Бүгүнкү күндөгү кырдаал көпчүлүктү санаага салып турган кези. Калктын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти алган доктурлар эки эсе оор күндөрдү башынан кечирип атышат. Бул тууралуу бир жарым айдан бери туугандарынан, үй-бүлөсүнөн алыста оорулууларга кам көрүп жүргөн Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жогорку даражадагы врач-инфекционисти Жаркынбаева Бурул айтып берди.
Бурул Айтмамбетовна, иш күнүңүз эмнеден башталат?
— Биз 21-марттан бери дарыгерлер, медайым, санитарлардын баарын кошкондо 200 адам ооруканада иштеп, жашап атабыз. Учурда 4 бригада иш алып барууда. Оорулуулар жайгашкан жер “кир аймак”, биз жашаган жер “таза аймак” деп бөлүнөт. “Кир аймакка” бир киргенде 6 сааттан иштейбиз. Ал жакка кирерде бир нече каттан турган атайын униформаны кийип, толук кийингенден кийин инфекциялык көзөмөлдөн өтөбүз. Атайын адис форма дыкат кийилдиби, чачыңдын учу чыгып калган жокпу, денеңдин бир жери ачылып калган жокпу, кол кабың айрылган жокпу, бүт баарын кылдат текшерет. Бул доктурдун коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Аймакка киргенден кийин оорулууларды текшерүү, тиешелүү дарыларын берүү, анализ алуу, сакайгандарды текшерип чыгаруу, жаңы түшкөндөрдүн абалы менен таанышуу иштерин жүргүзөбүз.
Учурда канча адам ооруканада дарыланып атат?
— Ушу тапта 150-160 оорулуу жатат. Биздин бөлүмдө жыйырмадан ашык адам дарыланууда. Буюрса, анализ тапшыргандан кийин көбү үйүнө чыгарылат. Оор абалда келгендеринин себеби – буга чейин чүчкүрүп же жөтөлүп калса өз алдынча үй шартында дарыланып ооруну өрчүтүп ийген. Качан гана дем алуусу оорлоп өз алдынча эч нерсе кыла албай калганда ооруканага түшүп атышат. Айрымдарын жасалма дем алдыруучу аппаратка салып абалын жакшыртып атабыз, кээ бири тамчылатма дарынын күчү менен айыгып кетип атат.
Оорулууларга психологиялык жардам да керектир?
— Башында таажы вирусуна кабылганын укканда “болду, өлөт экенмин” деп ойлонуп, коркуп кан басымы көтөрүлүп кеткен учурлары болду. Өздөрүн таштап салып атышты. Бир оорулуу менен 1,5-2 саат сүйлөшүп, бул дартты жеңсе болорун түшүндүрүп атып кырдаалды жөнгө салып атабыз. Бул жерде бир үй-бүлөдөн 3-4 адам ооруп жатып калышты. Көбү туугандарына ооруп атканын ачык айтпай “карантинге алындык” деп коюшат экен. Адамдар ар кандай да, вирус менен ооруганын укса кандай кабыл алышат деп чочулашат.
Айыгып чыккандардын кубанычына чек жоктур?
— Ооба, кылдат анализ алып, толугу менен айыкканына жүз пайыз көзүбүз жеткенде гана чыгарабыз. Абдан сүйүнүшөт. Ооруканага кийип келген кийимдерин 180 градус ысыкка тазалап, дезинфекция кылып туруп беребиз. Тилекке каршы, бул оору менен ооруган адам экинчи оорубайт деп кепилдик бере албайбыз. Аба аркылуу жугуп аткан соң кайра вируска кабылып калуусу мүмкүн. Андыктан бардык эрежелерди кылдат сактоо керек.
Дарыланып аткандарга туугандары келе алабы?
— Мисалы, өзүнө керектүү буюмду же каалаган тамагын ичкиси келсе телефон чалып алдырта алат. Аны оорукананын сыртында жайгашкан постко таштап кетет. Биздин адамдар ал сумканы дезинфекциядан өткөрүп, бөлүмдүн алдына алып барып беришет. Ал эми палатанын ичинде жашоосу кадимкидей эле, интернеттен жаңылыктарды угуп, туугандары менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп турушат.
Күндө оорулууларды кабыл алып, алар менен тыгыз байланышта жүрүү коркунуч жаратабы?
