Актриса Роза Азимбаева жакында эле Баткен жергесине турмушка чыккан эле. Учурда өзүн ырчылык жактан да сынап жүргөн маектешимдин жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.
— Роза, куш бооңуз бекем болсун! Келиндик дооруңуз кандай башталды?
— Чоң рахмат! Келиндик доорум, буюрса, абдан сонун көз ирмем, өзгөчө сезимдер менен башталды. Кудайга шүгүр, жакшы жерге туш келиптирмин, “келин” деп аташпайт, “карындашым, кызым” деп турушат. Көпчүлүк Баткен десе эле салты катуу аймакты элестетишет. Балким, башка үй-бүлөлөрдө ошондой катуу салттар кармалаттыр, бирок кайненем менен кайнатам 80, 81 жаштарда болсо дагы биздин үй-бүлө заманбап экен. Бир гана сөздөрдүн башкача айтылышынан улам түшүнбөй калып кайра сурап жатам. Анан тергегенди бир аз окшоштура албай жатам. “Баткенге келин болом” деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес.
— Кандай тагдыр сизди ал жакка туш кылды?
— Жайында Түркиядан келгенде Баткендеги театрга иштөө сунушу түшүп калды. Кыргызстанда бир эле Баткенди көрө элек элем, ошондон улам кызыгуу пайда болуп, сунушка макул болдум. Жолдошум ошол театрда эмгектенет экен. Экөөбүз, болгону, кырк күндөй чогуу иштештик. Кыз-жигит катары деле сүйлөшүп, сүйүшүп-күйүшкөн жокпуз. Жумуштан чогуу түштөнүүгө барып-келип эле жүрчүбүз. Айланабыздагы адамдар эле “экөөңөр тең бойдок экенсиңер, эми үйлөнүп алгыла” деп айта беришчү. Өзү унчукпай эле жүрдү. Анан Жаңы жылга жакын Бишкекке кетейин деп жатсам, “узун жолдо унаа айдаган кыйын” деп өзү жеткирип келерин айтып калды. Ошентип, экөөбүз борборго келе жатканда үйлөнүү сунушун киргизди. “Сүйүү үйлөнгөндөн кийин башталат” деген чын экен. Азыр Баткенде жашап, иштеп жатабыз.
— Ошондо кыялыңыздагы мырзаны таптыңызбы?
— Жолдошум менден сегиз жашка улуу, 42 жашта. Буга чейин үйлөнгөн эмес экен. Абдан токтоо мүнөз, бардык нерсеге олуттуу караган чечкиндүү мырза. Ушул сапаттары абдан жакты мага. Кыздардын баары эле ак боз ат минген ханзааданы каалайт эмеспизби, бирок реалдуу жашоо башкача экен. “Нике кайып” деген сөзгө мен эми ишенип отурам. Биздики аябай бат болду, эмне болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым. Азырынча, кыялымдагы эле мырза, эч кандай кемчиликтерин көрө элекмин.
— Эки жыл Түркияда эмне менен алек болуп жүрдүңүз?
— Түркияга апам менен кетип, эки жарым жылдай жашап келдик. Сулуулук тармагында иштедим. Жумушумдан сырткары Түркиянын бир катар жерлерине барып эс алып, эл-жер таанып келдим.
— Бир учурда оронуп түшкөн сүрөттөрүңүздү көрүп калдык эле, кайра жоолукту чечүүңүзгө эмне себеп болду?
— Учурунда беш убак намаз окуп жүрдүм. Ошол кезде мусулмандын дагы бир парзы болгон орозону кармаганда мечиттерге барып таң атканча “таравих” намазын окучумун. Албетте, мечитке барарда ачык-чачык кийинбейсиң, оронуп барчумун. Ошондогу сүрөттөрүмдөн социалдык баракчаларыма киргизип койгонумдан улам “оронуп алды” деп ойлоп калышкан окшойт.
— «Министрдин кызынын махабаты» тасмасына тартылганыңызга өкүнөрүңүздү бир интервьюңузда айттыңыз эле. Бул роль жашооңузга таасирин тийгиздиби?
— Ооба, өкүнгөн учурларым болгон, анткени тасма чыккан жылдары жашоомо терс таасирин тийгизген. Мени көпчүлүк адамдар ролдогудай кыз катары кабыл алышкан. “Кыргыздын кызы болуп туруп кантип ушундай ролду ойнодуң?” деп бетиме айткандар болгон. Мындай сөздөрдөн улам көчөгө да чыга албай калып, бир жылдай Алматыда жашаганга туура келген. Анткени көчөдө жүрүү мүмкүн болбой калган. Ошол эле учурда роль экендигин түшүнүп кол тамга алгандар да болгон. Ал убакта элдин түшүнүгү башкача эле, андан бери 14 жыл болуптур, бул жылдар аралыгында жакшы эле өнүктүк, өстүк деп ойлойм. Азыр ошол эле ролду ойносом өкүнбөйт болчумун.
— Жолдошуңуздун бул ролуңуз боюнча ою кандай экен?
— Жолдошум өзү чыгармачыл адам болгондуктан, биздин ашкананы билет. ОШондуктан түшүнүү менен эле кабыл алыптыр.
— Тасманын экинчи бөлүгү тартылганы жатыптыр го, кайра тартылуу сунушу келсе ойнойт белеңиз? Дегеле тасмага тартылууга сунуштар болуп жатабы?
— Мага тасманын экинчи бөлүгү тартыларын айтышкан, бирок качан тартылары белгисиз, сценарийдин кандай жазылып жаткандыгынан кабарым жок. Эгерде уландысы катары тартылса, менин керегим жок болот, анткени Зина каза болуп калбады беле. Ал эми башка роль беришсе, тартылуудан баш тартпайм. Негизи, бул тасмадан соң он чакты тасмага тартылдым. Акыркы жылдары чет жерде болгондугума байланыштуу эпизоддук ролдорго эле тартылып жаттым.
— Учурда тойлордо ырдап, ырчылык чөйрөсүнө акырындан кирип келе жатасыз…
— Негизи, ырчы болуу менин бала чагымдан берки келе жаткан кыялым болчу. Кичинекей кезимден вокалдан сабак алып, фестивалдарга катышчумун. Кийин актрисалык кесипке окуп жүргөндө атайын вокалдан сабак өтүлчү, аны окудум. Ошондуктан менде кичинекей болсо дагы пайдубал бар деп ойлойм. Азыр Баткен шаарында чакыруулар болуп жатат. Ырчылыктан сырткары өзүмдү алып баруучулук жактан да сынап, ар кандай иш-чараларды алып барып жатам.
Айгерим Токтобай кызы