. Бирин-серин адамдардан карыз алгам, алардан четинен кутулуп келе жатам. Айтор, буга чейин көп сыноону башыман өткөргөм, бирок ушул жолкусу баарын ашып түштү.

— Кантип чыйралдыңыз? Эмнеден кубат алдыңыз?

Алты саның аман болуп, сыноо катары кабыл алып өзүңө ишенсең баарын жеңсе болот экен. Эгер өзүңдү санаа менен туңгуюкка кептеп, эми кантем деп аргасыздыкка жеңдирип койсоң кайра баш көтөрүү оор болуп калаарын билдим. Башында өзүмдү таштап, жанымды кыйып койсомбу деген ойлор да келди. “Кудай, менин жанымды алып кет” деп ыйлаган күндөрүм болду. Ошондо кызым оюма келди. Өзү жалгыз болсо, же атасынан кайрым болбосо кантип кызымды таштап кетем? Эмнеге мен кызымды калтырып кетишим керек? Өзүм ката кетирдим, алты саным аман, башым иштеп, көзүм көрүп атат. Эми ушул аңдан кайра өзүм суурулуп чыгышым керек дедим да күчтөндүм. Анын айласын кылып сценарий жазып алып демөөрчү издеп кирбеген эшигим калган жок. Айрымдарына “ушундай абалда болуп турам, кино тартып карыздарыман кутулсам дейм” деп ачык эле айттым. Баары эле макул деп кайра айнып атышты. Ошондо бир капкандан суурулуп чыга албай атып экинчисине чабылбайын дедим дагы ал сценарийди текчеге коюп койдум. “Чайхана ТВ” студиясына жумушка кирдим, мектебим бутуна тура баштады. Ошентип акырындык менен кыйынчылыктан кутулуп келе жатам.

— Бул сыноодон кийин айланаңыздагы адамдарды сорттодуңузбу?

Ооба, сорттодум. Баарынан да бир иш жасаардан мурда көпкө ойлонуп туруп жасайм, сүйлөөрдүн алдында ойлоном. Ишээнчектигим мага көп азап алып келди десем болот. Апам менен кызым, иним мага аска-зоо чеп болуп туруп беришти. Кудайга шүгүр, ал күндөр да артта калды.

— Ачык айтып чыкканыңыздан кийин жардам бергиси келгендер көп болбодубу беле. Элден колдоо болдубу?

Элимдин пейили, боорукерлигинде чек жок. Колдойлу, эсеп ачыңыз дегендеринен бала кыял жаным банктан эсеп ачтым. Үч жолу текшердим, нөл бойдон турат дешти. Ошондон кийин үмүтүмдү чектедим. Балким ошол учурда жардам бергиси келип, андан кийин өз тиричилигине алаксып калышкандыр дедим. Билесизби, баарынан да мага моралдык жактан колдогондору, жакшы сөздөрү дем болду. Жабыркап турган жан дүйнөмө берген жардамдары артык болду.

— “Сын аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт” дегендей кандай оор күндөр башыңыздан өтпөсүн табият берген сыныңыздан жазбаптырсыз. Имиджиңизди да өзгөрткөн экенсиз?

Кудай мага чачтын жакшысын, кайраттуусун бериптир. Тиземен ылдый кезинде кайчы тийгизбей кастарлап бактым. Убакыт өткөн сайын чач байкуш деле жыдыйт экен. Башымдын ооруганынанбы же кандай себеп болду билбейм, улам түшө бергенинен кыркканга туура келди. Ар бир тараган сайын күүлүп түшө берди, элди туурап саргарта коем деп да буздум окшойт. Калыбына келбей койгондон кийин кыска кылып кырктырып салдым. Өзүмө жаңы имиджим жакты, өкүнгөн жокмун. Башым ооруп турган кезде азыркы кыска чачым өзүмө ынап атат. Эл ар кандай айтат, бирине жакса бирине жакпайт экен. Элге жагат элем деп жүрө бербей өзүмдүн ыңгайыма карадым. Тулку боюм тууралуу айта турган болсом, жаш кезимде бийлечүмүн. 35 жашка чейин бийди экинчи кесип катары алып жүрдүм, андан кийин токтотуп салгам. Ашык салмак кошпогонумдун бир себеби ошол, экинчиси генден болот окшойт. Чоң атам эзели эт байлабаган арык чырай киши эле. Көп небересинин ичинен мен чоң атамды тартып калганыма сүйүнөм. Болбосо атам, апам тараптагылар деле толук.