— Албетте. Кытайдан бул вирус чыкканда эле санитардан баштап доктурларга чейин униформаны кийип- чечүүнүн жолдорун үйрөнгөнбүз. Анализ алуунун жолдорун дагы өздөштүргөнбүз. Декабрь айында үйрөнүп баштадык эле, үч айдан кийин тилекке каршы практика жүзүндө колдонуп баштадык. Бул ооруга даяр элек. Ооруканада антисептик, костюмдарды буга чейин даярдап коюшкан. Биринчи оорулуу түшкөндөн баштап аракеттерди көрдүк. Униформаны таза зонадан кийип аткандыктан көп кооптонуу жаратпайт. Бирок оорулуулардан чыккандан кийин чечүүдө өтө кылдат болуу керек. Чечинүүдө денеңе костюмду тийгизип алсаң да оору жугузуп алууң мүмкүн. Айтор, ар бир күнүбүз тобокелчилик менен өтүүдө. Жашообуз бычактын мизинде десек болот. Кудайга шүгүр, буга чейин биздин ооруканадан вирус бир да дарыгерден катталган жок. Катталбай эле койсо экен деп күндө тиленип атабыз.
Кийилген униформа кандай жол менен жок кылынат?
— Униформа бир гана жолу кийгенге жарайт. 6 сааттан кийин жуунуучу аймакка кирип эрежеси менен чечип, хлорго бир саат чылайбыз. Ар бир кат униформа өз өзүнчө чыланып, андан кийин кескиленип жок кылынат.
Бишкекте ооругандардын саны көбөйүп атканы кооптондуруп атабы?
— Шаар боюнча азыр биздин эле оорукана кабыл алып атат да. Кокус вирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп кетсе кошумча госпиталдар кабыл алып баштайт болуш керек.
24 саат бою ооруканада жүрүү, үй-бүлөдөн алыста болуу оор болсо керек?
— Өмүрүңдү тобокелге салып жакындарыңдан алыста жүрүү абдан оор экен. Эки айга чукулдап калды, бул оору дагы канчага созулат, белгисиз. Таза аймакка чыгып өзүбүзгө келгенден кийин кеминде үч саат телефондон балдарыбыз менен сүйлөшөбүз. Менин уулум 13 жашта, чалсаң “апа, качан келесиз?” дегенден башканы айтпайт. Тажап араң эле жүрөт. Түшүндүрүп айтсаң көзү жашылданып тим болот. Ата-энем “күнү-түнү сага сарсанаабыз, көрсөк болот эле” дешет. Бул жакта жаш балдары бар кесиптештерим бар. Алар да балдарынын сагынып аткандарын айтып атышат. Бир жагынан үй-бүлөңөн алыс болуп, экинчи жагынан оорулуулардын маанайын көрүп психологиялык жактан кыйналат экенсиң.
Буюрса бул күндөр өтүп, үйгө барууга мүмкүнчүлүк болгондо биринчи кезекте эмне кыласыз?
— Жакындарыма жетем. Баламдын, ата-энемдин жанынан чыкпайм (жашып). Уулум эмне кааласа ошону аткарам.
Тилекке каршы бул ооруну көбү тоготпой көчөдө эркин жүрүшөт. Аларга эмне демекчисиз?
— Эл ооруну олуттуу кабыл албай атат. Кээ бири “акча жасап атышат” дешүүдө. Кайдагы акча? Бизге 24 саат бою өмүрдү тобокелге салып жүрүү кызыкпы? Интернеттен видеолорду көрсөң бет кабы жок же бет кап менен оозун жаап, мурдун ачып алып жүрүшөт. “Биз бул жакта жан алакетке түшүп мээнет кылып атсак, булардын тоготпой жүргөндөрүн карасаң” деп жинибиз келет. Эртеси ошо бет капты туура эмес тагынып же тагынбай жүргөн адамга вирус жукпайт деп ким кепилдик берет? Туугандарыма, тааныштарыма “эшикке чыкпагыла, гигиена эрежелерин сактагыла” деп күндө айткандан тажабайм. Балама кечке айта берип мээсине сиңип калган окшойт, күндө эшиктин туткаларын бир нече жолу сүртүп чыгат экен. Карапайым элге да ушул эле сөздү айтам, үйдөн чыкпай гигиена эрежелерин кылдат сактагыла! Үйдө отурсаңар оорунун тарабашын алдын алып бизге чоң жардам кылган болоор элеңер!
Маегиңизге рахмат!
Анара Дүйшөналиева