— Акыркы учурда акындык өнөрүңүзгө да күбө болуп атабыз. Жаш кезде жазылган ырлар деп айтасыз, эмне себептен өнөрүңүздү өрчүтүп убагында алып кеткен эмессиз?

Тилекке каршы жаш кезде жазылган ырларымдын көбү сакталбай калыптыр. Ар кайсы баракка жазып атып көбү жоголуптур. Тапкандарымды эле улам окуп коюп жатам. Ыр жазуу мага хобби. Акын болом деп далалат кылган эмесмин.  Жүрөктөгү болуп жаткан сезимди эргүү келгенде отуруп жаза калчумун. Ыр саптар бир жолу кандай түшсө ошол бойдон калат. Кайра чиймелеп оңдобойм. Сценарий жазарда окуяны угам, мээме бышырып толуктайм дагы дароо эле кагазга түшүрүп коем.  Кудайга ыраазы болгонум, ушул жашымды жазуучулук өнөрүмдүн өркүндөп жатканы. Болбосо, роль бирде болот бирде болбой калат. Анан “мага качан роль сунуштайт” деп отурган да болбойт.

— Эненин да түрү болот эмеспи. Сиз кызыңызга кандай энесиз?

Курбу энемин. Кээде ал мени “апа, качан чоңоесуз, кыялкечсиз да” деп акылга чакырат. Кээде бири-бирибизди көз караш менен түшүнүшөбүз. Экөөбүзгө тең кыйын болуп турган учурда бири-бирибизге тийишпейбиз. Ал жүргөн жер шатыра –шатман күлкү, шаң. Мени дайыма күлдүрүп, көңүлүмдү көтөрүп турат. Курбулардай сырдашабыз, ачык сүйлөшөбүз. Апам менен да мамилем ошондой болгондуктан жалгыздыкты көп сезбей жашап келе жатат окшойм. Себеби, ишенимдүү эки адамым дайыма жанымда. Алардан башка жакын курбуларым жок. Убагында жакын курбуларыман да запкы жеп калгандыктан азыр сый курбуларым көп.

— Аялдык бактыңызды ойлоп, турмуш куруп балалуу болгуңуз келген учур болду беле?

Биринчи турмуштан катуу көңүлүм калгандыктан көпкө чейин турмушка чыккым келген эмес. Экинчи жолу да туура эмес адамга туш болуп көңүлүм үшүгөн. Кийинчирээк жалгыздык жан дүйнөнү кыйнай баштаганда “жалгыз болгон болбойт экен” деп турмушка чыгууга көңүлдөнүп калган учурда дагы бир адамга жолуктум. Ал да үмүтүмдү актаган жок, шаабайым катуу сууду. “Күйөөгө тийбейм” деп ошондо бүтүм чыгаргам. Аял болгондон кийин сүйүүнү, мээримди, камкордукту эңсейт экенсиң. Бирок түбөлүктүү адам болбосуна көзүң жетип турса, экөөңдүн көз карашың, максатың эки башка болуп аткандан кийин андай адамды жаныма жолотуп эмне кылам дедим. Жан дүйнөмдү түшүнгөн, мени менен бирге жол баскан адамды көрө алган жокмун. Негизи мен өткөн нерсени эстеп, көөмүп салган нерсени кайра казып эстегенди каалабаган адаммын. Жашоодо да ошондой принцип менен жашайм.

— Маегиңизге рахмат! Мындан аркы жашооңузда жагымдуу көз ирмемдер көп болсун!

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуБаткендик уз Махпурат айымдын килемдерин чет элдиктер издеп келип алышат
КийинкиЭркек уулдуу болуу сырын уролог Абдрашит Акынбеков айтып берди